БАШКА ӨЛКӨНҮН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН ФУТБОЛЧУЛАРДА КАНДАЙ МАСЕЛЕ ЖАРАЛАТ?

КАНАТ АСЕНОВ, КРнын Футбол федерациясынын маалымат катчысы:
– Кыргыз футболунун өнүкпөй жатканынын себептеринин бири да ушул жарандык маселесине байланыштуу. Кыргызстандын жаштар курама командасында ойноп жүргөн же Кыргызстанда чоңойгон жаш таланттарыбыз башка өлкөлөрдүн курама командасына кирип кетип жатат.
Ал эми улуттук курамда ойноп коюп, азыр Эмил Кенжесариев, Антон Землянухин башка өлкөлөрдүн курамдарында ойной албай жүрүшөт. Мына азыр улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов Казакстандын биринчи Лигасында «Окжетпес» деген командада жүрөт. Ал эми 21 жашка чейинки жаштар курама командабыздын капитаны Валерий Кичин Орусиянын Премьер Лигасында ойногон «Волга» клубунун кароосунан өтүп жатат. Айтып койчу жагдай, башка өлкөнүн лигасында ойноо үчүн сөзсүз эле жарандыкты алмаштыруу керек эмес. Ар бир өлкөдө легионерлер үчүн (чет жерден келген футболчулар) үчүн лимит каралган. Мисалы, Европада бир клубда 7 легионерге орун каралган. Анын бешөө бир учурда майданга чыкса болот (Кыргыстандын Топ-лигасында деле дал ушундай көрүнүш бар). Эгерде эле ошол лимит толуп калган болсо, машыктыруучу легионерлерди карап чыгып, алсыздарын айдап иет.
Биздин футболчулар көбүнчө айдалып кетип жаткандыктан, дароо эле жаран катары ойноону туура көрүп, паспорт алмаштырып жатышат. Оңой эле кыргыз паспортунан баш тартып, арыз жазып алышат. Бир футболчу чет элдик клубга жакса, клуб бизге, федерацияга кат жолдойт. Эгерде ал футболчунун клуб менен келишими болсо, анда федерация ортого кийлигишпейт. Ал футболчунун келечеги, келишимин бузуу боюнча клубдар гана өз ара сүйлөшүшөт. Азыр кыргыз улутундагы таланттуу футболчулар Германияда, Орусияда, Украинада, Казакстанда көп. Эгер ушул футболчулар Кыргызстанга келсе, улуттук курама команда өсмөк деп ойлойм.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан