Жакында гана www.super.kg порталында Бегиш менен Көчө акынын коркуткан өңүттөгү ыр жүктөлдү. Анда өзүн таластык Маля МС деп атаган жигит рэп ырдоодо. Ал Баястан менен Бегишке "жигиттерди койдой мууздап салам, териңди тескери сыйрыйм" деген сыяктуу сөздөрдү айтып чакырык таштаган. "Жөн эле койсо катуу кеттиң, өзүңдү кайра-кайра мактап, болбогон, жарабаган атыңды чечмелеп, улам-улам кайра-кайра жактап... Көчөдө жүргөн Көчө акыны, сага окшоп эч качан окубайм, акыл-эси ордунда болсо, акын мага жолукпайт... Бегишбек, досум, эмне болду, сөздөр, саптар түгөндүбү? Же кайталап-кайталап окуганды Бегишбек жетим үйрөндүбү? Бегиш, мени тааныбасаң, башыңа чок менен жазып кой. Болбосо кекиртектен алып мууздап салам койдой..."
Мына ушундай сөздөр, достор. "Дарегиңерге айтылган мындай катуу сөздөр силерге кандай таасир тийгизди?" деп Баястанга кайрылганыбызда ал: «Бул эми ичи күйгөн кичинекей «молодняктардын» чыгарганы. Эгер рэп татыктуу чыкса, жооп бермекпиз. А бирок алардын деңгээлине чейин түшпөйбүз. Бир күн эмес, бир күнү жолугуп калабыз да баары бир... Биз деген олуттуу рэпербиз, жөн эле чыккан ырларга жооп катары ырдабайбыз»,- деп жооп берди.