Шоу чөйрөдө жүрүп ырчы-чоорчулардын көптөгөн сырларын билип калбадыкпы. Андыктан шоу-бизнестин «мафия» же, мындайча айтканда, «бандаларынын» картасын ачып берели деп чечтик. Кандайча «банда» деп түшүнбөй турасызбы, төмөндө аты аталчу ырчылар дайыма чогуу жүрүшкөнүнөн улам.
«АКСАКАЛДАР БАНДАСЫ»
Сахнадан айда-жылда гана жүзүн бир көрсөтүп коюп эл алдына көп чыга бербеген атактуу инсандарыбыз – ырчылар Ырыскелди Осмонкулов, Эркин Мээрканов, Адил Чекилов жана Актан Исабаев. Бул мырзалар мурун сахнада ырдап планын толтурганбы же өздөрү менен кошо күйөрмандарын да кафе-ресторандарга ала кетишкенби, айтор, көрүнүшпөйт. Буларды шоу-бизнестин «аксакалдар бандасы» деп атап койсок болчудай.
КЕЛЕЧЕКТИН «ЛЕГЕНДАЛАРЫ»
Өткөндө эле интернет баракчасында «биз бүгүн жылдызбыз, келечекте легендага айланабыз» деп Мирбек Атабеков балп эттирди эле. Легендага айланчу бул жылдыздын тегерегинде Омар, Арсен, Анжелика, Айбек Замиров, Назгүл Токтакунованы көрүүгө болот. Шоу чөйрөдө бул топтун дагы бир өзгөчө аты бар экен, «элита» деген. Антип өздөрүн өздөрү атап алышканбы же аларга сыртынан бирөө ушинтип баа бергенби, белгисиз. Андай дейин десең, үнү бар-жогу деле тизмеде жүргөнсүйт... «Элита» дегени эмнеси, жалаң чиновниктер менен сыйлуу адамдар катышкан кечелерде ырдаганы үчүнбү же?...
ШЕРИНЕЛЕШ ДОСТОР
Чыгармачылыктан бир гана күйөрман эмес, чыныгы дос күткөн дагы ырчылар бар. Алардын баары үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп калышкан. Урмат Усенов, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Максат Бегалиев, Бакыт Байсариев, Эрмек Нурбаев, Сема кандай майрам болбосун, жакшылык-жамандыкта дайым бирге. Буларды «тынчый баштагандар» деп атасак туура болот. Анткени мындан 4-5 жыл мурун баары чыгармачылыкта катуу иштеп, хит ырларды жаратып жүрүшкөн. А бирок үй-бүлө күткөндөн кийин баары бир мурункудай "сүйдүм сени, кара көз" деп ырдабай калышты. Ошондуктанбы же болгон күчүн үй-бүлөгө жумшап жатышабы, айтор, хит ырларды жаратпаса да, булуттан чыккан айга окшоп бир жылт көрүнүп коюшат.
БИЙКЕЧТЕРДЕН КВАРТЕТ
Азыр бир көзүң экинчи көзүңө душман болуп турган заманда кыздардын, өзгөчө шоу чөйрөдөгү айымдардын ишеничтүү курбу күтүп кетиши чанда кездешет. А бирок бизде айымдардан турган бир «мафия» бар. Алар: Нурзат Токтосунова, Элина Абай кызы, Айпери Обозова жана Гүлнур Асанова. Квартеттин улуусу Нурзат көп чет жакка чыга бербейт. Ал эми калган трио кайда болбосун гастролдордо чогуу. Бир-эки жыл мурун Элина Айпериге таарынганбы же өзүнчө карьера курайын дегенби, «Версустан» кетип, «Арууке» тобун ачып, бийлеп жүргөн. Кийин кайра кайтып келди.
КАНАТТЫН АСМАНДАГЫ «БАЛДАРЫ»
Оо, Канат Култаевдин "балдары" бойдок "атасынын" аракети жана кудурети менен асманда жүрүшөт. Алгач продюсер "атакесине" чалып, ага идеяң жакса гана "баласы" менен сүйлөшмөй. Ушундан улам аларды "кол тийбестер" деп атасак да болчудай. Мирбекти кошпогондо төрт жигит: Даниель, Гүлжигит Калыков, Бек Исраилов жана Алихан Канаттын «бандасы». Алар ынтымактуу түрдө былтыр Алиханды үйлөп, эми кийинкиси кезегин күтүп жатат. Продюсери буларды шоу-бизнестин быкы-чыкыларына көп кийлигиштирбейт. Өзү салонго жаздырат, ыр-клиптерин бүтүрүү да Култаевдин мойнунда.
«БАНДАСЫ» ЖОК ЫРЧЫЛАР
«Кызыл өрүк», «Лейлектик кызга», «Кызыл гүл» деген ырларды бир жолу кыңылдап ырдаган жокмун деңизчи... Антип айта албасаңыз керек. Анткени бул ырлар эч кандай пиары жок эле өз угармандарын эчак тапкан. Дал ушул ырлардын аткаруучулары Мирлан Баеков, «Кеңеш» тобу, Гүлжигит Сатыбеков, Жеңишбек Айтиевди карапайым журт сүйүп угат. Анан да буларды кээ бир өзүн укмуш жылдыз сезген ырчылар тоготпой, өздөрүнө теңебей, көзүнүн үстү менен карашат. А бирок элге алардын пикири кызык эмес да.
Анан да ырчылар арасында койдой жоош, шоу-бизнестин чыр-чатагы, интригалары менен иши жоктору да бар. Алар ырын жаздырып, ырдап коюп эле жүрө беришет. Эч кандай "бандаларга" да кошулбайт. Мындай ырчылардын катарына Добр, Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Алекс, Алишер Тоотаев, Аскат Мусабеков жана башка ырчыларды кошсок болот.
ЖАНА ДА...
Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Бакыт Букаев, Турусбек Жумалиев, Мерген Турган өздөрүнчө бир «банда». Роза Шакирова, Айгүл Чалова, Айнура Салахидинова, Фарида Карбосова, Азиза өзүнчө топ. Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев кан доспуз дешсе, «кичи» Канаттын (Канат Кадыржан) «балдары» Нурлан Насип, Аваз Акимов, Данияр Эрматов дайыма чогуу. Ал эми Ильяз Абдыразаков «братандары» Өктөм Сапар уулу, Мирлан Ниязов менен бирге жүрсө, Бегиш, Баястан, Арман көптөн бери ажырагыс достордон.
Толик сынчы
star@super.kg