КАШЕМИР – ЭЧКИНИН ТЫБЫТ ЖҮНҮ

Кашемир – баалуу кездемелердин бир түрү. Аталган кездемеден негизинен кышкы кийим-кече даярдалат. Ал эми кашемир кадимки эчкиден алынарын билчү белеңиз? Эгер биле элек болсоңуз, анда төмөнкү макалага көз чаптырып, эчки багууну колго алыңыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН КАШЕМИР ДЕП АТАЛАТ?
Кашемир – Индия, Пакистан, Монголия, Кытай жана Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарын мекендеген эчкиден алынуучу тыбыт жүн. Ал эми жылуу климаттык аймактардагы эчкилердин тыбыттарынын сапаты төмөн болот. Кездеменин аталышы Пакистан менен Индиянын ортосунда жайгашкан тоолуу Кашмир аймагынан келип чыккан. Дал ушул жерде уяң тыбыттуу эчкилер багылган.
Кашемир тыбытын жаз мезгилинин апрель, май айларынын аралыгында, эчки түлөй баштаганда атайын аспап менен тарап, чогултуп алынат. Бир эчкиден 150 граммдан 500 граммга чейин тыбыт алынат.

КЕЗДЕМЕ ЭМНЕСИ МЕНЕН БААЛУУ?

  • Жибекке караганда жумшак, жүнгө салыштырмалуу жылуу.
  • Териге жагымдуу, эч кандай аллергияны козгобойт.
  • Жүндөй болуп томолоктошуп түлөбөйт.
  • Салмагы абдан жеңил.

Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү кымбатына карабай кашемирдин жогоруда санап өткөн артыкчылыктарына карап, андан даярдалган кийимдерге басым жасашууда.

КАШЕМИРДИ ӨНДҮРҮҮДӨ КЫТАЙ АЛДЫДА
Учурда дүйнөлүк рынокту өз колуна кармаган Кытай бул тармакты да четте калтырган эмес. Кашемирди өндүрүү жагынан аталган өлкө дүйнөлүк өндүрүмдүн 60 пайызын ээлейт. Андан кийинки орунда тургандар: Монголия 25 пайыз, Иран менен Ооганстан 10 пайыз, Орто Азия, Түркия, Индия, Австралия, Жаңы Зеландия жана Пакистан биригип 5 пайыз өндүрөт. Ал эми эчкиден алынган кашемирди кайра иштетип, кийим өндүрүү жагынан эң алдыңкы сапта Италия турат. Аталган өлкөдө алдыңкы технологиялардын жардамы менен эчкинин тыбыты тазаланып, боёлуп, була иштетилип чыгарылат. Эң жогорку сапатта өндүрүлгөн кездемелерди колдоно алган, мода дүйнөсүндө чоң тажрыйбасы бар италиялык өндүрүүчүлөр кашемир кийимдерди чыгарууда алдына эч кимди салбайт.

БИЗДЕ ДА КАШЕМИР БЕРЧҮ ЭЧКИЛЕР БАР
Индиядагы кашемир берген эчкилерге көптөр көз артып, аларды ар кайсы өлкөлөр өзүлөрүндө багуу үчүн аракет кылышкан. Бирок бул эчкилер климаты кышында суук, жайкысын жылуу аймактарды байырлагандыктан, жылуу өлкөлөргө барганда тыбытынын сапаты төмөндөп кеткен. Союз учурунда Орто Азияга да алып келип, Кыргызстандагы ангор эчкиси менен аргындаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Аргындаштыруунун натыйжасында кашгора тыбытын берүүчү эчкинин түрү пайда болуп, тыбыты кашемирге жетпесе да, андан кем калышпаган сапатка ээ болгон. Ал эми 2000-жылдары изилдөөлөр жүргүзүлүп, анда көрсөтүлгөндөй, Союз учурунда кашемир эчкилери менен аргындаштырылбай калган жергиликтүү эчкилер эң жогорку сапаттагы кашемир тыбыт жүнүн берери белгилүү болгон.

КАШЕМИРДИ БИЛҮҮ ҮЧҮН...
Таза кашемирди аныктоо үчүн аны чачыңыз менен салыштырып көрүңүз. Адамдын бир тал чачынын жоондугу 50 микрометрден 110 микрометрге чейин болсо, кашемирдин жоондугу 16 микрометрди гана түзөт.

КЫСКАЧА

  • Европа кашемирди алгачкы ирет 18-кылымда тааныган. Наполеон чыгышка жасаган жортуулдарынын биринде алып келип тараткан.
  • Бир кашемир свитер токуу үчүн 3-4 эчкинин тыбыты талап кылынат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан