18-февраль күнү саат 11:09да Бишкектин Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кеңсесинен өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен партиянын бардык документтери жана компьютердеги маалыматтык дисктер күйүп кеткен.
«Өрт өчүрүүчүлөр дароо эле келишти. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул зым тилкелеринен улам чыккан. Атайын бирөө да өрт коюшу мүмкүн, антсе да минтип айтууга азырынча негиз жок»,- деп кабарлады аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров. Өрт катуу болгондуктан, имаратты кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес дешүүдө.
Эгерде кеңсеге атайын өрт коюлса, эки вариант болушу ыктымал. Партиянын колуна компромат түшүп калса, аны жок кылуу максатында бийлик катышышы мүмкүн. Партия айрым маалыматтардын изин жашырып, артын тазалай баштоо үчүн өзү өрт чыгарышы да ыктымал. Мындайды Апрель окуясында Башкы прокуратуранын отко чулганганынан көрбөдүкпү...