ЖАҢЫ КОНУШТАРГА АЙМАКТЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨЛӨРҮ АЧЫЛДЫ

14-февраль күнү Бишкектеги Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Көк-Жар конуштарында аймактык милиция бөлүмчөлөрү ачылды. Аталган иш-чарага Бишкек ШИИБинин жетекчиси Мелис Турганбаев, шаар мэри Иса Өмүркулов, ЕККУнун өкүлдөрү, район акимдери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Аймактык милиция бөлүмчөлөрдү ачуунун негизги максаты – милицияны элге жакындатуу. Себеби шаар ичине салыштырганда жаңы конуштарда кылмыштуулук көп катталат. Кылмыш катталып, телефон чалышканда ыкчам иликтөө тобунун кылмыш болгон жерге жетүүсүнө жолдун алыстыгы кыйынчылыкты туудурат.Шаардык милициянын жетекчиси Мелис Турганбаев төмөнкүлөрдү баяндап өттү:
– Чет жерде жүргөнүмдө аймактардагы тартип сактоо үчүн ушундай бөлүмчөлөр бар экенин көрүп, Кыргызстанда дагы ачуу керек деген ой пайда болгон. Бишкек шаардык милициясына жетекчи болуп келгенден кийин конуштар менен иш алып барган милиция кызматкерлерин жыйнап, кылмыштуулукту азайтууга кандай аракет көрүү керектиги жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Алар аймакта иштөө үчүн шарт жетишпей жатканын белгилешти. Алсак, бөлүмчөлөр жок болгондуктан, конуштардын көчөлөрүндө жүрүп иш күнү өтөт экен. Мисалы, Калыс-Ордо конушу шаардан алыс жайгашкан. Ал эми бул конуш Биринчи Май районуна карайт. Бул жакка келип кетүү үчүн бир-эки саат убакыт кетет. Мында иштеген биздин кызматкер эртең менен шаардагы райондук бөлүмгө барат. Андан чыгып бул жакка келгичекти 2 саат жолуна кетет. Ошентип, түшкө маал келет да, ары жак, бери жакты үстүртөн бир карап коёт. Тынч болсо, өзүнүнүн иштери менен же базар аралап жүрүп, кечке маал бир келип көз чаптырып коёт да, анан кайра райондук бөлүмгө жөнөйт.
Жергиликтүү жашоочулар милициясы ким экенин тааныбайт, анын бар экенин деле билишпейт. Ал эми бөлүмчөнүн жакшы жагы – милиция элге жакын болот. Жумушуна мурункудай райондук бөлүмгө барып отурбай, түз келет. Тартип да орнойт.


Ушул жылдын биринчи кварталында аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн санын 40ка жеткирүү каралган. Милиция бөлүмчөлөрү контейнерден салынып, анда милиция кызматкерлеринин иш орду жана тартип бузгандарды убактылуу кармоочу жай дагы бар. Жалпысынан 40 бөлүмчөнү ачууга быйылкы жылдын эсебинен 15 миллион сом каражат бөлүнгөн. Аны менен катар конуштарда мурда бирден гана милиция иш аткарып келсе, эми алардын саны калктын санына жараша 3-4кө көбөйтүлөт.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bahar
2013-03-05 01:13:59
Tuura kilishkan eken,bolboso uylorgo uuru guchodu.Karangida gochodon baskandan da korkosun ar koshkon batirde jashagandar bar.
0
mahabat.
2013-03-06 11:17:54
ушинтип жана жакшы жанылыктар кобойуп турсун жерибизде
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан