Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы болуп өткөн окуяга байланыштуу Баткен жана Кадамжай райондоруна гуманитардык жардам жеткирип берди. Министрликтин кызматкерлеринин бир күндүк маянасы, тактап айтканда, жалпы 300 миң сом жабыркагандарга жардам катары берилди. Бул акчага гигиеналык каражат, балдардын жылуу кийими жана кургатылган азыктар сатылып алынган.
Мындан сырткары Баткен шаардык мэриясынан 50 миң сом, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан 3700 килограмм ун, Баткен райондук айыл аймактарынан 62 миң сом жана 14 тонна көмүр, Ош шаардык мэриясынан 321 миң сомдук азык-түлүк жана Кызыл Ай коомунан 75 миң сомдук дары-дармек, 100 килограмм макарон берилди. Бул күндөрү Чарбак жана Бөжөй айылдарына ар тараптуу гуманитардык жардамдар берилип жатат. Жалпысынан аталган айылдарга буга чейин 850 миң сомдук гуманитардык жардам берилди.