ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-марттан 10-мартка чейин)

Кой (21.03-20.04)
Бул апта сизге бир топ жаңылыктарды камдап турууда. Анын ичинде ишиңизге байланыштуу жакшы кабар да бар. Ал эми жеке жашооңузда, тескерисинче, көңүл калтырарлык сөздөрдү угушуңуз ыктымал. Бирок маанайыңызды чөктүрүүгө шашылбаңыз. Анткени апта соңунда жаңы сүйүүгө кабыласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башы ишкердүүлүк менен камкөйлүктү талап кылат. Чечкиндүү кадамдарды жасап, туура чечим кабыл алышыңыз керек. Эгер буларды ишке ашыра алсаңыз, ийгиликке жетесиз. Шейшембиде үй-бүлө мүчөлөрү арасында бир аз кайым айтышуулар жаралып, түшүнбөстүккө алып келиши ыктымал. Ден соолукка кам көрүү иретинде таза абада сейилдөө, чуркоо сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эмоцияга жана окуяларга бай апта. Бир топ тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды баштан кечирүүгө туура келет. Ачууга алдырбастан, акыл калчап иш кылыңыз. Ашказан, ичеги ооруларын алдын алуу үчүн кычкыл, ачуу, майлуу тамактарды этияттап жегениңиз оң. Сезимдер жаатында да өзгөрүүлөр болуп, жаңы мамилелер курулушу мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жалкоолуктун азабынан көп ийгиликтен куру калуу коркунучу бар. Баштаган ишиңизди аягына чыгарууга шашылыңыз. Чыгармачыл адамдарда жаңы идеялар жаралып, жакшы иштердин башатынын ачылышы күтүлүүдө. Унаада, аялдамада же кечелерден сүйүктүүңүздү табышыңыз мүмкүн.
Эс алуу күндөрү ден соолукка кам көрүңүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жан дүйнөңүз менен кеңешип иш алып барганыңыз туура. Көңүлүңүзгө жакпаган иштерден баш тартыңыз. Ал тургай жактырбаган адамдарыңызга да жакындабоо сунушталат. Ийгилик жаратам десеңиз, таза абада сейилдеп, ой топтоңуз. Шаршембиде бойдоктор үчүн сезимдер сересине жол ачылат. Капысынан таанышкан адамыңыз келечекте түбөлүк жарга айланышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кыйынчылыктар коштоосунда башталган апта сизди бир аз түйшүккө салышы ыктымал. Бирок кандай гана иш болбосун, аягына чыгарууга кудуретиңиз жетет. Эч коркпостон жаңы иштерди баштай бериңиз. Жакын адамдарыңыз, досторуңуз тараптан колдоого арзыйсыз. Алыстан келген жагымдуу кабар маанайыңызды көтөрөт. Жубайлар арасында сезимдер күч алып, апта соңунда кечеге барышы ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүзгө ишеним артып, ашыкча жүктү моюнуңузга алуудан качыңыз. Түйшөлткөн маселелерди өз алдыңызча чечем десеңиз, кесепети өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн. Жума күнү жакындарыңыз тараптан материалдык колдоого арзыйсыз. Сүйүктүүлөр ортосунда жаралган маселелер убакыттын өтүшү менен өзү чечилет. Аптанын аягында достор менен чер жазып алуу сунушталат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта абдан жемиштүү болуп, бардык жагынан ийгиликтерге бөлөнөсүз. Эски досторуңуз тараптан түшкөн сунуш көңүлүңүзгө толуп, жаңы акча булагы табылышы ыктымал. Аптанын аягы жаңы буюм ала тургандар үчүн ылайыктуу. Үй-бүлөдө улуу муун менен кичүү муундун ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, маанайыңызга терс таасир тийгизиши ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада сабырдуулук эң жакын курбуңуз болушу абзел. Жаралган кырдаалдан чыр-чатаксыз чыгам десеңиз, жети өлчөп, бир кесүүнү унутпаңыз. Ар бир айткан сөзүңүз өзүңүзгө каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Буларды эске албаганда апта негизинен ийгиликтүү болот. Сүйүшкөндөр арасында сезимдер күч алып, мамилелердин жогорку тепкичке чыгышы күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Шаан-шөкөт менен башталган апта соңуна чейин маанайыңызга жакшы таасирин тийгизет. Аптанын ортосунда чарбага байланыштуу кыйынчылыктар жаралып, аны чечүүдө жакындардын колдоосуна арзыйсыз. Жаңы буюм сатып алууда этият болбосоңуз, сапатсызын алып кейип калбаңыз. Сүйүктүүңүз тараптан жакшы белек алууңуз күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Башчыңыз тараптан сын угуп, көңүлүңүз түшүшү ыктымал. Буга карабастан өз ишиңизди так аткарсаңыз, апта ортосунда ийгилик жарата аласыз. Чыгармачыл адамдардын иши оңолуп, капчыгы кампаят. Көпчүлүккө аралашууда чыр-чатактын алдын алып, ашыкча кеп козгобоңуз. Алыскы сапарга чыккандар акчасына сак болуусу керек.

Балык (20.02-20.03)
Техника буюмдарын урунууда кылдат болуңуз, ден соолугуңузга залал келтирип алууңуз мүмкүн. Бул апта сизге киреше алып келери анык. Үй-бүлө мүчөлөрү ортосунда ынтымак күчөп, үйүңүздө тынчтык орнойт. Сезимдер жаатында маселе курчуп, кызгануудан чыр чыгуу коркунучу күтүлүүдө. Бул кырдаалды жагымдуу белек куткара алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан