КОНТЕЙНЕРДЕН ЖАСАЛГАН ҮЙЛӨР

Кыргызстанда соода-сатык күч алгандан тартып контейнер деген түшүнүк пайда болгон эле. Эми ошол соода түйүнү катары колдонулган контейнерлерден акыркы жылдары үйлөр да салына баштады. Бул үйдүн артыкчылыгы эмнеде жана кандай кемчиликтери бар, баам салып көрөлү.
Бишкек шаарынын чет жакасындагы конуштардын биринде контейнерден салынып жаткан үйдү көрүп кайттык. Үйдүн бир жак бетин шыбак менен шыбап баштагандыктан, бир караганда контейнерден салынып жатканы билинбейт. Мындай карасаң, кадимки эле кыштан салынган заңгыраган эки кабаттуу чоң там. Учурда бул үй толугу менен бүтө элек.

ҮЙГӨ НЕГИЗГИ МҮНӨЗДӨМӨ

  • Аталган үйгө узундугу 12 метр, туурасы 2,4 метр жана бийиктиги 2,8 метрлик 6 контейнер, тактап айтканда, астыңкы кабатка 3 жана үстүнкү кабатка 3 контейнер жумшалыптыр.
  • Ичинин жалпы аянты 180 чарчы метр. Биринчи кабатта холл, ашкана жана зал жайгашса, экинчи кабат уктоочу 5 бөлмөгө бөлүнүптүр.

ҮЙДҮН САЛЫНЫШЫ ТУУРАЛУУ СӨЗ КЫЛСАК...

  • Алгач пайдубалы даярдалып, үстүнө эшик-терезеси, ички дубалдары кесилген контейнерлер коюлат.
  • Андан кийин контейнерлер бириктирилип ширетилет.
  • Үйдүн каркасы даяр болгон соң тепкич, жылыткыч, канализациялык түтүктөр жана электр зымдарын орнотууга мүмкүн.
  • Жогорудагы иштер бүткөн соң үйдү жылуулоо иштери жүргүзүлөт.

ПАЙДУБАЛ
Пайдубал кыштан салынган үйдүн негизин түзөт. Ал эми контейнерден салына турган үйгө талап деле кылынбайт. Контейнерди тегиз жерге орнотуп койсо деле болот. Бирок темирдин чирибеши, үйдүн ичи жылуу болуусу жана үй көрктүү көрүнүш үчүн пайдубал куюлат. Аны туурасы 30 сантиметр кылып куйса болот.

ПОЛ
Контейнердин алдыңкы бөлүгү калың жана ал даяр пол десек болот. Бирок жылуу жана кооз болушу үчүн анын үстүнө кошумча пол төшөө зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша тактай, паркет, ламинат же линолеум төшөлөт. Ошондой эле жылуу пол орнотууга да мүмкүн.

ЧАТЫР
Чатыры үчүн жыгач устун, тактайлар колдонулат. Каражатка жараша шифер, черепица же ондулин менен жабылат.

ЭШИК, ТЕРЕЗЕ
Эшик менен терезени орнотуу кадимки тартипте эле монтаждык көбүктүн жардамы менен бекитилет.

ШЫП
Сырткы бети:

  • Шыптын сырты, тактап айтканда, чатырды караган жак бетин жылуулоо үчүн алгач контейнерлер бириктирилип ширетилген бөлүктөрүндөгү бардык жыртыктарды бүтөп чыгуу талап кылынат.
  • Андан соң айнек кебез жаткырылып, анын үстүнөн пенопласт менен бекитилет.

Ички бети:

  • Шыптын ички бети болсо дубалдарды жылуулагандай жол менен жылууланып, шпаклёвка тартылат.
  • Андан соң шыпты табитиңизге жараша кооздоп алсаңыз болот.

ДУБАЛ
Кыштан салынган дубалдарды жылуулоодо, негизинен, шыбак гана колдонулат. Ал эми контейнер темир болгондуктан, аны жылуулоого көп материал талап кылынат.
Алгач сыртынан баштасак

  • Контейнердин сыртына пеноплэкс чапталып, буроолор менен бекитилет. Жылчык калтырбай чаптап чыгуу зарыл. Жылчыктарды бүтөөгө курулушта колдонулуучу монтаж көбүгү (пена) жакшы.
  • Пеноплэкстин сыртынан шыбакты кармай турган тор тартылат.
  • Андан кийин дубалды түздөп алуу үчүн цемент аралашкан шыбак, андан соң кооздук (декоративный) шыбагы же мүмкүнчүлүк жок болсо актап койсо деле болот.

Дубалдын ички бети

  • Биринчи кадам дубалга тактай же темир профилдерди орнотуудан башталат.
  • Орнотулган профилдердин арасына жылуулукту жакшы сактай турган айнек кебез (стекловата) салынат. Колдон келсе өрт коопсуздугу үчүн базальт кебезин салган туура.
  • Айнек кебез салынган соң электр зымдарын монтаждоо иштерин бүтүрүп, анын сыртынан гипс картону бекитилет.
  • Кийинки кадамда шпаклёвка тартып, дубал кагаз чапталат.

БӨЛМӨ АРАЛЫК ДУБАЛДАР
Бөлмө аралык дубалдарды бөлүү үчүн жеңил материалдарды колдонуу талап кылынат. Анткени кыш сыяктуу оор материалдар колдонулса, контейнер ийилип кетет.

  • Бөлмөлөрдү бөлүүдө алгач темир же жыгач түркүктөр орнотулат.
  • Түркүктөргө тирөөч тактай же профиль бекитилип, алардын ортосуна жылуулук сактоочу айнек кебездер салынат. Бөлмө аралык дубалдар үчүн жылуулук сактоочу жана үн өткөрбөөчү изолон материалын колдонуу туура.
  • Ал эми тирөөчтөргө эки жак тарабынан гипс картону бекилет. Андан соң шпаклёвка тартып, дубал кагаз чапталат.

КОНТЕЙНЕР ҮЙДҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА КЕМЧИЛИГИ
Артыкчылыктары:

  • Курулушка кеткен убакытты үнөмдөйт. Анткени дубалы жана шыбы даяр болгондуктан, ашыкча убакыт кетпейт.
  • Жер титирөө, суу каптоолордо туруктуулугу жогору.
  • Бир, эки контейнерден салынган үй болсо, каалаган учурда аны бузбастан көчүрүп кетүүгө мүмкүн.

Кемчиликтери:

  • Аба өткөрүүсү жокко эсе. Мындайча айтканда, үй дем албай жайкысын ысык, ал эми кышкысын муздак болот. Мындан улам үйдөгү температураны сактоо үчүн дайыма көзөмөл керек. Кышкысын жылытып, жайкысын салкындатып туруу түйшүгү көп эмгекти жана каражатты талап кылат.
  • Чатырдан оордук келсе, шып ийилип кетиши мүмкүн (мисалы, кышкысын кар калың жатып калса).
  • Дубалга катуу нерсе тийсе, темири ийрейип, анын сыртына чапталган материалдар талкаланып калышы мүмкүн.
  • Шыбактын алды суу тийип нымдашып калса, темир чирий баштайт.

Учурда Кыргызстандагы 12 метрлик контейнердин баасы абалына жараша 1000 доллардан 2000 долларга чейин турат. Контейнерден көбүнчө кафе, ашкана, дүкөн, кеңсе, кампа же убактылуу жашоочу көчмө үй курууга ылайыктуу жана буга каражат да аз сарпталат. Ал эми туруктуу үй катары куруп жашоо үчүн контейнерди жылуулоого эле көп каражат талап кылынат. Жогорудагы салынып жаткан үйдүн ээлеринин айтымында, бул эки кабат үйдү курууга көп каражат кетип жатыптыр. «Эгер кыштан салганыбызда эбак эле бүтүп кирип алмак экенбиз» дейт. Үйдүн башталганына быйыл үчүнчү жыл болуптур.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
AZA.KG
2013-03-04 21:01:40
Жакшы экен Бирок! зыян жактары коп экен.
0
chicagogirl
2013-03-05 05:50:07
Прикольно :)
0
zheen
2013-03-05 18:57:12
жакшысы ата бабабыз жашап откон боз уй тигип жашабайлыбы. эч кандай коркунуч жок.
0
ilgez
2013-03-11 02:31:22
zheen, корсотуп беришин керек экен , заманбап стилде.
0
Kg.lady
2013-03-05 23:41:20
адамдын таппаганы жок...
0
emantekova
2013-03-06 01:08:34
Адамдан амал качып кутулбайт
0
bektursun2010
2013-03-06 18:35:48
мен баня салсамбы деп ойлоп калдым
0
janus
2013-03-07 14:43:29
Кант жакта толтура го контейнерден особняк салып коюшкандар
0
Mambo87kg
2013-03-07 22:36:00
Мен муну уйго эмес,уйдун подвалына молжоп журчум.Бирок бул жобосу да жакты
0
allan
2013-03-08 23:21:43
жер титирегенден,суу каптагандан сактаганы жакты
0
chika-chika88
2013-03-09 05:19:29
жаккан жок
0
ruslan1969
2013-03-09 15:54:44
жакшы идея ишке ашыптыр
0
jeniw
2013-03-09 19:55:54
бир контейнер канча турат
0
rozka
2013-03-09 22:26:15
Мага дагы жаккан жок уй дагы аба киргизип дышать эткени жакшы го ден соолука дагы
0
abu_kg
2013-03-10 01:31:04
бектурсундун оюна кошулам. Мен да мончо салсам деп жургом.
0
Rostov-on-Don
2013-03-18 16:59:02
abu_kg, Суу тийсе бат эле чирип калбайбы мончого ылайыктуу эмес!Мага да мындай там жаккан жок!
0
gulu_8480
2013-12-13 20:27:39
- жактары коп экен
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан