«ОСКАР-2013» КИМДЕРГЕ БУЮРДУ?

24-февралда АКШнын Лос-Анжелес шаарында Голливуд жылдыздарынын көптөн күткөн «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Кеченин башкы наамы болгон «Мыкты фильм» сыйлыгын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялады. Бул номинацияны 9 тасманын ичинен мыкты делинген режиссёр жана актёр Бен Аффлектин «Арго" операциясы» илип кетти. Ал эми тайвандык режиссёр Энг Линин «Пинин жашоосу" аттуу тасмасы «Мыкты режиссёрдук иш» наамын алды. Бул тасмага атаандаш болгон Стивен Спилбергдин «Линкольн» тасмасында президенттин ролун жараткан Дэниел Дэй-Льюис «Мыкты актёр» наамына татыды. Ал эми «Мыкты актриса» сыйлыгына «Менин жигитим акылынан адашкан» тасмасындагы ролу үчүн 24 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс ээ болду. АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан «Оскар» сыйлыгы булардан сырткары 24 наам боюнча сыйлык тапшырды.
Албетте, ар бир кече эсте каларлык кызыктар менен коштолот. Аны сүрөтчүлөр, папараццичилер кантип көз жаздымдан кетирсин...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
laliya26
2013-03-04 11:14:38
Кристенжанга не болгон? Кыязы экс-бойфренди Робертжандан келтек жеген го))))
-2
mahachina1981
2013-03-05 14:29:26
Булар келтек жебей калдыго!?Келтек только кыргыздарда
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан