СОХТУ БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Кыргыз өкмөтү Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн бөлгөн 371 миллион сомдун 90 миллиону Баткен районундагы чек араны тикендүү тосмо менен бекемдөөгө жумшалат. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаковдун айтымында, аймактагы элдин биринчи көйгөйү – коопсуздук жана бул маселени чечүү үчүн учурда чек араны бекемдөөгө көп көңүл бурулуп жатат. Азыр Кыргызстандын Чарбак жана Өзбекстандын Хушяр айылдарынын ортосуна тикендүү тосмо үчүн бетон орнотулуп жатканын өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын катчысы Мамажан Бердишев кабарлады. «Мындан сырткары Бел-Согот-Бөжөй айланып өтмө автожолун куруу толук ишке ашып жатат. 23 чакырым электр зымы тартылып бүтсө, Кыргызстандын он айылы Өзбекстандан көз карандысыз болуп калат»,- деп кошумчалайт М.Бердишев.
2013-жылы Баткен облусунун чек ара айылдарында жолдор, бала бакчалар, көпүрөлөр жана мобилдик байланыш станциясын колдонууга берүү пландаштырылууда. Ошондой эле фельдшердик-акушердик пункт курууга 8 миллион сом бөлүндү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
alimyrza93
2013-02-26 03:18:19
сохту тегеретип тосуп салсанар не болот экен чыгарбай да киргизбей да койгула кырылат озбок эли
0
suli-krsk
2013-02-26 07:35:50
Давно кылыш керек болчу мындай нерсени.
0
lazy_boy.kg
2013-02-27 16:26:27
жер жемиштери бышканда коробуз озбектерди, кайда сатат экен
0
№ 538, 22-28-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан