Токон Мамытов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант:«ДЕПУТАТТАРДЫ ОЙЛОНУП СҮЙЛӨӨГӨ ЧАКЫРАТ ЭЛЕМ»

Жаңы жыл Сохтогу чырдуу жаңжал менен башталган эле. Андан бери Чек ара кызматынын башчысы да алмашып, Токон мырзанын жаңы орунда иштеп жатканына бир ай болду. Маегибиз каарманымдын «сурооңду башта, баарын жашырбай айтып берем» деген сөзүнөн башталды.

– Жаңы кызматка чек арадагы жаңжал менен кириштиңиз. Келгениңизден бери кайсы бир кемчиликтер жоюлдубу?
– Бир күн, бир ай, бир жылда эле бардык кемчиликтерди жоюп жиберүү мүмкүн эмес, алардын баары азыр деле бар. Мына, былтыр Чек ара кызматынын алкагында 15тин тегерегинде оор кылмыш орун алып, 6 жоокер каза болгон.
Учурдагы менин милдетим – өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аскердик тартипти темирдей сактоо. Президенттин тапшырмасы да ушул.

– Сох боюнча Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр кайсы стадиясына келди жана кандай маселелер чечилди?
– Сохтун маселеси менен эки жолу ал жакка барып, эл менен жолугуп, чек ара бөлүктөрүн да кыдырып келдим. Жалпы жонунан Сохтогу абал азыр жакшы дегенден алысмын. Чечилген маселелерге келсек, Сох чатагы башталганда эки өлкөнүн ортосундагы темир жолдун 4 көзөмөл-өткөрүү жайы жабылган болчу. Кыргызстанга келе жаткан жүк 5-6 күндө эле 600 вагонго жетти.
Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчилигине кайрылсам, эч кандай шарт койбой эле, тезинен чечип беришти. Сохтун транзити да чечилди. Эл делимитация жана демаркация маселелерин тездетүүдөн тышкары чек арадагы чийинден бери темир тор орнотуп берүүнү суранышкан. Биз резервди карап чыгып, Оштон керектүү тикенек зымдар менен мамыларды жөнөттүк. Азыр чек арачылар темир торду орнотуу менен алек.
Учурдан пайдаланып айта кетейин, өкмөттөн бөлүнгөн
90 миллион сом боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатыптыр. Ал Чек ара кызматына эмес, Архитектура жана курулуш агенттигине которулган. Токтом боюнча, агенттик жакын арада өз иштерин баштайт.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында чек араны бузуп өткөн ондой жараныбыз Кыргызстанга өткөрүлдү. Кимдир бирөөсү малын айдап жүрүп, арык жыгам деп, же дагы ушундай күнүмдүк тиричиликтен улам кармалгандарды бошотуп бергиле дедим. Буга жооп иретинде биз да Кыргызстанда чек араны бузган өзбекстандыктарды жакында өткөрөбүз.

– Парламентте депутаттардын бири «Ислам Каримов Сохту Кыргызстанга сатууга даяр экен» деп чыкты. Сиз буга кандай комментарий бере аласыз?
– Жогорку Кеңештеги депутаттарды мен классташ деп коём. Бийликтин өкүлү катары менин «классташтарым» сүйлөгөн сөзүн абайлашса. Эки өлкөнүн делегациялары сүйлөшүү жүргүзүп жатканда мындай сөздөр тоскоол кылбай койбойт. Ошол себептен өзбек тарап менен экинчи ирет жолугушканда алар мага тамаша иретинде «бул сапар чек араны мындай коюп, жөн эле нан ооз тийип, чай ичип, таркап кетели» деп калышты. Дүйнөлүк тажрыйбада болгон эмес. «Жеримди баланча миллиард долларга сатам» деп эч ким айта элек. Андыктан «классташтарымды» сөзүнө жоопкер болууга, кичине ойлонуп сүйлөөгө чакырат элем. Ал эми Өзбекстан тарап менен кийинки жолугушуубуз март айына белгиленген.

– Биздин коңшулар окуянын чоң же кичинесине карабай эле, дароо чек арасын жабууга шашат. Мунун айынан алар Кыргызстанга тоотпостук мамиле жасашат деп келишет. Эгерде алар тарабынан кандайдыр бир катачылыктар кетсе, биздикилер да талап коюшабы?
– Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, бир өлкөдө конфликт жаралса, ага чектеш мамлекеттер жок эле дегенде жаңжал ооп кетпесин деп отту өзөгүнөн өчүрүү үчүн чек арасын жабышат. Кыргызстан менен Өзбекстанды алсак, 2004-жылкы экөөнүн ортосунда кабыл алынган келишим боюнча, 15 көзөмөл-өткөрүү жайы бар. «Кандайдыр бир курч кырдаал орун алса, 5 күн мурун эскертүү менен чек араны жабууга болот» деп жазылган. Көбүнесе ушул пункт сакталбай калат.

– Депутаттар айлыгын жашырууга өтүштү. Ал эми чек арачылар канча маяна алышат?
– Буга чейин 500дөй офицердин рапорт жазып, иштен кетебиз деп чыгышканын билебиз. Өзүм да депутат болуп турганда чек арачылардын айлык маселесин көп көтөрдүм. Анткени бул тармакта мурун да иштегеним үчүн алардын итке минип калганынан кабарым бар эле. Өкмөттүн чечими менен айлык көтөрүлүп, азыр күч түзүмдөрүнүн ичинде эң алды болуп айлык алып жатышат. Чек арачыларды туура түшүнүү керек. Алардын кызматы борбордо эмес, ак кар менен көк музда, талаа-түздө. Баласынын өтүгү жок калса, мындай чыга калып, кошунасынан да карызга алып тура албайт. Жаңы келгендер 8000 сомго чейин алса, 10 жылдан көбүрөөк иштегендер 15 миң сомдой, 15-20 жылдан аркы тажрыйбалуулар 25 миң сомго дейре маяна алып калышты.

– Материалдык камсыздоо жетиштүү каралдыбы быйыл?
– Чек ара кызматы дале материалдык камсыздоо жагынан аксап жатат. Тамак-аштан миллионго чукул бересебиз турат, Жал кичи районунда чек арачыларга курулуп жаткан 72 батирлүү үй да бүтө элек. Анан да бейтапканабыздын имараты жок, дарыгерлер айласы куруп, чек арачыларды кызмат жайына барып текшеришүүдө.
Өткөндө Лейлек чек ара бөлүгүнө барганымда 70-80 офицердин биринин да үйү жок экени маалым болду. Өкмөткө кайрылып, 16 миллион сом бөлүндү. Буюрса, мартта 16 батирлүү үйдүн пайдубалы тургузулуп баштайт. Анан да быйыл 10дой тозоттун курулушу пландалууда. Туризмди өнүктүрүшүбүз керек дейбиз, бирок чет өлкөлүктөр биздин чек арадан өтүп жатканда тоокканага окшогон вагондорду көрүп эмне деп ойлошот? Акырындык менен чек арачылардын үй-айлык маселелери чечилип, тозоттор курула берсе, жөнгө салынып кетер.

– Чек ара кызматкерлеринин суицид окуялары боюнча кандай чаралар көрүлдү?
– Кызматка дайындаларым менен биринчи жыйында «эгерде жоокердин өлүмү катталса, ал командир арызын жазып, кызматын тапшырсын» дедим. Ата-эненин колунан алты саны аман алган баланы кайра сопсоо тапшырышыбыз керек. Суицид окуялары аскердик тартиптин жоктугунан келип чыгат.
«Дедовщинага» келсек, парламентте эле жакшы бир тажрыйбаны киргизгенбиз. Азыр мурун-кийин чакырылгандар же «дед-молодой» деген жок. Мисалы, бир тозот жалаң гана жазгы жоокерлерди, экинчиси бир гана күздүк жоокерлерди кабыл алат. Баары бир мезгилде кызмат өтөөнү баштап, окшош убакытта аякташат. Ийгиликтүү улантылып жаткандыгы үчүн ушул тажрыйбаны калтыралы деп жатабыз.

– Казакстандын Чек ара кызматындагы чоң чиновниктердин бири өз жанына кол салып, ал окуяны каза болгон кишинин коррупцияга тиешеси бар болгондугу менен байланыштырышты. Кыргызстандын Чек ара кызматында коррупцияга каршы кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
– Ал киши Казакстандын чек ара институтунун директору болчу. Бул институттун КМШ боюнча кадыр-баркы бар. Жыл сайын бизге да 10 орун берип турат.
Коррупция боюнча айтсам, жакында эле Ош менен Бишкекте жайгашкан Түштүк жана Түндүк бөлүктөрүн жоюп салдык, антпесе көзөмөл-өткөрүү жайлары элитага айланып кеткен. Коррупцияга белчесинен малынып бүткөн бул эки бөлүктөн кутулдук. Каркыра өтмөгү Караколго баш ийбейт, Лейлектеги көзөмөл-өткөрүү жайы Баткенди укпай калган экен, атүгүл айлыктарына да келбей калышканын билдик. Окуянын минтип өнүгүп кеткенине менин деле күнөөм бар. Күч түзүмдөрүнүн түрдүү кызматтарында иш алып барып, көрүп-билип туруп көз жумуп жүрдүк. Ошондой эле Бишкек, Ош, Баткенде үч аймактык башкаруу түзүлдү. Эми бул багыт боюнча иштер жакын арада күчүнө кирет.

– 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун күчтөрү жана «Манас» аэропортунан да транзиттик жүк ташуучу борбор чыгарылат. Азыртадан эле чек араны басып кирүү менен террордук акттар күчөйт деп башташты...
– Террорчулукту жоюп салууга бир эле мамлекеттин, ошол эле АКШ же Орусиянын күчү жетпей тургандыгына көзүбүз жетти да. Казакстанды эле алалы, 2009-жылга чейин «бизде террорчулук жок» деп келчү, а бүгүн бир эле Алматыны алалычы, террорчулардын курчоосунда калды. Согушчандар Ооганстандан Азияны аралап, Кавказдан өтүп, Америкага да жетет. Кулатылган эгиз мунаралардын ордуна курулуп жатканын дагы бир күнү талкалайт.
Атүгүл Ооганстанда орто азиялык жамааттардын ичинде кыргыз жамааты да бар. Биздин бир топ жигиттерибиз мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн катарында согушуп жүрүшөт. Анын кээ бири келип, КМШнын ар өлкөлөрүндө террордук акттарды уюштуруп жатышат. Ага деле күбө болбодукпу... Террорчулукка каршы өлкөлөр биргелешип гана күрөшө алат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Токон Мамытов: "Депутаттар ойлонуп сүйлөшү керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bekabeku
2013-02-25 15:47:13
Ишинизге ийгилик
0
aote
2013-02-28 17:29:07
Бул кишини генерал,инсан катарында сыйлайм!Ийгилик!
0
Taalaibek.
2013-02-28 21:42:25
Токон Мамытов генералды кайдан алды? Ал солдат дагы боло албайт болуш керек.
0
Kg.lady
2013-03-06 00:56:14
Бул киши биролордун артынан жан баккан адам,аран турган чек арабызды жок кылып салбаса болду,иштей албасы жузунон корунуп турат.
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан