ОТ АСТЫНДА КАЛГАН ӨСПҮРҮМДӨР

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук органдары тууралуу» мыйзамда жашы жете элек балдарга ок атууга тыюу салынганы кашкайып жазылып турат. Бирок 7-апрель окуясында Ак үйдүн жанында 14 өспүрүм жабыркап, 3 бала каза болуп, 11и жарадар болгон. Бул күнү элди атууга буйрук бергендердин эч бири жогоруда айтылган мыйзам тууралуу башын оорутушпаса керек.

16 жаштагы мектеп окуучусу Күмөндөр Кылычбек уулу достору менен саат бирлерде, кагылышуу эми башталганда аянтка барган. Достору кетип калышкан, ал болсо элге кошулуп октон жаракат алгандарга жардам берген. Анын колунда эч кандай курал болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. Кечке маал «Илбирс» жакка митингчилер УКМКнын имаратынан алып чыгып кеткен бронетранспортёр келип, бирок жүрбөй өчүп калган. Митингчилер аны жүргүзүүгө аракеттенип жатышкан. Бул окуяны Күмөндөр Кылычбек уулу мындайча эскерет:
«Мен «Илбирстин» чоң устундарынын жанында, бронетранспортёрдон көп алыс эмес жерде тургам. Бир убакта катуу чыккан үндөн кулагым тунуп калды. Бир нерсе жарк деп, тарс эткен дабыш угулду. Адегенде эмне болгонун түшүнгөн жокмун. Анан карасам эле бутумдан кан агып жатат. Жанымда турган байкелер көтөрүп, Киев көчөсү тарапка алып чыгышты, ал жакта «Тез жардам» туруптур. Машина оор жарадарларга жык толуп, орун жок экен. Анан байкелер өтүп бараткан машинаны токтотуп, мени салып Республикалык ооруканага алып келишти. Телефонум да жок болчу, апам 3 күн менин каякта экенимди билбептир. Кийинчерээк ооруканада жатканымды бирөөлөр телевизордон көрүп айтышыптыр».
Бул жигиттин айтымында, эми анын апасы араң тирүү калган баласы көчөгө чыккан сайын тынчсызданат.
Жабыркоочулардын актоочусу Эркингүл Шаршенбекованын айтымында, 7-апрель окуясы боюнча кылмыш ишинде өспүрүм бала белине гранатомёттун сыныктарынан жаракат алганы тууралуу экспертизанын жыйынтыгы тиркелген. Кийин белгилүү болгондой, Ак үйдү кайтаргандар аянтка толгон элге гранатомёттун сыныктарын жаадырып, аларга тийгиче төрт жолу атышкан экен. Кызык, толтура эл курчап алган машинага каршы РПГ колдонууга буйрук берип жаткан адам эмнени ойлонду экен? Балким, бул сурообузга жоопту болуп жаткан сот процессинен алып каларбыз.
«Ак үйдүн жанындагы кан төгүү боюнча кимдир бирөө жооп бериши керекпи?» деген журналисттердин суроосуна өспүрүм мындайча жооп берди: «Катардагы аткаруучуларды жоопко тартуу туура болобу билбейм, бирок атууга буйрук бергендер, көзгө атарлар, менимче, жооп бериши керек».
Азыр Күмөндөр Кылычбек уулу жараатынан айыгып, тигүү цехинде эмгектенип жатат. Жогорку билим алсам деген тилеги бар. Дагы бактысы бар экен, тирүү калып, ушундай пландарды түзүп отурат. Бирок ал күнү жолу болбой калгандар да болгон.
Жаңыдан эле мектепти аяктап, «Консул» ресторанында официант болуп иштеп жаткан Үсөн уулу Дастан Тарых музейинин тепкичтеринде турган жеринен окко учкан. Белгилүү себептерден улам ал күнү ресторан эрте жабылып, күндөгүдөй эле үйүнө бараткан. Аянтка жакындабаш керектиги оюна да келбептир. Тилекке каршы, иликтөө жүргүзгөн журналисттер аны жакындан билген адамдар менен баарлаша алган эмес. «Консулда» иштегендердин курамы өзгөрүп, ал эми Дастандын атасы чет өлкөдө экени белгилүү болду.
Журналисттер Новопокровкадан келген өспүрүм Илья Шияндын жакындарын, кала берсе анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн көргөндөрдү да табышкан. Чоң энеси Лидия Сологубова Ильяга апа ордуна апа болчу. Каргашалуу ошол күнү небереси экөө институтка тапшыруу тууралуу арыз жазып келишкен.
«Ильюшенька аябай акылдуу болчу, компьютерде жакшы иштегендиктен, өзүнө акча да тапчу. Турмушта татыктуу ордун тапмак… Биз жетип, институтун көрдүк. Анан «сен бара бер, мен нан сатып алып артыңдан барам» деп мени кетирип жиберди. Көрсө, аянтка барган экен да»,- деп Лидия Дмитриевна көз жашын алигиге чейин тыя албай келет.
Окуянын күбөлөрү «адам качан гана өзүнө ок тиймейинче аны өлтүрүп коюшарына же жарадар кылышарына ишенбейт экен» дешет. Окуя кинодогудай эле болуп өттү. Эч нерсени көрө элек жаш балдар үчүн алардын кызыгуу сезими коркуу сезимин жеңип кеткен. Чынында, Шияндын ордунда ар бирибиздин балабыз болуп калышы ыктымал эле. Алардын коопсуздугу тууралуу чоңдор, укук коргоо органдары ойлонушу керек болчу. Бирок алар коргоого алынган имараттын айланасында эркектер гана эмес, аялдар, жашы жете элек өспүрүм балдар да болгонун ойлоп да коюшкан эмес.
«Илья «Илбирстин» үчүнчү устунунун жанында турган. Ал Ак үй тарапка желкесин тосуп, телефонуна ошол бронетранспортёрду тартайын деп жаткан. Бир убакта жыгылып калды, ага Ак үй тараптан атылган ок келип тийди. Ошол учурда көптөр жыгыла баштады, көптөр көзгө атарлардын огунан учту. Жашы улгайып калган кишиге снайпердик винтовканын огу тийип, сөөктөрүн быркыратып кеткенин өз көзүм менен көрдүм»,- дейт журналисттерге аны менен ошол учурда чогуу болгон аталаш агасы Пётр.
Жабыркагандардын актоочусу Эркингүл Шаршенбекованын айтымында, кылмыш ишинде Илья Шиян боюнча да экспертизанын жыйынтыгы бар. Анын денесинен алынган 5,45 калибрдеги автоматтын огу төш клеткаларын тешип кирген. Ок алыскы аралыктан атылганын эксперт так белгилеген.
Лидия Сологубова окко учкан небересинин сүрөтүн дайыма жанына алып жүрөт, оюнда аны менен сүйлөшөт. «Ильюшенька тирүү болгондо менин суу түтүгүмдү оңдоп берет эле дейм. Ошол учурда каяктандыр бир жардам келип, түтүктөн суу акпай калат»,- дейт чоң эне. Анын үйү кичинекей болгону менен, иши жетишерлик. «Мен кимдир бирөөдөн өч алгым келбейт, Кудай алгысы келди да. Бирок жакын адамын жоготуудан оор нерсе жок, бул кайгы менден эч качан кетпейт»,- дейт Лидия Сологубова.

Анара Юсупова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
allan
2013-02-25 14:57:04
ошол кунду эстегенде ыйлап жаткан энелерди элестете берем...
0
aizish
2013-02-26 10:16:28
А мен ошол кунду эстегенде азыркы бийликке жек коруум кучойт.
0
Zverchik
2013-02-26 17:35:45
бийликтегилер элдин умутун акташкан жок
0
zarifa_love
2013-02-26 21:50:58
бийликтегилерге только байлык керек.кыргызстанда дайыма уруш митинг десе башыбыз жерге кире турган болду.уялыш керек жогоркуда отургандар бийлик талашкандан.элдер уялыш керек аял башы мн кочого кыйкырып чыккандан.кыргызстандын уройун учуруп жиберишти элдер.заман эмес адамдар ото бузулду.чын эле акыр заман келип калды окшойт .белгилери ото жакын билинуудо
0
wwwww
2013-02-27 15:03:37
Аллахым озу жетиштуу болсун акмактарга
0
Nurtilek82
2013-02-27 21:59:08
Ушу бийлик талашкандарды 1ме 1 коюп уруштуруш керек олумго чейин ошондо карапайым элдин кадыр баркына жетишет.
0
TolonturCN
2013-02-28 10:25:23
Эж арман! ушул көңтөрүштүн натыйжасы жакшы болбой, курман болгондордун шору болуп кала берди, бийлик болсо эч тазаланбай, чалчык, балчыгын кечип келе жатат. көмүскө катылган саясаттарга булганып.
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан