УУРУНУН МАХАБАТЫ

Таланттуу актёрлор, кызыктуу мазмун, жогорку сапат. Бул айтылгандардын бардыгы “Уурунун махабаты” тасмасынын негизин түзөт. Эмесе, мистика, сүйүү, криминалдык чөйрө, өлүү жана төрөлүү темаларын камтыган көркөм тасмага чогуу саякат жасайлы.

Мазмуну

Жоокерлик заман. Эрдемсинген каракчы жигит сулуу кызга ашык болуп артынан түшөт. Бирок сулуу кыздын жүрөгү бош эмес. Сүйүшкөндөр качып, алардын артынан кууган каракчы жигит сулуунун сүйгөнүн өлтүрөт. Аны көргөн кыз өзүнө канжар урат. Ошол учурда жаңылган жаа каракчынын да өмүрүн кыйып, шейит кетет. Бирок тиги дүйнөдө жашоо менен өлүмдүн дарбазасында отурган кемпир каракчынын акыркы өмүрү экенин, өлтүрүлгөн кыз-жигит кийинки жашоодо анын ата-энеси болорун айтат. Кемпирдин кызы кепилдикке өтүп, каракчы жигитке дагы бир өмүр тартуулап коюшун суранат. Ошентип, кыз өзүнүн бир өмүрүн каракчы жигитке тартуулайт.

Окуя кайрадан биздин күндөрдө уланат. Каракчынын жаны азыркы күнгө туш келип, Дамир аттуу “мыйзамдагы ууру” болуп төрөлөт. Ал Дамир Барчын аттуу 18 жаштагы кызга ашык болуп калат. Бирок Барчындын жүрөгү жалгыз гана сүрөтчү жигит Адилетке арналган эле. Тубаса жүрөк оорусу бар жигитинин аз гана күндүк өмүрү калганын билген Барчын ал өлөрү менен өз өмүрүн кыйганга даяр.

Ушул эле чөйрөдө балдар үйүндө тарбияланган Диля аттуу кыз чакан банданы башкарат. Дамирдин жардамын кабыл албагандыктан, Дамир Диляны өлүмгө буюрат. Бирок ок башка адамга тийип Диля аман калат да, Дамирден өч алууну көздөйт. Эч кимди аябаган катаал Дамир сүйүүгө гана тизе бүгөт. Кандай болсо да Барчындын аман калышын каалап, жигитине донордук жүрөк салдырганга жардам берет. Сүйүшкөндөрдү узатып аэропортто турганда Диля келип, Дамирди өлтүрөт.

Кайрадан жашоо менен өлүмдүн ортосундагы дарбаза. Дилянын колунан каза тапкан Дамирди дарбазанын алдында оту­р­­ган кемпир жылуу тосуп алат. Жашоодо эки жашты табыштырып со­о­п­­­ко калганы үчүн кемпир Дамирге дагы бир ирет өмүр берет. Кайрадан өмүр жолу уланып, ал бул жолу Адилет менен Барчындын уулу болуп төрөлөт.

Фильмдин жаралышы

Фильмдин идеясы сүйүүнүн курмандыгы болгон Канат менен Заринанын окуясынан кийин жаралган. Мыкты фильм тартууну көздөгөн режиссёр Эрнест Абдыжапаровго бул окуя өзгөчө таасир берип, «өзгөчө сценарий жазып, мыкты фильм жаратам» деп жүргөн учурда бул окуя тууралуу “У любви свои небеса ” фильми тартылып калат. Эми кайталап тартуунун кажети жок болуп калгандыктан, режиссёр ошол эле окуянын өзөгүн алып, бирок таптакыр башка сценарийди жазып чыгат.

Катышкан актёрлор тууралуу...

"Бул сценарийдин жазылышына башкы каармандарды ойногон Элинанын жана Асеманын да ролу чоң. Буга чейин Асема бандит кыздын ролун мыкты ойноону максат кылып жүргөндүгүн айткан. Ал эми Элинанын талантын байкап жүрүп, “ушул кыз чоңойгондо менин тасмамда башкы каармандын ролун аткарса” деп жүргөм. Ал эми башкы ролду ойногон Кубанычбек Адылов Казакстандын жараны болгону менен көлдүк кыргыз жигит. Бул ролго актёр табыш үчүн эчен жерди кыдырдым. Жүзү сүрдүү адамды табыш өтө оор болду. Алматыдагы бир театрда ойногон Кубанычбекти бир көрүп жактырдым. Ал эми Хамиддин ролундагы Айбек Дамуровду көчөдөн эле таап алдык. Жашоодо андай баш кесер эмес, жөнөкөй эле касапчы", - дейт режиссёр.

Фильмге кеткен каражат

Фильм тартыла электе 1 миллион доллар сарпталат деп эсептелинген. Анткени германиялыктар, орусиялыктар менен биргеликте тартылмак болгон. Сценарийди окуп жактырышкан алар убадаларын берип кеткен. Бирок тартылып баштаганда алар баш тартып коюшкан. Фильмдин каражатына 200 миң доллар кеткен. Мунун жарымы мамлекет тарабынан бөлүндү. Режиссёрдун айтуусунда, сапаты жагынан бул тасма акыркы жылдардагы фильмдерден айырмаланып турат. Көргөн адамга фильм 1 миллиондук тасмадай эле тартылган. Ал эми каскадёрлор, трюктар, костюмдар режиссёрдун аракети менен арзанга түшкөндүктөн, 800 миң доллар үнөм болгон. Кеткен каражатты тасма Кыргызстандан актай албайт. Ошондуктан бул фильмди сапаттуу плёнкага түшүрүп, эл аралык конкурстарга жиберүү максаты алдыда...

кызыктуу...

Көптөр болжолдогондой фильм­деги Дамир Рыспек Акматбаевдин прототиби эмес. Бирок экөөндө окшоштуктар бар.
Барчын көлгө түшүп кеткен эпизод декабрда тартылган. Актёрлорду суудан тартып алары менен денелерине арак сүйкөшүп, ысык мончого алып барып, ооруп калуусуна жол беришкен эмес.
Кайра тасманы которгонго акча кетпеши үчүн тасма түз эле орус тилинде тартылган.

Нуржамал Жийдебаева
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aijamala
2010-10-19 19:42:39
9 ho4u posmotret` etot film`...o4en`...
0
№ 345, 12-18-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан