БЕГИМАЙ

Бегимай 1990-жылы 27-февралда Нарында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүгө кызыгат. Учурда Кант шаарындагы Дмитриевка атындагы орто мектептин 10-классында окуйт.

– Бегимай, ыр дүйнөсүнө аралашып калганыңа эмне себеп болгон?
– Буга менин бала кезимдеги кыялым түрткү болгон. Анткени, кичине кезимден эле ырчы болууну каалачумун. Ошол кызыгуумдан улам ата-энем 3-классымдан тартып мени Нарындагы музыкалык мектепке беришкен. Ошондой эле ата-энем чыгармачыл адамдар. Атам Бекбоев Токторбек обончу, аткаруучу. Апам Кудайбергенова Жаңыл актриса, учурда куудул. Анан дагы апам Асел Турдалиева эже менен жакын курдаш. Асел эжени көрүп, ушундай ырчы болсом деп тилек кылчумун. Өзүмчө Асел эженин ырларын ырдап, аны туурап кыялданганым эсим­де. Ал эжеден музыка дүйнөсүнөн сабак алдым. Алгач мектептин сахнасында чыгып, көп деген конкурстардын жеңүү­чүсү болуп жүрдүм. 2001-жылы «Жаш таланттар» конкурсуна катышып 1-орунду утуп алгам. Ошондон кийин чыгармачылыкка болгон кызыгуум ого бетер күч алган.
Сахна сага эмнеси менен кызык?
– Сахнага чыгып ырдоо мен үчүн чоң бакыт. Алгач сахнага 5-классымда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел эженин «Эх, байке» деген ыры менен чыккам. Ошондо өзүмдүн сахна адамы экенимди сезгем.
– Учурда талантуу жаштар көп чыгып жатышат. Алардын арасынан суурулуп чыга албай калам деп коркпойсуңбу?
– Жок. Анткени, мен өзүмдүн талантыма ишенем. Анан дагы ырчылык менин түбөлүк кесибим деп ойлойм. Ырдоодо бир эле сүйүү темасында гана ырдабастан, бардык темага кайрылгым келет. Башкача айтканда, жаштарга жаккан гана ырларды ырдабастан, орто муун, улуу муунга да ылайык ырларды ырдап, кыскасы, элимдин купулуна толуу – тилегим.
– Ырчылык окууңа тоскоол болбойбу?
– Ырчылык менен окуум бири-бирине тоскоол болбоосуна абдан аракет кылам. Окуу учурунда гастролго чыга турган болсом, мугалимдерден тапшырма алып, китептеримди кошо ала кетем. Ушундан улам алгач ата-энем да менин ырчы болуума каршы болушкан. Бирок, мугалим эжелеримдин «Баланын эмнеге шыгы болсо, ошол жакка багыт бериш керек» деген сөздөрүнөн улам каршы болушпай, кайра азыр колдоо көрсөтүп жатышат. Учурда менин продюсерим да, демөөр­чүм да – ата-энем.
– Алгач ырыңды радиодон укканда кандай сезимде болдуң эле?
– Албетте, кубануу сезими болуп жатты. Анан дагы чын эле мен ырдап жатамбы, деп өзүмө ишенбей да кеткен элем.
– Сын-пикирди көбүнчө кимден угасың?
– Биринчилерден болуп сын-пикирди ата-энемден угам. Андан кийин бир тууган сиңдим бар, ошол айтат. Сиңдим кичине болсо да жакшы сындайт. Ошондуктан, анын айткан сындарын эсиме сактап калам.
Жактырган адамың барбы?
– Гүл берип, сөз айткандар бар. Бирок, жүрөгүмдүн ачкычын тапкан адамга жолуга элекмин.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан