Чаткал районунда 10 МИҢ адамга 7 дарыгер туура келерин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Кыргызстанда 150дөн ашык мектеп АВАРИЯЛЫК абалда экенин Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева айтты.
1-марттан баштап Кыргызстандын ичиндеги аба каттамдары үчүн билет баасы АРЗАНДАЙТ. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлайт.
Кыргызстан аймагында быйыл 129 КООПТУУ метеорологиялык кубулуштар болушу мүмкүн.
Былтыр Кыргызстанда 146 595 ЭНЕ көз жарган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, былтыр өлкөдө 23 323 ҮЙ КУРУЛГАН.
Бир жылда «Тез жардам» кызматы 273 унаа менен 670 000 жаранга жардам көрсөтөт.
Кыргызстандын аймагында 92 УУЛУУ заттарды сактоочу жай бар.
Учурда ID КАРТА үлгүсүндөгү паспорттун баасы 190 сомду түзөт.
Кыргызстанда 76 ПАЙЫЗ калк медициналык жактан камсыз болгонун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маалымдады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Бишкекте 1000 кишиге 162 унаа, Кыргызстан боюнча 68 унаа туура келет.
«Кумтөр» 16 жылдын ичинде 82 ТОННА күмүш өндүргөн.
20-февралда ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик мүлк фондунун сайттары кибердик чабуулга кабылып, ага өздөрүн «Clone-Security» деп атаган ӨЗБЕКСТАНДЫН ХАКЕРЛЕР тобу байланыштарын калтырган.
Депутат Ахматбек Келдибеков өлкөбүздө бүгүнкү күндө 9053 ТОННА алтын кени бар деген маалыматты айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ananasky
2013-02-25 20:25:26
ооздоруна Нан бышатко
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.