ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-февралдан 3-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Чакырылбаган конок бул аптада төрүңүздөн орун алат. Айрым түгөйлөр ортосундагы таарынышуулар жазылып, түшүнүшүүгө жетишет. Апта ортосунда иштериңиз ойдогудай болбой, убаракерчилик тартасыз. Бирок аракетиңиздин акыбети аптанын экинчи жарымында кайтмакчы. Ишембиде алыскы сапарга аттанууңуз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада алдыга койгон максатка жетүүгө бут тоскондор чыгат. Алардын мындай аракетине сынып калбай, чыйрак болсоңуз, ийгилик сиз тарапка оойт. Шаршембиде бойдокторду апта ортосунда жагымдуу жолугушуулар күтүүдө. Дем алыш күндөр той, мааракелер менен коштолот. Ушул күндөрү айрымдардын ден соолугу кескин начарлап кетүү коркунучу бар.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында түшкөн чакыруулардан, сунуштардан баш тартыңыз. Бирөөлөр сизди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөшөт. Аларга убакыт коротуудан качып, өз иштериңиз менен алек болгонуңуз оң. Жума күнү ишиңиздеги катачылыктын зыянын тартасыз. Жекшембиде жакындарыңыздын жанында болуңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул жума жагымсыз окуялар менен башталышы мүмкүн. Өзгөчө акча жана документтерге сак болуңуз. Алдамчылардын тузагына илинип же жоготуп жиберүү коркунучу чоң. Бейшемби күнү этият болуңуз. Ден соолугуңузга коркунуч туудурган кырсыкка кабылышыңыз ыктымал. Дем алыш күндөрү эс алуунун ордуна үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башы бир катар майда маселелер менен башталат. Алардын баарын өз убагында бүтүрүүгө тырышыңыз, болбосо алдыда чоң тоскоолдуктар жаралат. Бейшемби – таарынышып кеткен адамыңыз менен табышууга ыңгайлуу күн. Аптанын экинчи жарымы пикир келишпестиктер менен коштолуп, чырдын өзөгү акча маселесине такалышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада айланаңыздагы окуялардын таасиринен жеке жашооңузда өзгөрүүлөр орун алышы күтүлөт. Ички туюмуңузга ишенип, кескин кадамдарга баруудан коркпоңуз. Жаңы таанышуулардан баш тартканыңыз оң. Жума күнү ден соолугуңуз калыбында болбой, кыйналышыңыз мүмкүн. Эс алууга убакыт табыңыз. Жекшембиде материалдык байлыкка ээ болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада тобокелчиликке баруудан качпай, талыкпай аракет кылсаңыз, каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Эгер өзүңүзгө ишенбесеңиз, жакын адамыңыздын кебине кулак салыңыз. Башкалардын ишине аралашуудан оолак болуңуз. Чырдуу маселе жаралса, зыянын тартып калышыңыз мүмкүн. Апта аягында капчыгыңызды жукартууга мажбур болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Тынымсыз эмгек кылып, жаңы идеяларды ишке ашырууга бел байлаңыз. Муну менен пайда таап, материалдык абалыңызды чыңдоого мүмкүнчүлүк бар. Ишти баштоодон мурда адистен кеңеш алуу ашыктык кылбастыгын эске тутуңуз. Бейшембиде сүйүү сезимдери жан дүйнөңүздү бийлеп, кубанасыз. Жекшемби адаттагыдай эс алуу менен өтөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичинде чечим кабыл алууда кечеңдетпей, өз учурунда чечүүгө аракет кылыңыз. Айрым жакын санаалаштардан алыстоого туура келсе, айрымдары менен мамилеңиз бекемделет. Бейшембиде чыгашалар көп болуп, каржылык жактан кыйынчылыктар жаралат. Апта соңу түгөйлөрдүн ортосундагы мамиленин чыңдалышы менен аяктайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө тагдырдын күтүлбөгөн жагымдуу белеги жашооңузга кубаныч себет. Жаңы иштерди баштоого ашыгыңыз. Алдыңызга койгон негизги ишиңизди соңуна чыгарууга убакыт келди. Шейшембиде күсөп жүргөн буюмуңузга жетесиз. Дем алыш күндөрү жан дүйнөңүз жай алып, жагымдуу эс аласыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде өзгөчө эсте кала турган окуялар күтүлбөйт. Карызы барлар карызынан кутулуп санаасы тынчыса, ал эми убада бергендер убадасын аткаруу менен алек болушат. Жуманын ортосунда уккан жаңылык келечегиңизге оң таасирин тийгизет. Жекшембиде буюм алып, көңүл ачуучу жайларга баш багууга убакыт коротосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Чечилбей келген маселелер кайрадан көтөрүлөт. Маселени өз пайдаңызга чечүү үчүн тийиштүү адамдар менен мамиле түзүңүз. Апта ортосунда жакын адамдар менен көз караштар дал келбей, анын аягы чырга айлануусу мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында баштаган иштерди аягына чыгарууга күч жумшаңыз. Ишемби, жекшемби күндөрү маданий жайлардын бирине баш багасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан