Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковдун буйругуна ылайык, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп Сеит Абдырахманов дайындалды. Ал эми буга чейин аталган кызматта иштеп келген Жаныбек Жалалов Баткен шаарынын мэри болуп шайланган. Облус жетекчисинин дагы бир буйругу менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштери жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы болуп Жанышбек Мусурманкулов дайындалды. Буга чейин бул кызматта иштеп келген Арстан Ходжаев өз эрки менен кызматынан кеткен.