ЧАРБАКТА АЗЫР АБАЛ КАНДАЙ?

Элдин көйгөйүн жакындан угалы деп аймактык өкүлчүлүктөрдү ачканбыз. Баткенге барып келген кызматкерибиз "айрым жерлеринде чек арачылар элден кийин жайгашыптыр, ошондо чек арачыларды эл кайтарат экен" деп жылмайткан болчу. Биз эми сиздерге өлкөбүздөгү чек аралардын абалы менен тааныштыруу максатында фоторепортаждардын сериясын сунуштайбыз. Алгач эле быйылкы жылды ызы-чуу менен тосуп алган Чарбак айылын тандап алдык.

АЛГЫ СӨЗ
2013-жылдын 6-7-январында Баткен облусунун Чарбак айылында бүт Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган окуя болуп өткөн.
6-январь күнү Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары Чарбак айылына бастырып киришип, кыргыз жарандарын ур-токмокко алып, айрымдарын өз айылына сүйрөп кетишкен. 7-январда эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кыргыз жарандары барымтадан бошотулуп, алар ооруканага жеткирилген.
"Учурда абал тынч. Электр мамылары кайра тургузулгандан бери жарык өчө элек. Макулдашылган чек арадагы казыкчаларга да тикендүү тосмо орнотулуп бүттү",- деп Чарбак айылынын тургуну Таштан Ормонов билдирди.

Макаланы даярдоодо көмөктөшкөн №2022-аскер бөлүгүнүн зардалы, полковник Нурлан Керимкановго ыраазычылык билдиребиз.

Бегайым Тажибай кызы
Дастан Жумашов
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан