ТАЛАСТА ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ СПОРТ ЗАЛДАР КУРУЛУУДА

Манас районундагы Кеңеш, Жийде жана Чоң-Капка айылдарында заманбап үлгүдөгү спорт залдар курулууда. Буга чейин аталган айылдарда жаштардын ден соолугун чыңдай турган бир дагы спорт залы болгон эмес. Айыл тургундарынын айтымында, мындай саамалык бош жүргөн жаштардын жаман жолго түшпөй, күч-кубатын пайдалуу нерселерге жумшоого өбөлгө болот. Эгерде грант жана жергиликтүү калк тарабынан чогултулган каражаттар өз убагында берилип турса, быйылкы жылы бул залдар толугу менен пайдаланууга берилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан