ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

– Апа, мен бул жактамын, апа...
Асман ошол замат ыйлай сыртка жулунду эле, Космос менен досу эшикти жаап, сыртка атып чыгышты.
– Ай, силерде уят-сыйыт барбы? Кайсы заманда жашап жатасыңар? Кызымды чыгаргыла, койдой кылып машинага салып ала качат деген эмне шумдук?!
Ачууланган Марал кыйкырып, жолун тоскон аялдарга карабай төркү үйгө кирди.
– Апа, алып кетиңизчи мени бул жерден!
– Калтырат деп ким айтты, жүр,- деди колдон ала кызын.
– Айланайын, Марал! Баарыбыз эле ушинтип келбедик беле, салттан качып кутула албайбыз, калтыр кызды,- деди ыйламсырай Космостун энеси.
– Эже, ала качууну салт деп ким айтты силерге? Кызым сүйлөшүп жүрсө бир жөн, мындан улуу эжеси бар, анын башын кантип аттамак эле?! Калтырбайм, убара болбогула.
Турмуштун ысык-суугун тарткан аял кызын ушинтип алып кетти үйүнө.
– Жөн жүрбөйт да кызың. Болбосо көчөдө бараткан жеринен кайсы жинди кызды мажбурлап машинага салсын,- деди агасы ого бетер бүтпөй жаткан чырды улай.
– Сен көчөлөп жүргөн Космоско ишенесиңби же карачечекей карындашыңабы?- деди уулуна ачууланган эне.
Асман ошентип классташтарынын коштошуу кечесине да барбай калды. Баарын кылган Бермет деп жүргөндө ал «мен билген эмесмин, өлүп кетейин» деп карганып кутулду. Үйүнөн бир жума чыкпады, жан дүйнөсү аңтарылып жатты жаш кыздын. «Бир үйдүн босогосун аттады» деген кеп калды элде» деп өзүнчө кыжалат. Кызынын кабак-кашын чытып кыжалатта жүргөнүн көргөн эне «сен бактылуу болосуң, келечегиң алдыда. Мен турганда, кызым, көксөгөн тилегиңдин орундалышына жаным курман, садага» деп жылуу сөз айтып жубатты. Болуп өткөн окуяны кызынын эсинен чыгарганга бар күчүн жумшады эне байкуш. Ушуну менен бул окуя унутта калган эле. Арадан бир ай өттү, республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы келди. Асман өзүнүн баллын көргөндө каткырды. «Уят эле, 67 балл. Эми точно ырчы болом» деди агасына.
– Башың иштебесе ошо да. Азырынча апама жардам берип базарга чыгып тур, мен бир окууга сүйлөшүп келем, анан окуй бересиң.
Асманга эмне, жаман сөздөн коргогон апасы, камкор жигити бар, жогорку окуу жайга окууну ойлонбой да калды. Адаттагыдай жолугушуу күн. Кызык, Мелистин кабагы бүркөө, кыз сүйлөсө эле какшыктап туруп алды.
– Сага не болду? Бирөө менен урушсаң күчүңдү ошондон чыгарбайт белең, менден эмес.
– Азырынча эч нерсе боло элек, бирок туура айтасың, күчүмдү Космоско жумшайт окшойм.
Асман эми аңдады, жигиттин эмнеге капа экенин.
– Эми уктуңбу, ал деген...
– Эмнеге ошондо айтпадың? Таежемдикине келбегенде укпай калмак экем да мен?! Сен кимдер менен сүйлөшүп, кимдин көшөгөсүндө канча күн отурганыңды иликтешим керекпи эми?
Асман үн катпады, башын шылкыйтып отурат. Жигит ачуусу менен эмне деген гана сөздү айтпады. Азыр ашыкча сүйлөсө, бул жигиттен ажырап каларын апасы эскерткен. Эмне деш керек, жанатан бери унчукпай отурган Асман акырын ашыгына үн катты.
– Жан, кечирчи мени. Мен сени ойлобогондо азыр жаныңда отурмак эмесмин. Мага эле оңой болду дейсиңби? Ошол учурда апам алып чыгып кетпегенде мен сени, сен мени өмүр бою жоготмокпуз. Эми мен жаныңда болом, сен студенттик күндөрдүн акыркы жылын окусаң, мен быйыл баштаганы турам.
Кыз жигитке ыктай башын жөлөдү. Дуңкуюп отурган Мелисти кыздын сөзү жибитти көрүнөт, өзүнө имере кучактап, мойнунан искеп-искеп алды.
– Ошентсе да Космосту Айга учурушум керек,- деди кабагын түйүп.
– Тим кой, ансыз деле ал агамдан качып жүрөт. Давай, бул темага экинчи кайрылбайбыз.
Сүйлөйүн деп бараткан Мелистин оозун алаканы менен жаба калды кыз шоктоно. Анткен менен жигиттин жүрөк түпкүрүндө кызга болгон ишенбестик орноду...

ххх

Бүгүн Асман борборго жөнөдү. Барып-келип жүрүп Бишкекти беш колундай билет. Борбордун Киев көчөсүндө бараткан, жайдын аптабы куйкалап, чаңкап кетти. Ары жакта «Шоро» сатып отурган келинди көздөй басты.
– Майда жок беле, чоң кыз?
– Жок эле, эже.
– Анда сен отура турчу, мен тиги күркөгө барып майдалатып келейин,- деп чуркап кетти.
Жанатан бери жөө басып чарчаган кыз сатуучунун ордуна отуруп, столдогу гезитти барактап калды. «Кыргыздын ай чырайлуу кыздарына сынак жарыяланат» деген жарнама бар экен. Акыры Асман тиги сатуучудан гезитти сатып алды. Агасы менен эжеси турган квартирага келип, гезиттеги телефон номерди терди.
– Алло, саламатсызбы? Мен жарыя боюнча?..
– Саламатчылык, кайсы жарыя?
– Сулуу кыздарга сынак деп турат го, билейин дегем, кандай шарттар бар?
– Аа, сиз сулуусузбу?
– Ммм, мен деген «Мектептин мисси» болгом.
– Аа, жакшы экен. Сынактын шарты жөнөкөй, сен жакшы бир сүрөткө түшүп кел, калганын келгенде айтам,- деди ары жактагы үн.
Мектептеги сынактан соң Асман сулуулар сынагына катышуудан коркпой калган өңдүү. Совет-Чүй көчөсүндөгү фотосалонго келип сүрөткө түштү да, гезиттин дарегин издеп жөнөдү. Чакан эле эки бөлмөлүү кеңсе экен, редакция. «Негизи, биздин гезит коомдук саясий өңүттө. Анан атайын бир бетин жаштар үчүн арнайлы дегенбиз, ошон үчүн бул сынакты жарыяладык» деди тыпылдаган бир журналист жигит. Асманды бир көргөндө эле «во, сен жарайсың, кечээ кыздар келген. Алар өздөрүн күзгүдөн бир карап койбой эле келип алышыптыр» деди бежиреп.
– Кана, сүрөтүңдү көрөлүчү.
Сүрөттү тиктеген жигит ого бетер ырсайды. «Жарайсың гой, карындас».
– Апей, силер казаксыңарбы?
– Кыпкыргызмын го, таза кыргыз. Нарындык кыргыз. Баса, сен кай жактансың?
– Кыргызстан! Ошондо менин сүрөтүм газетага чыгат да, ээ?
– Сөзсүз, Асман. Дагы беш-алты кыз тапсам, бүттү, мен бул рубрикамды жабам да, жаңысын баштайм,- деди журналист жигит мактана.
Сүйүнгөн Асман апасына чалды, «апа, мен дагы 2-3 күн шаарда болом, сизге сюрпризим бар» деди. Эжеси жумуштан келген соң ага айтты жаңылыгын.
– Ал гезит жалаң саясатты жазат эле го, ошондой да конкурсу бар бекен? Ии, анан жеңсең эмне белек алат экенсиң? Телевизор дей көрбө, азыр кулап калам.
– Ой, мен уже конкурстан жеңгеним ошол да, газетага жеңгендери чыгат экен.
– Интервью алдыбы не?
– Жок дебедимби, атымды, жашымды эле айтып койдум. Сүрөтүм чыгат, всё.
– Баалуу белек албаган соң ошол да конкурспу, мага эртерээк айтканыңда бардыртмак эмесмин сени.
Арадан 4 күн өткөн соң Асман күткөн күн да келди. Күркөдөн гезит сатып алган кыз дароо Кантты көздөй сызды. Гезиттин акыркы бетинен кызын көргөн эне «көз тийбесин, садагам» деп чекесинен өптү. «Башкалары өздөрү көрүп алышсын, мен аларга айтпайм» деди Асман.
– Мелисиңе айтып койбойсуңбу, таарынып жүрбөсүн.
– Айтпайм ага. Ар бир кадамымды айтып отчёт бергидей ал ким экен?!
Ушул убакта телефон чырылдап калды.
– Алло.
– Алло, саламатсызбы?
– Салам, ким керек силерге?
– Бизге бир сулуу кыз керек! Асман аттуу бийкечти телефонго чакырып коёсузбу кичи пейилдикке.
– Да, мен угуп жатам! Ким бул?
– Кантет, ай? Тарсылдабай жакшынакай жооп берсең боло,- деген апасы ашкананы көздөй басты.
– Дароо унутуп калат экенсиң да, сулуу. Мен – Рома.
– Кайсы Рома? Мен тааныбайм Романы. Табышмактатпай айтпайсыңарбы атыңарды!
– Урушчаак кыз десе, 2-3 күн мурда эле таанышканыбыз эсиңден чыккан го.
– Мен эч ким менен таанышкан эмесмин, башты оорутпачы,- деп трубканы коюп салды.
– Ким экен ал, эмне мынча уруштуң аны?- деди апасы.
– Э, билбейм, Ромамын деп бирөө чалды, мени тааныйт имиш.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Nakinai
2013-02-25 10:16:05
саал кобураактан жазгылачыы сураныч!
0
Ruslan78
2013-02-25 10:20:16
Барын еле жаза эмине болот
0
Beka90
2013-02-25 12:20:11
Дагыда кызык болуп барат ээ!
0
N.Bakazova
2013-02-25 18:29:33
Normalnyi serial eken, emi Romasy da Asmandy suiup kalat onduu???
0
N.Bakazova
2013-02-25 18:31:26
Urmattuu super.info, kooop-koooopton jazsanyzdar emne boloooot?:-)
+1
Begimkyz
2013-02-25 19:23:54
aaaai dagy kutmoi
0
ayzatushka
2013-02-25 21:46:52
дагы бир жумаааа
0
zvezda...
2013-02-26 01:42:33
Баарын болбосо да кобурооктон жазсанар гоо(((
0
GER
2013-02-26 11:03:42
ииииииий.... кызыгына келип бутуро саласынар да... ((((
0
Адам
2013-02-26 15:30:31
Тим эле бразилия, мексика сериалдарындай болуп баратат го, ай бу немеңер?
:-)
0
Voin.teni
2013-02-27 21:09:44
Откон жумада таппай койдум эле, ала качкан жерин окубай калдым го...
0
admin_media
2013-03-01 11:50:46
Voin.teni,
Ар бир жумада чыгат жана бул шилтеме аркылуу кирип окубай калган жерин окуп алсаңыз болот)
http://www.super.kg/article/?article=20693
0
Kalpakbai
2013-03-01 11:33:51
ошо да кантип кутот адамдар а
0
Kalpakbai
2013-03-01 11:34:56
Бразилия болбосо гезитти кайда алып барабыз
0
eliza1986
2013-03-03 04:12:27
Кызыктуууу жерине келгенде бутуп калатта иииий ий
0
aiba91kg
2013-03-03 12:24:31
anan roma kayra chaldu gazetadagu zhurnalist jolugabuzbu kuz oa dep joop berdi melis balaluk kezdegi suiuusu bolup kala beret
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан