Кеңсебизге Дамира аттуу айым арманын айтып келди. «Канчадан бери каптап келген күйүттүн жалыны жан дүйнөмө тынчтык бербей келет. Айтып алсам жеңилдеп калармын» деп, өмүрлүк жары тууралуу баянды баштады.
«АЛЫП БАРБАГАН БҮБҮ-БАКШЫ КАЛГАН ЖОК»
– 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум баш тарта турган адам эмес эле. Өмүрлүк жарым Нурлан Казаковду тааныбаган киши аз болчу. Спорттун жеңил атлетика түрү боюнча кыргызга жакшы эле атагы чыгып калган. Мындай жөндөмү тууралуу Москвага чейин жетип, «Правда» гезитинин беттеринен окуп, сыймыктанчубуз. Жөө жүрүш боюнча машыгып, спорттун бир учун тартып жүргөн Сатыбалды Жуманазаров, Төлөн Насыров жолдошум менен замандаш болуп, бирге машыгышкан.
Бир күнү капысынан ооруп калды. Кыйналып жатканда болгон ишимди жыйыштырып, Нурланды ооруканага алып жөнөдүм. Диагнозун таппай, ар кайсы бөлүмгө, кардиологиядан терапияга ары-бери которо беришти. Акыры кургак учук деген диагноз менен диспансерге которуп салышты. Таң калдым. Же бир чылым чексечи, же жөтөлүп жүрсө бир жөн. Ага да макул болуп, ал жакка алып бардым. Дарыларды үстөккө-босток берип жатышты. Эмгиче эсимде, «Фуросемид» деген дарыны уучтап жечү. Ал заараны айдоочу дары катары саналат экен. Ошентип жатып бөйрөктөрүнүн иштөөсү бузулуп, аягында 1982-жылы «болбой калды, чыгарып кеткиле» дешти. Кош бойлуу элем, ыйлай-сыктай ооруканадан чыгарып кеттик.
Адамдын үмүтү үзүлбөйт экен, алып барбаган табып, бүбү-бакшы калбады. Ал кезде республикалык ооруканага да жолдомону кыйынчылык менен, уруксат бербей жатып берчү. Суранып жатып Бишкекке жолдомо алдык. Алып барсак, дароо эле жаткырышты. Нарындан рентгенге тарткан сүрөттөрүн, чиймелерин бериңиз дешсе, ошондо оюма келип жатпайбы. Жадакалса бул жактан рентгенге да тартпаптыр да. Бир нече анализдерди алып, кургак учук эмес, өпкөсүнө суук тийген, плеврит деп диагноз коюшту.
Азыркы учурдагы Республикалык оорукананын пульмонология бөлүмүнүн башкы врачы Талант Сооронбаев анда жаш, жаңы иштеп баштаган болсо керек. Ошол жигит дарылап, бутунан тургузуп, убактылуу жеңилдеп калгандай болду.
«ДОЛОНДОН ЖОЛДОШУМДУ ЖОГОТТУМ»
– Бир күнү Талант Сооронбаев өзүнө чакырыптыр. Кирсем, «эже, жолдошуңузду чыгарып кеткениңиз эле оң, үйүнө барып, тынч эс алганы жакшы. Өпкөсүнүн 10 гана пайызы жарамдуу экен, бир өпкөсү такыр жарабай калган. Өпкөгө суу толо берип, жүрөктү кыса баштаптыр. Кыскасы, үйгө эле алып кеткениңиз жакшы болуп турат» деди. Шашылып палатага жетип бардым, Нурлан бейкапар. Жүрөгүм мыкчылып, көзүмө жаш тегеренип кетти. Дароо доктурдун «бейтаптын көзүнчө ыйлап, санаага салбагыла, жан дүйнөсүнө бүлүк саласыңар» дегени эсиме түштү. Кийим-кечегин жыйнап, кетерибизди айтканда аябай сүйүндү. Перзент көргөнүбүздө ушундай сүйүнгөн эле. Нарынга алып жөнөгөндө сулуу тартып, өзү жетексиз басып, жеңил, шайдоот болуп калды. Көрсө, боюн түзөп жаткан экен. Машинага салып, Нарынга сапар тарттык. Ичимден булкулдап кайнап, жашымды катып келе жаттым.
– Бир нерсе десеңчи, иштериң кандай?- деп жалооруп коёт.
– Ишим эмне болсун, турат да, кайда калбаган жумуш?- деп жооткотуп койдум. Бир учурда башы шылк дей түштү да, жүрөк тушун баса калды. «Эмне болду?» деп ээгинен жөлөсөм, имере тартып, бетимден эки-үч өөп алды да, бир жерди тиктеп калды. Машинаны токтотуп, оозуна дарыларын салгыча үзүлүп кетти. Ошол учурду сүрөттөп айтып бере албас элем. Артынан өлөм го деп эле ойлодум. Үнүм чыкпай калганча бакырдым, жер тыттым, көз жашымды көлдөттүм. Айланама көз чаптырып карасам, ошол жер улуу Долон ашуусу экен.
Жолдошумду жерге берген соң жумуш менен ары-бери өткөн сайын ушул Долондон түшүп, куран окуйм. «Топурак суутат» деген чын экен. Артында 2 уул, 2 кызы калды. Алардын чоңойгонун көрүп, мен да ошолорго каниет кылып өмүр сүрүп келем. Арман кылганым – дарыгерлерге ишенгеним. Балким, айыгып кетмек беле... Ошол кездеги доктурлардын шалаакылыгыбы же билимсиздигиби, айтор, балдарымдын атасы арманда кетти. 27 жашымда жесир калдым. 4 баламды кыйынчылык менен эрезеге жеткирдим. Азыр баары үйлөнүп-жайланып, менден алыстап кетишкен. Кудай менин маңдайыма жалгыздыкты жазган окшойт. Учурда үйүмдө 4 дубалдын ортосунда жалгыз жашап жатам.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg