Эркек менен аял бир коломтодон түтүн булатып келсе да, бири-бирин сындаганын койбойт. Замандын өзгөрүүсүнөн уламбы, акыркы учурларда эркектерге болгон айымдардын нааразычылыгы күч алууда. Чынында, айымдар кандай мырзаны идеал тутушат? Сурамжылоонун негизинде сурообузга жооп издедик.
БОЮ УЗУН, КЕҢ ДАЛЫЛУУ
Эмнегедир кыздардын баары эле кең далылуу, узун бойлуу мырзалар жөнүндө кеп кылышты. Биринен да «мага жапалдаш жигиттер жагат» деген жооп уга албадым. Албетте, кең далыда көшүлүп жаткан ар бир айымга эле жагат деңизчи. Бирок кыргызда «чырайын чылап ичесиңби?» деген накыл кеп бар. Дене мүчөсү келишкен, бирок үй-бүлөлүк жашоого туруксуз жигиттен жан дүйнөсү таза, сизди эч кимге алмаштырбаган жапалдаш мырза артык эмеспи...
КОЛУ АЧЫК, ТАМАШАКӨЙ
Майрамдарда аялына күтүлбөгөн белек даярдоону билген, үй-бүлөсүнө таандык бардык даталуу күндөрдү эсинен чыгарбаган, маал-маалы менен кафеде же ресторанда романтикалык кече уюштуруп турган мырза – идеалдуу, айымдардын айтуусунда. Мындан сырткары отуруштарда эл менен чогуу бийлеп, ырдап-чоордоп, тамашалашып отурган жигиттерди да баалашат экен. Кыздар, моюнга алышыбыз керек, кээде мырзабыздын бирөө менен тамашалашып же бийлеп жатканын көргөндө ичибизде ит өлүп, тултуюп калмайыбыз бар.
ТАЗА, ТЫКАН
Айымдар таза, тыкан, жарашыктуу кийинген, сылаңкороз мырзаларга оой турганын билдиришти. Чынында, кимдин эле тамеки, ичкилик, тер жыттанган эркектин жанында жүргүсү келсин?!
СЫЛЫК-СЫПАА
Айымдар «ичпеген, чекпеген, керектүү жерден жол берип, орун бошотуп же болбосо эшик ачып сылык-сыпаа мамиле жасаган эркектерди көбүрөөк баалап, сыйлайбыз. Мындай эркектерге «даңк!» дегенден башка сөзүбүз жок» дешет бир ооздон. Андай болсо, эркектик күчкө салып жөөлөп өтүп, сөгүп, кол көтөргөндөргө эмне дейбиз?
ЧАРБАЧЫЛ, АЯЛЫНА ЖАРДАМЧЫ
Аялзатынын кыялында идеалдуу эркек ашканадагы бычактардын мокоп калышына жол бербей, маал-маалы менен курчутуп турат. Аялы бир нерсе жасап жатканда телевизор көрүп отуруп албай, «кел, кемпир, жардамдашайын» деп кобурашып кол кабыш кылуудан качпайт. Жумуштан келгенде аялын өөп, күнү кандай өткөнүн, кандай жаңылыктары бар экенин сурайт. Балдарынын сабагын карашат, алар менен чогуу ойнойт, спорт менен машыктырат. Мүмкүн болушунча аялы менен бир маалда уктайт.
УБАДАГА БЕК
Мырзаларга алданган айымдар көп окшойт арабызда. Анткени «убадага бек мырза – идеалдуу» дегендер көп болду. Ал тургай эркектердин убада берүүсүнүн эки мезгилин бөлүп коюшуптур. Үйлөнгөнгө чейин, үйлөнгөндөн кийинки дешип. «Үйлөнгөнгө чейинки убадалары эми укмуш, жомоктогудай, айтпасак да белгилүү. Үйлөнгөндөн кийинки убадалар дал турмуштун өзүндөй, ачуу-таттуу» деп кеп салышты.
ИШЕНИЧТҮҮ, АЛА ЖИПТИ АТТАБАГАН
Ооба, аялзаты ишеничтүү, көзгө чөп салбаган, жумушта кармалып жатса телефон чалып, алдын ала айтып койгон эркектерди идеалдуу деп эсептешет. Бирок калп айткан менен болобу, кандай эркек болбосун, сулуулукту баалайт. Айрыкча ичке «жинди суу» киргенде. Андайда «бул менин «вкусумдагы» кыз эмес» дегенди унутуп, кылыктуу кыялга, шыңк эткен күлкүгө арбалып, башы тумандап, дароо «бойдокмун, жүрөгүм бош» деп чыгышат. Буга элибизде айтылып жүргөн «эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок» деген сөз далил боло алат.
ЭР ЖҮРӨК, КҮЧТҮҮ
Кудай мунун бетин ары кылсын, капыстан согуш башталчу болсо, «Манас атанын урпактары, алга!» деген ураан менен алдыга чыкчу жигиттерибиз четтен чыгат. Албетте, атасы военкомго акча берип же жарым жолдон өзү качып, айласы кеткенде чет өлкөгө өтүп кетпегендерди кошпогондо.
КӨП ИШТЕП, КӨП ТАБАТ
Идеалдуу мырза аз эс алат, көп иштейт. Бул айымдардын эркектерге койгон талабы. Аялзатынын биринчи парзы – эне болуп, бала төрөш болсо, эркектики – үй-бүлөсүн эч кимдин көзүн карабагыдай кылып багып кетүү. Эркек ошонусу менен эркек. Акча таппаган эркек – эркек эмес…
Чын чынына келгенде, ааламда эркек болбосо аялдар сулууланбай, кооз жасалга тагынбай коймокпуз. Шыңгыр күлкү, таттуу сөз, жагымдуу кылык аялзатында жашабай калмак. Баарынан да дил серпкен ырлар жазылмак эмес. Анткени жоктон барды, коркоктон баатырды, өңү сууктан сулууну, байкуштан кайраттууну жараткан керемет сезим – сүйүү жашамак эмес. Ошон үчүн эркек жаралган, ошон үчүн аял жаралган. Бар болгула, кыргызымдын жигиттери! Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайбыз!
Венера Камалова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ӨЗҮҢҮЗДҮ ИДЕАЛДУУ МЫРЗАМЫН ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗБИ?
Бакыт Мукул, куудул:
– Мактанчаактар гана идеалдуумун деп айтышпаса... Эми турмуш-шартка, жагдайларга жараша кемчиликтер кетип калат. Ошондуктан мен өзүмдү идеалдуулардын катарына кошо албайм.
Арслан Ибрагимов, «Тамашоунун» редактору:
– Мм... Азыр идеалдуу мырза бар бекен? Менимче, жок. Өзүм тууралуу айтсам, кемчиликтерим көп эле. Андыктан идеалдуумун деп айта албайм. Ошол кемчиликтерди жоюунун үстүндөмүн.
Азиз Мурадиллаев, актёр:
– Эми төгөрөгү төп келишкен адам жок болсо керек бул дүйнөдө. Өзүмдү идеалдуу эркекмин деп санагандан алысмын. Ар бирибиздин кемчилигибиз бар дегендей. Мен деле кемчиликтерден куру эмесмин.
Сабырбек Жумабеков, профессор:
– Билбейм, кандай адам өзүн идеалдуумун деп айта аларын. Адамдын идеалдуу же идеалдуу эместигин кылган эмгегине, жүрүм-турумуна карап, эл гана баалап, эл гана айта алат. Анткени эл – тараза, эл – сынчы эмеспи.
Керим Турапов, КРнын Эл артисти:
– Өзүн-өзү идеалдуумун деп атаган кишини өсүүсү токтоп калган адам деп билем. Алдыда мен жасай турган жакшы иштер бар. Өмүрүм өткөнчө бир нерселерди үйрөнүүгө аракеттенем.
Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
– Чыгармачылыгымды туура алып кетип жатам, үй-бүлөмө карамдуумун деп айтканым менен, башка тармактагы нерселер колумдан келе бербейт. Мисалы, машина оңдой албайм дегендей. Ошентсе да үлгүлүү болгонго аракет кылам.
Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:
– Чынында, ар бирибиз идеалдуу болгонго аракет кылабыз. Эң идеалдуу адам катары Мухаммед пайгамбарды (САВ) эсептейм. Албетте, мен да идеалдуу эркек, идеалдуу адам болууга аракет кылып келем.