«КУМТӨРДҮН» АЙЫНАН ПАРЛАМЕНТ ТАРАЙБЫ?

ПРЕМЬЕР ӨКМӨТТҮ «ТАЗАЛООДО»
Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылык кызматка киришери менен «тазалоо» иштерин баштаган эле. Буга чейинкиси депутаттардын ар бир добушу үчүн кызмат тарката бергенби, айтор, Жантөрө мырза Өкмөттүк аппараттын курамынан эл өкүлдөрдүн уул-кыздарын жумуштан алып бүтө элек. Өкмөттө «депутаттардын өкмөттө иштеген балдары менен туугандары жашыруун маалыматты ысыгында аларга жеткирип турушкан» деген шек саноолор жаралган эле. Эгерде ал маалымат кимдир бирөөнүн кызыкчылыгында болсо, анда аткаминерлерге парламенттен басым көрсөтүлүп турганы айтылат.
Министрлер кабинетинин жаңы түзүмү комитеттик жыйында талкууга алынып, анын долбоорун чоң отурумда бекитүү калды. Өзгөрүү көп эмес. «Ата Мекен» фракциясынын демилгеси менен Коопсуздук жана коргоо боюнча жаңы вице-премьерлик кызмат түзүү сунушталууда. Мындай креслонун пайда болуп жатканы жөндүүдүр, бирок бюджеттин тартыштыгында Министрлер кабинети кыскаруунун ордуна кеңейип жатканы коомчулук тарабынан кандай кабылданар экен? Ошондой эле эки министрликтин курамы өсүп-толукталат. Алар: Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Маданият, туризм жана маалыматтык саясат министрлиги.

ПАРАКОРЛОРДУН АЙЛАНГӨЧӨГҮ
Бишкектин мэри болуп турган мезгилдеги коррупциялык иштери боюнча УКМКнын СИЗОсунда отурган Нариман Түлеев ачкачылык жарыялады. Депутаттын айтымында, ал бейтапканадагы дарылануусун улантайын десе, ведомствонун кызматкерлери 50 миң доллар (2,5 миллион сомго чукул) талап кылышкан. Бул маалыматты териштирүү иштери башталып, УКМКнын СИЗОсунун начальниги Мирбек Муканбетов менен Аскердик-медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев ишинен бошотулушту. Экс-мэрге болсо «мамлекетке 100 миллион сом зыян келтирген» деген күнөө коюлган.
Эгерде президент шайлоо алдындагы сөзүнүн өтөсүнө чыгам десе, дагы далай коррупционерлер кишенделет. Капчыгы калың паракорлор акча таратып, митингдерди уюштурушу да мүмкүн.
Кайрадан велосипед ойлоп таппасак да болот. Коррупцияга каршы күрөш боюнча дүйнөлүк тажрыйбада «Сингапур керемети» өзгөчөлөнүп турат. Өлкөнү өнүктүрүүнүн башатында турган лидер Ли Куан Ю берген маектеринде: «Коррупцияны түп-тамырынан жоюу үчүн биз соттордун, жалпы эле укук коргоо орган кызматкерлеринин айлыгын бир нече эселеп жогорулатканбыз. Акырындык менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын да көтөрдүк. Курсагы ток, кийими бүтүн, үстүндө үйү турса, эмне үчүн пара алмак эле?»- деп айтат. Бүгүнкү күндө Сингапурдун полициясы же министринин айлыгындай дүйнөнүн башка өлкөсүндөгү кызматкерлер маяна албайт.

«КУМТӨР» ЧУУСУНА ЧЕКИТ КОЮЛАБЫ?
«Кумтөр» келишими, анын мамлекет үчүн төлөгөн салыгы, тийгизген пайда-зыянын иликтөө үчүн буга чейин 17 ирет комиссия түзүлүп, өлкөбүз үчүн оңгулуктуу майнап чыкпай келет. Ар бир комиссиянын иш жыйынтыгынан кийин аны жетектегендердин чөнтөгү кампайып, андан ары кыйкырбай калышары тууралуу деле коомчулукта кеп көп. Өткөн жылы 5-чакырылыштын депутаттары депутаттык комиссия түзүп, аны Садыр Жапаров жетектеди. Анын пайда-зыянын кабарлаган Садыр мырза топ баштап, «3 күндүн ичинде «Кумтөр» кенин улутташтыруу керек» деген талап коюп, 2000 кишини митингге алып чыккан.
Ага удаа депутаттар «өкмөт да комиссия түзсүн» деп демилге көтөрүшүп, аны Экономика министри Темир Сариев баштап, жыйынтыгын ушул жумада парламентке угузду.
Жыйынтык угузар алдында бул жыйынга Садыр Жапаровдун да катышуусун камсыз кылып берүү үчүн ЖКнын атынан сотко кайрылуу жиберилген. «Бул жыйынга Жапаров катышыш керек» деген бир катар талаптар болду. Ал ортодо депутат Ыргал Кадыралиева «эгер бул жыйынга Жапаровду катыштыруу мүмкүн эмес болсо, анда 120 депутат СИЗОго барып жыйын өткөрөлү» деген сунуш киргизди. Төрага Асылбек Жээнбеков «бул маселени сот чечет» деп кутулду. 
Өкмөттүк комиссиянын ишин мыкты деп баалашып, Ирина Карамушкина «Сариевди «Кумтөрдү» эң жакшы иликтеп, аягына чыгаргандыгы үчүн «Ак шумкар» ордени менен сыйлайлы» деп кесиптештерине сунуштады. «Кумтөр» маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын чыгарган корутундусун кабыл алуу сунушу ЖКда кийинки аптага жылдырылды. Эгер ал кабыл алынса, өкмөт аны 3 айда аткарарын билдирди.
Ошондой эле депутаттар Минск конвенциясына кошулган өлкөлөргө Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча ЖКнын атынан кайрылуу даярдашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nurik102
2013-02-25 13:28:15
уфффф, ушулардын баарын жок кылыш керек! анан жаны барактан баштап иштеш керек
0
Armani
2013-02-25 15:02:51
Сариев чон жегичта жегичти орден менен сыйлайбы
0
sambo
2013-02-26 07:56:43
Саясаттын сасык оюдары башталган го дагы!Жапаров мырзаны жыйынга катыштырыш керек болчу!
0
aizish
2013-02-27 07:02:04
Жапаров баарын иликтеп койгондон кийин анан эми Сариев автор болуп жатат дейимда, турмого олтургузуп коюп. Ушу Сариевде да былыктын баары бетин килтиреп ачыбаган камырдай болуп. Озу сотторда тен салмактуу карашпайбы Тулеев акча жесе жегендир бирок кылган иши да ошончо. Иш кылбай жеген чиновниктерди камашпайбы мисалы Максим Бакиевге окшогондорду. Азыркы бийлик жегендерин каяка батырып жатышты болду экен.?0:)
0
KR-777
2013-03-01 10:13:38
aizish, Жапаровду жактабай эле кой бул адам озунун карт башын сакташ учун бул Кумторду которуп чыккан, эгерде чыныг патриот жигит болсо 2009 жылы келишим кабыл алынып жатканда Ташиев экобу каршы чыкмак, эми эле Бакиевдерден бийлитки алып, элин шордон чыгарганда патриот болуп чыга калат, керек болсо булар Бакиевдин кетиргенге кол да шилтеген эмес, кайра алып келем бийликке деп элге сайраган
0
narunduk
2013-03-01 13:46:51
нурик,айзиш,армани,самбо силер деги эле кыргызстандыксынарбы? Болбосо олкодо ким-ким экенин билбейт экенсинер. Тарыхты ачып карап корсок, Ташиев, Жапаров, ошол Максим учун иштешпеди беле? 2009-жылы Келишим кабыл алганда Жапаров Комисар болуп турган. ошондо: Бул келишим туура эмес деп, ошондо ушул маселени которуп изилдеп чыкса мен аны колдойт элем. Жок, ал кечээ жакында былыктары чыгып, киевскийдеги имаратты мыйзамсыз менчиктештирип алганы билинип баштаганда ушул Кумторду которуп чыкты.
0
kuzulalay
2013-03-02 11:30:08
men Japarov taraptamun al ar dayum taasirdu suiloyt bashka tanyuraktarga Karaganda a Maksimdi eske albaganda bizge bAKIEVDEY SAYASATCHULAR KEREK al sportko madaniyatka jakshu konul burchu al jok buyul ne boldu sportchularubuz
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан