Баткен облусунун жашоочулары чектеш райондогу аянттарды турак жай курууга бөлүп берүүнү өтүнүшүүдө. Бул туурасында жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундар жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу маселени акыркы чек ара чырынан соң көтөрө баштаган. «Аларга турак жай куруу үчүн жер бөлүү керек, антпесе миграцияга жол ачылат»,- деп белгиледи Ж.Разаков. Баткен облусунда 3940 гектар сугат жерде бакча иштери жүргүзүлөт, ошондуктан жер тилкесин трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоору керек. «Баары мыйзам жолунда болуусу үчүн бул жерлерди бакча жерлер категориясына өткөрүү керек, анткени Баткен облусунда жер-жемиштерди өстүрүү кеңири жайылтылган»,- деди Ж.Разаков.