Бала кезинде мээрман айым болуп адамдарга жардам берүүнү эңсеген ою орундалбаптыр. Анын тилегин тагдыр башкача нукта ишке ашырып, телерадио айдыңына алып келген. Бүгүнкү кеп төрүбүздүн коногу – Дария Санташева.
Туулган жылы – 1992-жыл, 4-ноябрь
Бою – 160 см
Салмагы – 50 кг
Учурда – КУУнун журналистика факультетинин 4-курсунун студенти
Мүнөзү – өжөр, айтканынан кайтпайт
Өзүндөгү баалаган сапаты – боорукерлик
– Дария, кепти сенин кандайча радио дүйнөсүнө аралашып калганыңдан баштасак...
– Бул жаатта эмгектенип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кичинекей кезимде үйдөгүлөр «чоңойгондо ким болосуң?» дешсе, «врач болуп элди оорудан айыктырам» дечүмүн. Чоңойгуча эле ушул ой менен жашадым. Анан 1-курста окуп жүргөндө апам «радиодо ди-джейлерге кастинг болуп жатыптыр, барып көрбөйсүңбү» деп калды. Кастингге келген күн азыр да эсимде. Кишинин көптүгүн көрүп, «кандай жерге туш келип калдым, бул мага керекпи, жокпу?» деп эки анжы ойго кептелгем. Бирок 150 талапкердин ичинен жетекчилик мени тандап алган.
– Сени телеалпаруучу катары да көрүп калдык. Кайсы тармак сага жакын?
– Радио – менин эң башкы жумушум. 2010-жылдын ноябрь айынан тарта "Кыргызстан Обондорунда" эмгектенип келем. Бул жай мага өзгөчө жакын. Анткени бул жерден нанымды таап жейм. Бирге иштешкендердин баарын бир тууганымдай көрөм. Өзүмдү эркин алып жүрө алам. Ал эми телеге чыкканыма 4 ай гана болду. Ошондуктанбы, өзүмдү ыңгайсыз сезип, кысыла берем. Балким, убакыттын өтүшү менен бул адатым калат чыгар.
– Алгачкы эфириң, дегеле андагы кызыктуу жагдайлардан эске салсаң...
– Эсимде, алгачкы жумуш күндөрүмдүн бири болчу. Менден мурун Нурзада Жолдошованын эфири болгон. Билбейм, микрофонду ал өчүрбөй кеткенби же мен күйгүзүп алганмынбы, айтор, түз эфирде жаңырып жаткан ырдын үстүнөн 12 мүнөт сүйлөгөм. Жаңылык окуп, ырдап, күлүп, айтор, өзүмчө эле жыргай бериптирмин. Жетекчилик муну байкап, мага эскертүү берген.
– Ди-джейлердин көпчүлүгү ырдап жүрүшөт. Сенде мындай ой жокпу?
– Мындан жарым жыл мурун ырчы болуп кетсемби деп ойлогом мен дагы. Бирок "Радио-той" долбоорунда Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырдап чыкканда ыр жаздыруунун, ырдоонун түйшүгүн жон терим менен сездим. Ырчы болуш үчүн талант, анан дагы талыкпаган эмгек кылыш керек экенин түшүндүм.
– Устаттарым деп кимдерди айта аласың?
– Кесиптештеримдин бардыгын айтар элем. Анткени аларга атаандашып, мен дагы устаттарымдын деңгээлине жетишим, жакшы жактарын алышым керек деп тынбай аракет кылып жүрүп азыркы ийгиликтерди багынттым.
– Элге тааныла баштагандан тарта жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?
– Мурун мени жакындарымдан башка эч ким таанычу эмес. Азыр элдин көзүндө, сынында болгондуктан, жакшы сөздөр менен катар «Дария бой көтөрүп, кыйын болуп кетти», «бул кыздын обу жок» деген кептер айтыла баштаганына күбө болуп жатам. Бой көтөрөт дегендерге кошулбайм. Эми жумушка байланыштуу бирде убактым бар, бирде жок дегендей. Кээде бирөө бир нерсе суранып калса баш тартып коюшум мүмкүн. Ал эми обу жок экенимди танбайм. Анткени үйдүн эрке кызымын. Чектен ашпайм, бирок каалаганымды жасайм.
– Журналистикада канча убакыт кармалам деп ойлойсуң?
– Кээде жумуштан ар кандай пикир келишпестиктер болуп кеткенде же болбосо аябай кыйналганда өзүмчө ойлоном. «Эмнеге толгон кесиптен ушуга токтолдум экен, ызы-чуу, интрига... Андан көрө банк кызматкери болуп жумушумду так аткарып отурганым жакшы эмес беле?» деп кейип калам. Бирок баары бир жан дүйнөмдө журналистика өзүнө тартып турат. Билбейм эми, келечекте жеке бизнес ачып, ишкер айым болгум келет. Бул оюм ишке ашканча радио менен телевидениенин казанында кайнай берет окшойм.
– Балалыкка көз чаптырсаң...
– Нарында төрөлүп, Көлдө окудум. "Кичинекейиңде аябай ыйлаак болчусуң" дешет үйдөгүлөр. Баланын алгач маңдайкы тиштери жарылат эмеспи, меники элден айырмаланып, азууларым чыгыптыр. Жиним келсе эле эжемди тиштеп алчу экенмин. Мындан улам таятам мага «карышкыр кыз» деген ат коюп алган. Азыркыга чейин мени ушинтип чакырат.
– «Камырды тегиз жайган кыздын келечекте жолдошу да тың болот» деп коюшат. Ди-джей кыз ашканада кандай болду экен?
– Мындай ырымдарга абдан ишенем. Тың эле болот окшойт анда. Анткени камырды жакшы жаям. Тамактын баарын катыра жасабасам да, жакындарым дымдамамды мактап жешет.
– Эми жеке жашооң тууралуу сөз кылбасак болбос...
– Башкалардай болуп бар жигитимди жок деп тана албайм. Мени ар тараптан колдогон жүрөгүмдүн ээси бар.
– Маегиңе рахмат.
Асел Асанова
star@super.kg