Маданият жана туризм министрлиги тарабынан ырчы Иса Өмүркулов 15-марттан 30уна чейин Түркияда өтүүчү Нооруз майрамына карата уюштурулган Эл аралык фольклордук фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Фестиваль түрк тилдүү элдердин таланттарынын арасында өтөт. Иса аталган фестивалда ырдоо үчүн «Жаштарга», «Жалжалым» аттуу эски ырлар менен катар «Кыргызстан» деген патриоттук чыгармасын даярдап, өлкөбүздүн желегин желбиретүү үчүн катуу даярдык көрүүдө. Ырчы жигит менен кошо «Байчечекей» фольклордук-этнографиялык ансамбли фестивалдын коногу болушмакчы. Жеңил барып, оор келгиле, жердештер!