«ЖДИ МЕНЯ» КЫРГЫЗСТАНДА

«Жди меня» берүүсү Кыргызстанда өз марафонун баштады. Эринбестен окуп көрүңүз, балким, сизди да кимдир бирөөлөр издеп жаткандыр...

1. Бишкек шаарынын тургуну Досматова Тахмина Камилжановна (06.07.1979-ж.) атасы Райымкан Нусупбаевди (болжол менен 1958-1960-ж.ж.) издейт. Ал Талас облусунда туулган. 1989-жылы досу менен Ноокен районуна келип кеткени белгилүү. Акыркы ирет эки жыл мурда атасы тууралуу маалымат уккан.

2. Дүйшөбаев Бектур Акбаралиевич (28.04.1974-ж.) Ош шаарында Кулинардык окуу жайда чогуу окуган токтогулдук Гүлнур Молдокулованы
(1975-ж.) издөөдө. Жибек, Рахат аттуу группалаш кыздары да аны издеп жүрүшкөнүн билдирди. Ош шаарындагы 1-Май көчөсүндө №113-үйдө эжесинин үйүндө жашачу.

3. Чүй районунун жашоочусу Саитова Нурила Аширалиевна (09.05.1954-ж.) кызы Бурул Суйлайманованы
(25.03.1979-ж.) издейт. Бурул 1996-жылы июнь айында бала бакчага бала жеткирип кеткен бойдон келген эмес. Анда ал 18 жашта эле. Паспорту үйдө калып, жанында эч кандай документи жок чыккан. Апасы экөө жер алдындагы өтмөктө соода кылышчу. Таарыныша кетишкен экен.

4. Ысык-Ата районунун тургуну Асанканова Сауле Тилекматовна (19.08.1975-ж.) сиңдиси Асанканова Бермет Тилекматовнаны
(01.02.1978-ж.) издөөдө. 1998-жылы Бишкекке иштегени кеткен. Ысык-Көлгө бир жолу келип, кайра кеткен бойдон дайынсыз. Жанында туулгандыгы тууралуу күбөлүк бар болчу.

5. Кочкорлук Бейшекеева Назира Орозбековна (22.10.1979-ж.) баласынын атасы Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын кулуну, 1989-жылкы Жусуп аттуу жигитти издөөдө. «2010-жылы Бишкектен таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. Мен ЦУМда иштечүмүн. Анын иши жок, бош болчу. Чыгыш-5 кичи районуна машыгууга барып жүргөнүн билем. Акыркы жолу 2012-жылдын июнь айында көргөм. Жусуптун сол кулагында жарааттан калган так бар»,- дейт каарманыбыз.

6. Ала-Бука районунун жашоочусу Алымкулов Талипбай Эргешович (1959-ж.) досунун үй-бүлөсүн издөөдө. Күйөөсү – Болот, аялы – Гүлсара. Акыркы жолу 2000-жылы кабарлашкан. Бишкектин Кызыл-Аскер аймагында жашашы мүмкүн.

7. Бишкек шаарынын тургуну Жедигерова Сабира Курбановна (1967-ж.) 1942-жылы төрөлгөн тууганын издейт. Бала атасы фронтто жүргөндө төрөлгөн. Атасы – Казыбай Жедигеров, апасы – Асылкан. Асылкан "баланы борборго алып кете албайм" деп кошунасына, өзбек аялга таштап кетет. 1943-жылы баланы алганы кайрылып келсе, «балаң оорудан каза болуп калды» деп койгон. Бирок жакындары анын өлүмүнөн күмөн санашат.

8. Ала-Бука районунун жашоочусу Жедигерова Сабира Курбановна (1967-ж.) аталаш агасын (болжол менен 1959-1960-ж.ж.) издейт. 1960-жылы Жедигеров Курбан Баткен облусуна караштуу Хайдаркен айылынан көчүп кетет. Ал жерде Тоо-кен комбинатында иштеп жүргөндө Валя аттуу аял менен чогуу жашап, уулдуу болгон экен. Бир туугандары агасы менен жолугушууну каалашат.

9. Кочкорлук Кайырбүбү Асанбекова (1951-ж.) уулу Сатыбеков Салмоорбек Качкыновичти (1969-ж.) издөөдө. 2007-жылы июль айында акыркы жолу көргөн. Салмоорбек ооруканага жатып калган. Эртеси жакындары аны издеп таппай калышат. Врачтар реанимацияга которулганын маалымдашкан, бирок ал жакта да жок болгон.

10. Бишкек шаарынан Эргешова Чынара Рыскуловна (1967-ж.) тууганы Абдылда Эргешовду (1944-ж.) издейт. 1968-жылы Кызыл-Кыядагы Тоо-кен техникумунда окуп жүрүп дайынсыз жоголгон. Техникумга барып сураштырганда ал окуусун аяктап кеткени белгилүү болгон.

11. Бишкектен Хайдаров Мукин Раджабович (1961-ж.) аскерде чогуу кызмат өтөгөн достору Талипбек Боронбаев жана Болотбек Турганбаевди издейт. Орусиянын Хабаровск крайынын Берабеджан шаарына жакын Биджан айылында жайгашкан №65553-аскердик бөлүктө 1981-жылы кызматтарын аяктаган соң көрүшкөн эмес.

12. Исфана шаарынан Сапарбек Авазов Алыскы Чыгышта аскердик кызматты бирге өтөгөн Камил Токоевди издейт. Ал Ысык-Көлдүн Долинка айылынан экени белгилүү.

13. Бишкектен Жаңыл Карагулова (1960-ж.) Балыкчы шаарында төрөлгөн Бактияр Назаркул уулун (03.01.1992-ж.) издөөдө. Ал 2008-жылы 4-ноябрь күнү классташынын туулган күнүнө кеткен бойдон дайынсыз.

14. Москва районунан Тешебаева Зайнапкан Балтабаевна (1960-ж.) курбусу Нуралиева Улбазар Уразалиевнаны (1962-ж.) издейт.

15. Аламүдүн районунун жашоочусу Уланова Бермет Улановна (1990-ж.) курбусунун өз (төрөгөн) апасы Венера Ахматованы издөөдө. Венера 1993-жылы 2-октябрда Бишкектеги №1-төрөт үйүндө салмагы 1,700 килограммдык ара кыз төрөгөн. Кийин ал кызды азыркы ата-энеси багып алган. Ислам мыйзамдарына ылайык, алар кызын өз энеси менен тааныштырууну каалашууда. Эч кандай материалдык колдоо сурашпайт.

16. Сокулук районунан Ибраева Шайыргүл Асакеевна (12.04.1975-ж.) өз (төрөгөн) апасы Мырзакожоева Светлана Ослуковнаны издейт. «Апам мени төрөп, баласынан баш тарткандыгы тууралуу документ толтуруп, мени азыркы ата-энеме бериптир. Ал жерде «кийин баламды талашпайм» деген сөз жана аты-жөнү жазылган»,- деди каарманыбыз.

17. Бишкектен Маматканов Болот Окенович (16.10.1959-ж.)
Ат-Башыда төрөлгөн агасы Маматканов Кайып Океновичти (09.01.1957-ж.) издейт. «Ош-Бишкекке» куруучу болуп иштеп кеткен. 2002-жылы 2-майда кабарлашкан бойдон кабары жок.

Изделип жаткан адамдардан кимдир бирөөнү таанып калсаңыз же издөөгө арыз таштай турган болсоңуз, «Жди меня» программасынын Кыргызстандагы жардамчысы САЛТАНАТ АДЫЛБЕК КЫЗЫна телефон чалсаңыз болот. Т.: 0772 081384, (0312) 660424. Андан тышкары www.poisk.vid.ru сайты сиздин кызматыңызда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aiba1992
2013-02-25 23:10:28
мен 2009 жылы бишкек шаарынын 27 литцейинде Т109 групасында окуган групалаштарымды издейм
0
Arman
2013-02-26 04:17:22
Мен Ош оболастына караштуу Кара-суу районунун Кашкар кыштак айылында жашоочу Улара аттуу ыймандуу бир кызды издеп таппай жатам . Улара эгер окуп калсан жее тааныган буроолор билсенер кабарлап койгулачы туугандар Алланын ыраазычылыгы учун .Меинин атым К.....к
0
Arman
2013-02-26 04:21:37
жылын унутуп клыпмын жылын жазышты 1986 жылкы. Улара мен Кыргызстанда болбогондуктан сени таппай жатам кабарынды билдирип койчу сураныч
.
0
ALBIKA
2013-03-02 16:38:08
Arman, Улара ОШТУну аяктадыбы.
0
Arman
2013-03-26 05:17:34
ALBIKA, ооба ОШТУда окуган бутконун билбей Оронуп намаз окуйт жардам берсен жакшы болот эле АЛБИКА сураныч.
0
nokiabek
2013-02-26 15:09:55
men Ibraev Bek degen klasstawymdy Izdep kelem. 1998-jyly Tunguchta okugan. 73-orto mektepte. Naryndyk jigit. At-Bashydan bolot. 6-etajda jawachu. menin oyumcha Kyzyl-Tuu degen ayildan bolot. bilgender bolso chalyp koyuunu otunom 0707774443
0
saya4ka
2013-02-27 09:36:33
жогоруда тел. номерлерге чалып издоо салыш керек деп турат го, элдер. Бул жерди аз гана киши окуйт, ал эми гезитке чыксын десениз корсотулгон номерлерге байланышуу керек.
0
Bayas_Tural
2013-02-28 21:15:53
talipbek boronbaebdi men taanyim al azyrky uchurda karakol waarynda jawait
0
laliya26
2013-03-01 21:45:33
Кантип байланышса болот? Мен да атамдын бир тууган инисин издейин деп аткам
0
Ohna
2013-03-02 00:48:17
Salam baarynyzga! Men 2004 jyly Osh, Yugo-Vostokto oorukanada choguu jatkan, Zarina,sindisi Zhanylai Kara-Kuljadan,jana Alisa, Nirgul,Osh rayonunan,Nazgul Kyzyl-Kyia rayonunan, ushu kyzdardy izdep kelem....Ech kimisin familiasyn bilbeim. Balkim unutkandyrlar, birok men unutpadym. Egerde okup kalsanar je bolboso taagygandar bolso, jazyp koiunuzdar, suranych. Rahmat!
0
admin_media
2013-03-04 11:44:27
laliya26,
Жогоруда жазылган телефондорго чалып билсеңиз болот.
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан