КАЙСЫ ӨЛКӨ КАНДАЙ КИНО ТАРТАТ?

Жылуу үйдө чалкалап жатып алып, сыналгынын бет маңдайында пультту басып коюп тасмадан тасманы тандап көргөнгө не жетсин. Албетте, айымдар сериалдарга жакын, анан да ыйлаткан, кошо кайгысын тарттырган драма, мелодрамаларды жактырышса, мырзалар боевик фильмдерди тандашат. Эгер сиз да кино сүйүүчүлөрдүн катарын толуктасаңыз, анда кайсы өлкө кайсы маселени көбүрөөк козгооруна саресеп салып көргөн чыгарсыз.

УРУУЛАРДЫН ТИРЕШИН ЧАГЫЛДЫРГАН ТҮРК ТАСМАЛАРЫ
Алгач кепти учурда эл арасында кызыгууну жаратып турган түрк тасмаларынан баштасак. Түрк сериалдарынын жок эле дегенде бирин көргөндүрсүз. Анда сиз дагы түрктөр тасмаларында сүйүү, бизнес, алдамчылык, салт-санаадан тышкары урууларга бөлүнүп урушуу, кек алуу маселесине көп маани беришерин байкасаңыз керек. «Сүйүү жана жаза» сериалындагы Морандар менен тирешчү Саваш Балдар деген ысым эсиңиздеби? Азыркы тапта көрүп жаткан «Сыла. Үйгө кайтуу» тасмасындагы уруу башы Боран да буга далил боло алат. Андан тышкары уруу маселесин «Күнөөсүз күнөөлүү», «Өмүрдүн баркы», "Пахта талаасынын ханбийкеси" жана башка сериалдардан жолуктура алабыз.

КЕЛИН МЕНЕН КАЙНЕНЕ МАСЕЛЕСИ ӨЗБЕК ТАСМАЛАРЫНДА
Кошуна өзбек эли тарткан тасмаларга да биздикилер кайдигер эмес. Келин менен кайнененин маселеси бул өлкөдө жаралган толук метраждуу тасмаларда абдан көп чагылдырылат. Чыныгы келин кандай болуш керек да, чыныгы кайнене кандай болушу керек? Бул суроого жоопту бир өзбек тасмасынан көрөбүз. Албетте, алгач эле «Супер келинчек» фильми эске түшөт. Эрке кыз каардуу кайнененин колуна түшүп, супер келинге айланат. Аталган маселе «Супер кайнене», «Келгин келин», «Бакыттын үйү» жана башка тасмаларында да кездешет. Баса, бай-кедей, кедейлерди кемсинтүү да бул өлкө тарткан тасмалардын дээрлик көпчүлүгүндө байкалат.

ЫР-БИЙСИЗ КИНО – ИНДИЯ КИНОСУ ЭМЕС
Индия киносу дегенде эле сүйүшкөндөр токой-чер аралап тоголонуп бийлеп-ырдаган каармандар көз алдыбызга тартылат. Анан да колу тийип-тие электе жыгылып түшкөн же уруш баштала электе муштумдун кандай катуу тийгенин даңазалаган үндүн коштолуп туруусу – индия киносунун белгилери.

МАС БОЛУП, СҮЙҮКТҮҮСҮНӨ КӨТӨРТҮП АЛГАН КОРЕЙ КЫЗДАРЫ
Корей сериалдарынын толкуну каптап, «Мыкты жигиттер» сериалындагы Гу Чжун Пёнун образын кыргыз жигиттеринин көпчүлүгүнөн көрүп келатабыз. Бул корей сериалдарынын таасири эмей эмне? Демек, аталган өлкөнүн тасмаларын кызыгуу менен сындан өткөрүп келебиз. Биз сөз кылып жаткан корей тасмаларында өздөрүнө гана тиешелүү эмнелерди байкадыңыз? Сүйүү, урушуу, таарынуу, жаанда калуу – баналдуу көрүнүштөр. Бирок кайсы гана тасма болбосун, сөзсүз башкы ролдогу кыздар капа болгондо мас болуп, аны жигиттери аркасына көтөрүп кетүүсүн корей сериалдарынан башка тасмалардан көрүү чанда кездешет. Жок эле дегенде кыздар жыгылып бутун кайрып, жигиттерин көтөрүүгө аргасыз кылышат. Мындай кадрларды «Сарай бермети», «Мыкты жигиттер», «Куттуу үй», «Тагдыр оюну», «Сен үчүн гүлдөп турам» жана башка көптөгөн сериалдардан жолуктурууга болот.

КЫРГЫЗДАРДЫН «ФИШКАСЫ» – АЛА КАЧУУ МЕНЕН ТОЙДОГУ ЧЫР
Кыргыз киноиндустриясы азыр өнүгүп жаткан учур. Биз да өзүбүздүн турмуштук көйгөйлөрүбүздү кинотасмаларда чагылдырып келебиз. Мындан бир аз жылдар мурун көпчүлүк тасмалар аракечтик менен ойноштукту, кыз ала качуу менен тойлордогу чырды чагылдырып келген болсо, акыркы кездери чет өлкөдөгү жашоо, криминал, чоң суммадагы акча, алдамчылык маселелери көп көтөрүлчү болду. Ооба, сүйүү, намыс, эл-жерди даңазалаган тасмалар да жок эмес. Анан да эмнегедир элдик ырларды мас болгондо созуп калмай кадрларды көп кездештиребиз.

СОГУШТУ, НААДАНДЫКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ГОЛЛИВУД ТАСМАЛАРЫ
Дээрлик баары деп айтуу кыйын. Жөн гана боорукерликти, чоң сүйүүнү, адамгерчиликти даңазалаган тасмалар деле арбын. Бирок көпчүлүк Голливуд тасмаларында уурдап-тоноо, уруп-сабоо, коркутуу, атышуу, киши өлтүрүү маселелери көп козголот эмеспи. Анан да глобалдык маселелерден, апокалипсистен дүйнөнү дайыма америкалыктар сактап калат. Көзу ачыктык кылып келечектеги кыйроону тартканды жакшы көрүшөт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
maksimus
2013-02-25 21:41:45
Корейлердики туптуура. бАШКАЛАРЫ да бардыр. Бирок корейлердин котортуп алгандары тан калдырат. кееде жинди келтирет
-1
nokiabek
2013-02-26 15:02:17
men silerge bir Indianyn tasmasyn tartuulaim, al jerde janagyndai dush dysh dush dysh degen sogush jok, togolonup yrdagan nerse dele jok, en en en en en ele sonun kino eken, juzaarchy alyp algyla janynarga , anan korgulo. kinonun aty "Barfi" 2012, maga rahmat aitasynar, eske salchu nerse - tuwunuu menen jana uzboi korgulo// priyatnyh posmotrov))))
0
aiza11.3
2013-02-26 23:21:29
анан? )))
0
nokiabek
2013-02-27 00:04:30
aiza11.3, emne anan, korson kyzyk!
0
altinim
2013-02-27 14:08:33
оа илгери дууш душ копле жими жимиде азыр кичине болсо да заманга адамдардын кругозоруна карап тартып калышты окшойт мерим индиялар
0
Nur_meerim
2013-02-27 15:46:26
Которгонду уйронуп алгыла, жигиттер корейлерден! Бул да болсо камкордук. Суйуунорго жол ачылат. Же суйууктуунузду которгунуз келбейби?
+1
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан