ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Асмандын ачуусу бат, жини мурдунун учунда, мүнөзү кырс, бирок ишенчээк. Сөз же адам жакпай калдыбы, ойлонуп отурбастан тарс бетке айтып салат. Ромамын деп чалган жигиттин да шагын сындырып, урушуп салып, кайра ойлонду. Бир топко башын катырып отуруп акыры тапты. «Ий, желмогуз десе, журналист жигит да, тимеле табышмактатып атын айтпай...» Өзүнчө күбүрөнгөн кызын карап апасы күлүп койду. Асманды бир көргөн жигит сөзсүз карап калары турган кеп. Көздөрү балбылдап, кырдач мурду, оймок оозу кайсы эркекти болбосун өзүнө имерет. Алгач классташы Тилек, андан соң Мелис жабышса, кийин Космос ала качты, эми журналист жигит жабышты. Бирок Асмандын азырынча көңүлү Мелисте гана. Бир күнү Асман агасына карап бултуңдады.
– Мен окуймбу же соодагер болуп жүрө беремби?
– Окуш үчүн аракет кылыш керек, сенден аракетти деле көрбөй элемин. Апамдын жанында жүрө тур, анын үстүнө экөөңдүн базарың биздин иштен алда канча кирешелүү болуп жатпайбы.
– Ооба, силерге акча эле керек, апам экөөбүз тапкан акчаны карматпайбыз. Окубасам жок, машина алам мен.
Асман агасы менен адаттагыдай кайым айтышты. «Окутпай эле койсун, машина тээп, шаарга барып ырдайм» деп көжөрдү. Ушул убакта журналист жигит эсине түштү, ошонун тааныштары бар да. «Ай, Асман, башың кээде укмуш иштейт да» деп өзүнчө сүйлөнгөн кыз шаарды көздөй зуу койду. Түз эле редакцияга барды. Рома мындайды күтпөгөн окшойт. Маңдайында турган жарык маанай кызды көрүп, апкаарып кетти жигит.
– Кел, сулуу, кайсы шамал айдады?
– Келдим, жардамың керек, брат.
– Хе, мен сага брат болуп калдымбы, кечээ жакында эле тааныбай буркулдап жатпадың беле?
– Мынча эмне таарынчааксың? Эркек бол да!
– Жүр сыртка, маңдайыңдагы эркек шашылыш бир ырчыдан интервью алганы кетип жатат,- деп Асманды жетелеген боюнча сыртка чыкты кабарчы.
– Мен да сени менен барайынчы,- деп ырчынын атын укканда Асмандын көктөн издегени жерден табылгансыды.
Маектешүүгө бир кафени болжошкон экен, барышты. Чын эле ошол убакта ал ырчы, обончу мырзанын атагы таш жарып турган. Жолдо катар экөө баарлашып баратышты. Асман Ромага ырчы болом деп ак эткенден так этип жүргөнүн, ошон үчүн көмөк издеп ага келгенин жашырбады.
– Жалгыз келем дебедиң беле?- деди Романын жанындагы Асманды бутунан башына чейин караган ырчы мырза.
– Жалгыз эле болчумун, бул кыз сиздин күйөрманыңыз экен, ээрчип алды,- деди сөзгө чечен, тапан жигит.
– Аа, жакшы, кел, отургула.
Үчөө эң четте отурушат. Диванга чалкалаган ырчы мырза кабарчынын суроолоруна жооп берип, чайдан ууртап отурат. Кээде Асманды тиктеп калп жылмайып Рома ойлоно калат. «Батыраак сөзүн бүтүрсө боло, Асман менен сейилдегенге да убакыт керек мага» деп ичинен сүйлөнө. Бул убакта кыздын ою таптакыр башка жакта, канткенде азыр бул ырчы менен тил табыша алат. Кыздын мындай оюн капыстан сүйлөп жиберген обончу бузду.
– Асман дедиңби атыңды?
– Ооба. Агай, менин ырчы болгум келет, жардам бербейсизби?- деп айта салды шашыла.
Кыздан мындай жоопту күтпөгөн ырчы бир саамга ойлонуп туруп үн катты.
– Сен мындай кылчы, мен жаш кыздар-балдарды сахнага чыгарсамбы деп жүрөм. Телефонумду таштайм, сеники барбы, болсо бер, балдарга айтып коём, студияга барып ырдатып көрүшөт. Эгер жакшы ырдасаң, менин концертимде сахнага чыгасың. Ырдай албасаң, анда айла жок.
Асманга ушул эле сөз жетиштүү. Рома экөө сыртка чыгып, сейил бакты аралай көпкө басышты. Божурап кыздын кеби түгөнбөйт, акыры коштошушту.
– Козушка, телефонду алып жүргүн, дагы сүйлөшөбүз,- деди коштошордо бала.
– Болду да, сен мага жакшы дос болчудайсың.
– Дос элеби?
– Андан аркысын көрө жатарбыз,- деп койду кыз наздана.
Асмандын эми чындап жогорку окуу жайга тапшырайын деген ниети калбады. «Рома жакшы бала экен, ачык мүнөз, бирок Мелиске жетпейт баары бир». Апасына бежиреп болуп өткөн окуяны айтып, эми аны кыйнай баштады. «Тааныштарың деле бар го, бир жумадан бери афишасы илинип турат анын. Кантка концерт коюп келет экен. Концертине баралы, бүткөн соң сиз ага жолугуп, «менин кызым ырчы болом дейт, көмөк көргөз» деп айтыңызчы, сураныңызчы». Ушинтип ыйлактап отуруп апасын белгилүү обончу, аткаруучунун концертине барганга, аны менен сүйлөшкөнгө көндүрдү кыз. Акыры алар күткөн күн да келди, клубдун ичи толо. Сахнанын көшөгөсү ачылып, алпаруучу жигит чыга келди. Кол чабуулардын коштоосунда комузун колго алган ырчы мырза төгүп кирди ырларынан. Бул убакта Асмандын кол телефону чырылдап калды. «Сасыгым вызывает». Кыз кантип сыртка атып чыкканын байкабады.
– Алло.
– Каяктасың, сыртка чык, үйүңдүн алдында турам.
– Кандайсың, биринчи учурашсаң, мен жакшы.
– Убактым жок, чык дейм!
– Мен үйдө эмесмин, клубга кел. Бир айдан бери дайынын билдирбей кетип, эми келип мага кыйкырат.
Асман ары-бери басты сүйлөнүп. Демейде машинадан түшчү Мелис бүгүн түшпөдү. Көгөрүп кыйла турган селки акыры барып машинанын алдыңкы эшигин ачты. Эмнегедир
учурашайын деп бетин тосуп баратып, Мелис тараптан андай аракетти көрбөгөндүктөн, кайра унчукпай отуруп калды.
– Бүгүн кайсы кара теке сүздү сени? Не мынча кеч жана бир айдан бери...
– Мен коштошоюн деп келдим, жакшы кал, Орусияга кетип жатам.
Кыздын сөзүн бүтүрбөй оозунан жулуп алган жигиттин бул сөзү Асмандын назик дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып жиберди. Үн катпай көпкө туруп, акыры эринин кыбыратып «неге?» дегенге араң жарады. Жигит тараптан жооп жок. «Кайтып качан келесиң?» кыз кайра суроо узатты.
– Себебин сураба, билбейм, качан келеримди.
– Ал жакка барган соң таптакыр байланышпайсыңбы мени менен?
– Асман, мен жылайын, эртең жолго чыгам. Сен жакшы кызсың, баары жакшы болот. Мени эстеп өзүңдү көп кыйнаба, эзилип ыйлаба! Бактылуу бол!
Мелистин мындай сөздөрү жанатан бери букка толуп турган кыз көөдөнүн өрттөп, жүрөгүн өйүп өттү. «Мындайда эмне деш керек? Муштумдай жүрөктүн түрсүлдөп согушун тыңшаган жан барбы? Мен эмне жамандык кылдым эле, кай жерден жаңылдым-жаздым эле? Баарына баягы ала качуу себеппи? Кана, кечээги кыялдар бүгүн жок? Кана, кечээги үмүттөр ушинтип үзүлүп калабы, көксөөсү ушинтип сууп калабы? Эмнеге, эмне үчүн?» Үнсүз ушинтип өзүнө суроо берген кыздын капкара кареги жашка толуп, көзүнөн мөлтүлдөп жаш агып жатты.
– Кечигебиз, Мелис!
Бул сөздү Асман айтпады, ал селт этип артын карады. Караңгыда көрбөгөн экен, Мелистин машинасынын артында бир кыздын отурганын. Эми өзүнө келди, өзөгүн өрттөгөн суроолордун жообу, көрсө, мында тура. Бир айдан бери дайын-оту жок болуп кеткенинин себеби артта отурган селкиде экен. Дагы бир жолу артын караган Асман кызды жакшылап байкап алды. Акыры көз жашын аарчый кайраттана:
– Бар кет, мага демектен Москвадан ары ашып кет. Уктуңбу, экинчи көзүмө көрүнчү болбо! Менин бактымды тилечү сен эмес!
Бакырган Асман машинанын эшигин тарс жапты. Колдору калтырап, клубга деле кирбей, үйү тарапты көздөй көчө бойлоп боздоп баратты. «Жалганчы, алдамчылар!» Көчө караңгы болгондуктан, аркы-терки өткөн машинадагылар келишкен келбеттүү кызга сигнал берип өтүүдө. «Бала кезде атам алдаган, «мына келем, кызым, сага» деп туруп келбей койчу. Кийин агам алдачу «апам менен атам чогуу жашайт, көрөсүң го» деп. Андан кийин Тилек алдады. Мага көңүл коюп жүрүп, Камиланын колун кармап кетти, эми бул? Эркектер, эмнеге мындайсыңар, мен силерди жек көрөм!» Жаш кыздын жан дүйнөсү ушинтип жараланды... Бугу көөдөнгө батпай, бырылдап ыйлаганы басылбай, үйүнө келип сулк жыгылды. Бул убакта клубда белгилүү ырчынын концерти аяктап калган эле, Асмандын апасы ошол ырчы менен сүйлөшүүгө бел байлап, сахнанын артына өттү.

Жаңыл Калыкова

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aikera1992
2013-03-04 11:37:47
Атасы...Базарда соода кылганы,агасы бар экени жана чон окуу жайга тапшырбаганы,мунозу,суроттолушу негедир Бактыгул Бадыеваега окшошп баратат да...Эми жеке оюм дааа,кандай дейсиздер.Аша чаап кеткен жокмунбу ыя?
-1
GER
2013-03-04 11:45:18
Иййййй... дагы бир жума кутобуз :-(.......
0
N.Bakazova
2013-03-04 12:37:00
Эээээ да, эми кутобуз дагы, . ? ?
0
Саби
2013-03-04 13:08:10
aikera1992 Мен да ошондой ойлоп жатам.Кийин сценарийи башкача болуп озгоруп калбаса болду.Комуз менен ырдаган ырчы бул Сыймык Бейшекеев болушу керек,анткени Бактыгул биринчи сыймык менен ырдап баштаган.Эн биринчи концерт коюп келгенде бул кыз эмне бир эле ырды ырдады.Ушунча гострольго келгенге жараша 2-3 ыр ырдаш керек эле да дегенбиз.
0
Lady555
2013-03-04 14:53:59
Чыгармадагы каарманыбыз Асмандын тагдыры меникине окшоп кетет экен, сахна, ыр дуйносун эске албаганда. Б.Бадыева болушу мумкун, бирок мазмуунун озгортот болуш керек.
0
Nur_meerim
2013-03-04 15:31:56
Кынтыксыз эле ошол! Мен да Бадыева деп ойлойм.
0
Begimkyz
2013-03-04 16:44:11
Ии дагы кутмойбу...
0
zvezda...
2013-03-04 22:17:16
Мен да эмнегедир Бадыевага окшойт экен деп ойлоп кеттим.Атасы туштуктон,апасы тундуктон болушат экен..Ошентсе дагы,аягында коркомдоп,кооздоп башкача бутурушсо керек...
0
angelo4ka_96
2013-03-04 23:56:04
:-(
0
Atamdynkyzymyn
2013-03-05 01:35:04
MMMmdaaa.Men bul chygarmanyn anonsu gezit betine chyga bashtaganda ele Badyevany elestetip algam negedir.Bara-bara chyndap ele okshoshup baratat.
0
ayzatushka
2013-03-05 01:53:39
Кызык бп баратат,коптон жазгылачы.
0
Timka
2013-03-05 05:26:37
Бул сериал жаны башталганда,Бактыгул Бадыеванын тагдыры окшойт десем баарынар урушуп кодунар эле,мына эми баарынар ишене баштапсынар.
0
chicagogirl
2013-03-05 05:42:14
Бадыеванын биографиясын баарынар билесинер го :)))
0
Bayas_Tural
2013-03-05 18:49:09
al emeees
0
Kg.lady
2013-03-07 15:01:06
Чынеле Бадыева биринчи чыгып кележатканда Алайлык болуп чыккан кийинки интервюларда чуйдон болом дегендери бареле
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан