Биз маек кылчу бул мырза 2000-жылдары "Боз торгоюм", "Ооруп турат жүрөгүм", "Дил кайрык" деген популярдуу ырлары менен ошол кездин Киркоровуна айланган эле. Кезинде кыздарга арнап ыр жазып, билектерин балыктай туйлаткан ырчы Айбек Карымовдун чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүнө быйыл 20 жылдын жүзү болуптур.
– Саламатсызбы, Айбек мырза? Акыркы жылдары Гүланда экөөңүздөрдүн аткарууңардагы дуэт ырларды укпай калдык?
-Саламатчылык. Дуэт эмес, азыр жалгыздан ырдаганга да убакыт жок. Туура айтасың, акыркы жылдары бизнес менен алектенип кеткениме байланыштуу чыгармачылыгым бир аз солгундап турат. Мурункудай тез-тезден ыр жазбай калдым. Бирок ырчы болгондон кийин сахнаны таштай албайсың, баары бир кайтып келесиң да.
– Жашыруун болбосо, эмне бизнес менен алектенесиз?
-Биздин «Бейне» деп аталган медиа-борбор, курулуш компания жана фильмдерди тартуучу студиябыз бар. Азыркы тартылып жаткан кинолордун көпчүлүгү биздин студиянын техникалык жабдыктарын колдонушат. Ал эми медиа-борборубуз көбүнчө чет өлкөлүк кардарлар менен иштешет.
– Өзүңүз да бир нече тасмага продюсерлик кылып калган жайыңыз бар эле...
-Ооба, «Эгиздер тагдыры-1, 2», «Шайтан араба», «Анар жолу», «Жашынмак» жана башка бир топ тасмаларды каржылап, продюсерлик кылдым. Алдыңкы 2-3 жылда өзүмдү режиссёр катары да сынап көрсөмбү деген максаттарым бар.
– «Анар жолу» тасмасы сиздин өмүр таржымалыңыздан алынганы чынбы?
-Ал тасманын сюжети менин тагдырыма окшоштугу бар, бирок толугу менен менин жашоомдон алынган эмес. Ушул тасма мен продюсерлик кылган эң ийгиликсиз эмгектердин бири болду. Көп чыгымга дуушар кылып, бирок аны актабай калды.
– Сиздей ар тараптуу адам кандай үй-бүлөдө чоңойду экен?
-Чабандын үй-бүлөсүндө туулгам. Ак койдун артынан сая түшүп кой кайтарып, жылкы айдап, бээ саап кыштоодон жайлоого, жайлоодон кыштоого көчкөн чыныгы кыргыздын нукура көчмөн үй-бүлөсүндө чоңойгом. Өзүм чоң ата-чоң энемдин колунда өсүп, чоң энемдин жомокторуна сугарылып тарбияландым. Чоң энем баштан өткөн окуяларын айтып бергенде неберелери отуруп алып ушунчалык таасирленгенден көзүбүзгө жаш алып ыйлачубуз. «Болор бала богунан» дейт эмеспи, мен 6 жашымда эле комуз черткенди үйрөнүп алып, мектепке барганда кадимкидей комузда кол ойнотчумун. Окуучу кезде мектептин жылдызы болдум.
– Ал эми студент кездечи?
-Менин артист болушума атам караманча каршы эле. «Артист болбойсуң, ашпозчу болосуң. Ашпозчу болсоң ачка калбайсың, ашканадагы ашкан тамактарды үйгө алып келсең, балдарың да ачка калбайт» дечү. Мен Таш-Көмүр шаарындагы Политехникалык окуу жайга атайын эле өтпөй калып, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырдым. Жайкы каникулда бизди чөп чапканга, жүзүм тергенге жиберсе, беш-алты бала чогулуп айылды кыдырып концерт коюп кетчүбүз. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын искусство факультетине тапшырып калдым. Бир эмес, эки музыкалык билимим бар, бирок ушул деле мага жетишсиздей сезиле берет.
– Сиздин өкүл атаңыз генерал Молдомуса Конгантиев экенин билебиз. Өзүңүз да аскер адамысыз...
-Ооба, мен өзүм аскер адамымын, мектепти аяктаарым менен Чехословакияга аскер кызматымды өтөгөнү кеткем. Азыркыга чейин чек ара кызматынын алдындагы ансамблдин мүчөсү болуп келем. Кокус өлкөдө бир нерсе болуп кетчү болсо, биринчилерден болуп ырдаган бойдон кете тургандарданмын. Ал эми Конгантиев менен Гүландага үйлөнгөнгө чейин эле Жалал-Абадда жүргөндө бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Уулумдун атын да ушул адамдай эркек, генерал болсун деп анын ысымынан койгонмун. Мындай адамдар бир кылымда бир эле жолу жаралат. Мен бул кишини патриот, эли-жери үчүн келтек жесе да качып кетпей туруп берген эркек катары билем. Аны бүт милиция, кыргыз эли сыйлайт.
– Өзүңүздүн саясатка аралашайын деген оюңуз жокпу?
-Менин чечендик жайым бар, азыркы айрым тантыраган депутаттарга караганда жакшы сүйлөйм. Саясатка кызыгам, бирок бизде учурда саясат туруксуз, бүгүнкү эле жакшы адамдын эртең бетине көө сүйкөлүп калышы мүмкүн.
– Гүландага үйлөнгөнүңүздө туш тараптан айтылган сындар сиздердин үй-бүлөнүн ынтымагына залакасын тийгизген жокпу?
-Тийгизген жок. Мен өзүмдүн принциптерим менен, өзүм каалагандай жашайм. Сындардын жакшысын кабыл алам, калгандары кулак сыртынан «шуу» деген бойдон учуп кетет. Ушак айтпасам, уурулук кылбасам, адам өлтүрбөсөм, бирөөнүн эмгегин жебесем болду, калган жакшылыктардын баары мага буюрсун.
– Жубайыңыз ырдаганга уруксат бересизби же балдар менен үйдө отуруп калабы?
-Чыгармачылыгын улантып кетишине бөгөт койбойм, албетте. Мына төрөгөнгө чейин 8-9 айында ичи челкейип ыр жаздырып, төрөгөндөн бир айдан кийин тойлорго барып ырдап жүрдү (күлүп), ага эч кандай каршылыгым жок.
– Мурунку никеңиздеги балдарыңыз менен азыркы балдарыңызды катташтырасызбы?
-Алар эмнеси болсо да бир тууган, катташкан күн да келет. Бирок азыр балдарым кичинекей, андайды али түшүнүшө элек.
– Апаңыз менен бир жылдары араздашып жүрдүңүз эле, азыр мамилеңиздер жакшыбы?
-Менин апам жок. Мен чоң апамдын колунда өскөм. Ошол чоң апам атамдын учурдагы жубайына «Айбекти сага тапшырдым, сени Кудайга тапшырдым» деп кеткен. Мен ошол эле апамды билем.
– Сахнада жүргөнүңүзгө 20 жыл толуптур. Мындан ары сизден кандай өсүүлөрдү күтсө болот?
-Сахнада 20 жыл иштеп, Айбек Карымов деген брендди түптөдүм. Мындан ары мени Майкл Жексон же Филипп Киркоров кыла алышпайт. Мени сөз кылбай коюшса деле күйөрмандарым издеп табат, ырларымды радиодон угушпаса, дисктен угат дегендей. Мага мындан артык нерсенин кереги деле жоктой.
– Учурда боло турчу концертиңизге катуу даярданып жатыпсыз...
-Ооба, 22-23-февралда Улуттук филармонияда жеке концертимди берип жатам. Концерт 4 бөлүктөн туруп, анда мен тууралуу тартылган «Обондуу жашоо» деген даректүү тасма көрсөтүлөт. Концертте 100 пайыз менин чыгармаларымды аттуу-баштуу ырчылар аткарышат. Өзүм эки-үч ыр ырдап коюп эле, 20 жылда эмнени кыйраттым экен деп сахнада көрүүчү болуп отурам.
– Анда концертиңизди ийгиликтүү өткөрүп алыңыз. Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg