ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg порталына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-22

«АТА-ЭНЕСИЗ БАЛДАРДЫН ЖӨЛӨКПУЛУ КӨТӨРҮЛӨБҮ?»
– Ата-энеси каза болуп калган жаш балдардын жөлөкпулу азыр 1450 сом, жакында эле 10 пайызга көтөрүлөт экен деп уктум. Билип бере аласыздарбы?

Эльвира Ибраева,Ысык-Көл облусу

– Министрлик тарабынан бул долбоор иштелип чыккан болчу, бирок бюджеттин тартыштыгынан улам убактылуу токтоп турат. Эгерде бюджет маселеси чечилип калса эле, долбоор дагы каралат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан.

«МИНИСТРЛИК ДУБАЙГА ЖУМУШКА ОРНОШТУРУП ЖАТАБЫ?»
– Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги Дубайга ишке алып жатыптыр. Жумушка алуу талаптары кандай, кенен маалымат берип коюңуздарчы...

Айбек Сатыбалдиев,Бишкек шаары

– Дубайга жумушка орноштуруу боюнча негизинен тейлөө көр­сөтүү тармагына, тагыраагы, мейманкана, дүкөн жана ресторандарда иштөөгө талапкерлерди алабыз. Ал үчүн Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн 237-имаратында жайгашкан биздин борборго келүү зарыл. Кенен маалымат менен ушул жерден тааныштырабыз.

Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин Жарандарды ишке орноштуруу борборунан.

«ПЕНСИЯ КАНДАЙ НЕГИЗДЕ ЧЫГАРЫЛАТ?»
– 42 жыл колхоздо иштегем, бирок пенсияга чыксам, мага 2900 сом гана чегерип коюшту. Түн-күндү билбей эмгектенчү элек. Кимге ушул маселе менен кайрылсам болот?

Жекшенбай Сулайманов,Ысык-Көл облусу

– Эгерде райондук деңгээлдеги жетекчиликтин ишине канааттанбай жатсаңыз, Социалдык фонддун борбордук аппаратына кайрылыңыз. Биз сиздин ар бир сурооңуз боюнча түшүндүрүп беребиз. Анткени пенсия чыгаруунун тартиби түрдүү болгондуктан, персоналдуу түрдө жооп берүүбүз оңой.

Социалдык фонддун басма сөз кызматынан.

«БАЛДАРЫМА ЖӨЛӨКПУЛ БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ»
– Жолдошум экинчи топтогу майып, ал үчүн 3500 сом пенсия алат. Экөөбүздүн 3 балабыз бар. Документтеримди тапшырайын десем, адистер балдарыма жөлөкпул чектеп бербей коюшту. Кандай кылсам болот?

Калбүбү Исмаилова,Нарын шаары

– Адистер үй-бүлөңүздүн чыгымын туура эле эсептешкен. 3500 сомду үч бала жана ата-энеге бөлө келгенде 700 сомдон тиет. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлө катары жаш балдарга жөлөкпул чыгаруу үчүн ар бир адамга бөлүнгөн киреше 580 сомдон ашпашы керек.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
yomaHA
2013-09-28 17:41:57
куйом бир балам менен таштап кеткен алимент тологонду бир жылдан бери токтотту кандай чара кором балам 2чи класс.
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан