«Ыйлай, ыйлай», «Күтөм, күтөм», «Махабат», «Майда, майда», «Мадина» деген ырлары менен Кыргызстанга, өзгөчө түштүккө таанымал болгон «Улан» тобу бүгүн бизде конокто. Элдин калың катмары бул топтун ырларын сүйүп укканы менен, ошол ырларды ырдаган ырчыларды тааныбашы мүмкүн. Анда бул топтун ырчысы Улан Ташкожоев менен таанышып алыңыз.
– Улан мырза, кепти «Улан» тобу туурасында баштасак...
– «Улан» тобу 1998-жылы түзүлгөн. Алгачкы курамы Асылбек Исмаилов, Марип Карабаев жана мен болуп, 3 адамдан турган. Мен эң кенжеси болгондугум үчүн топтун атын менин атымдан аташкан. Чыгармачылыгыбыздын алгачкы кадамынан баштап 2004-жылга чейин үчөөбүз ырдап келгенбиз. Андан кийин курамдагы агаларым башка жолду тандап кетишти. Топто жалгыз калган учурда жеке ырчы катары чыгууну да ойлоп, бирок кайра эле топ боюнча калууну чечкем. Көп жылдар бою жалгыз ырдап келип, жакында эле өзүмө шерик кылып Ош шаарынан Чыңгыз аттуу ырчы жигитти алдым. Азыр эми экөөбүз ырдап жатабыз.
– Экөөңүздөр эки шаарда кантип бирге иштеп жатасыздар?
– Чыңгыз үй-бүлөсү менен Ошто жашайт. Концерт бергенде, ыр жаздырганда Баткенге келет. Жакында эле үйлөнүп, мен эки жашка өкүл ата болуп дайындалдым. Ал эми тойлордо жалгыз эле ырдайм.
– Топтун ырларынын сөздөрүн, обондорун ким жаратат?
– Белгилүү болгон «Күтөм, күтөм», «Махабат», «Майда, майда», «Мадина» деген ырлардын сөзү-обону өзүмө таандык. Ал эми «Ыйлай, ыйлай» ыры легендарлуу «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторовго таандык. Негизи, ырлардын баарын эле өзүм жаратам десем жаңылыштык болбосо керек. Бактияр Токторов устатым болгондуктан, анын ырларын да ырдайм.
– Репертуарыңарда канча ыр жана канча клип бар?
– Көп эле ыр бар, алардын арасынан белгилүү болгондору жогорудагылар. Ал эми клиптерибиздин саны азырынча аз, себеби ага каражат көп кетет. Анан да мыкты клип тартуу үчүн мыкты режиссёр керек. Баткенде андай адистер жокко эсе.
– Сизге талант ким тарабынан берилген деп ойлойсуз?
– Ар бир эле адамга талант Жараткан тарабынан берилет. Биздин бүлөдө менден башка чыгармачылыкта жүргөн адам жок. Жакындарым «сага талант чоң апаңдан өтсө керек» деп айтышат.
– А сиздин балдарыңыздан ырга жакыны барбы?
– Бир уул, бир кызым бар. Бактылуу атамын. Уулум 5 жаштан ашты, аябай жакшы ырдайт. Үнү тунук, өзү да ырдоого өтө куштар. Келечекте чыгармачылык жолду тандаса, аябай кубанычта болор элем. Балдарым кайсы кесипти, кайсы жолду тандабасын, аларды дайыма колдоп, тандоосун сыйлайм.
– Көбүнчө кайсы жактарга гастролдорго чыгасыздар?
– Өзүбүздүн эле түштүк жергесине жана Орусияга. Чет жактагы мекендештерибиз бизди колдоп, аябай жакшы тосуп алышат. Жакында эле концерт уюштуруучулар Орусиянын бир шаарына чакырышты. Азыр сен айтканда эстеп көрсөм, Баткен шаарында бир да жолу концерт бере элек экенбиз. Баткендин башка райондорунда эле концерт коюп жүрө бериптирбиз. Жаз айларында концерт берүүнү пландаштыруудабыз.
– Силердин топту ким каржылайт?
– Биздин аксаган жерибиз – каржы маселеси. Демөөрчүлөрүбүз жок болгондуктан, жакшы чыга албай жатабыз. Азыркы учурда көп нерсе келип акчага такалат экен. Кыргызстанда кыдырып концерт берүү да, ыр жаздыруу да каражатты талап кылат. Азырынча өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Бирок биз ишенебиз, келечекте демөөрчү табылып, биз да легендарлуу «Максат-Баткен», «Биз» тобундай кыргыз шоу дүйнөсүндө өз изибизди калтырабыз деп.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg