Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Иса Өмүркуловду мугалимдердин айлык акысын өз убагында бербегендиги үчүн сынга алды. «Шаардын бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэриясынын кызматкерлери айлык акысын алышы керек деп эсептейм»,- деп баса белгиленет мамлекет башчысынын тапшырмасында.
Казына берген маалыматка караганда, шаардын мугалимдерине декабрь айынын айлык акысын төлөө үстүбүздөгү жылдын 21-январына чейин созулган. Ал эми Бишкек шаарынын райондук администрациялары, мэрия айлык акыларын өз убагында толук алышкан.
Эске салсак, 2011-жылы мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системи киргизилген. Бирок өлкө башчысы белгилегендей, систем борбор шаарда дээрлик иштебей калган. Ушуга байланыштуу президент Бишкектин мэрине «шаардык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн приоритеттүү багыттарын кечиктирбестен аныктап, ага мугалимдердин айлык акысын өз убагында финансылоо маселеси киргизилсин, мугалимдердин айлык акысын төлөө маселеси жеке көзөмөлүңүзгө алынсын» деген тапшырма берди. Мэр Иса Өмүркулов март айынан тартып алгач мугалимдер менен саламаттыкты сактоо кызматкерлерине айлык акы берилип, кийин гана чиновниктер өз маянасын алышарын маалымдады.