ДЕПУТАТТЫН АЯЛЫНЫН АРМАНЫ

Бүгүнкү каарманымды бир кечеден кезиктиргем. Таптатынакай, кийингени тыкан, көздөрү карагаттай. Бирок ошол карагат каректерде кандайдыр бир муң катылгандай сезилген мага.
Ээгин таянып эки жакты карап отурган эжеге чай сундум.
– Чай ичиңиз!
– Рахмат, мен шире эле ичейинчи...
Ойлонуп отурганда оюн бузуп жибердим окшойт деп кыжалат болуп калдым. Тиги эже кабагын ачты. Кеченин күнөөкөрлөрүнүн атын айтып «тууганы болосуңарбы?» деди. «Ооба» дедим баш ийкей.
– Карачы, ак көйнөк айымдарга кандай сонун жарашат, ээ? Баары эле биз ойлогондой болсо кана? Эмне жумушта иштейсиң?
– Журналист. Сизчи?
– Мен депутаттын аялы болуп иштейм,- деп жылмайды. Айымдар ушундай болот окшойбуз, кээде тааныбаган адамга эле жүрөк сырыбызды айтып алган. Анын сыңарындай, бул эже да «журналист болсоң жазчы менин жашоомду» деп агынан жарылды. Каарманыма сөз бергем, күйөөсүнүн атын атабайм, кайсы кеңештин өкүлү экенин да айтпайм деп...
– Депутаттын аялы болуп иштейм десем күлдүң. Чын, мен өзүмдү ушинтип атап алганыма үч жыл болду. Анын кирин жууп, тамагын бышырып, кечке үйдү кайтарып, кээде аны колтуктап кечеге барып көргөзмөдөй болгон айымды ушинтип атайбы? Ата-энем, агам, сиңдим болуп көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турчубуз. Агам аскерден келип, мен жогорку окуу жайга өттүм. Атам дарыгер, апам техникумда сабак берчү. Сиңдим мектеп окуучусу. Окуу жай үйгө алыс болгондуктан, студенттердин жатаканасында жашачумун.
Бир күнү түнү менен кыйналып, бир кызыктай түш көрүп чыктым. Таң заардан туруп эле үйгө телефон чалдым. Эч ким жооп бербеди. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип үйдү көздөй жөнөдүм. Үчүнчү кабатта жашачубуз, коңгуроону бассам, эч ким чыкпаганынан ачкычты салдым. Эшик ачылбайт. Катуу-катуу бурап жатып ачканымда босогодо жаткан сиңдимди көргөнүмдү бир билем, калганы эсимде жок. Ошол күн өмүрүмдөгү эң каргашалуу күн болуп калды. «Тез жардамда» өзүмө келдим, атамдын кесиптештери мени айланчыктап эле сөз айталбай жүрүшөт. Көрсө, ата-энем, бир туугандарым газга ууланып, өмүр менен кош айтышып кете беришиптир. Куткаруу кызматындагылар «газды тамызайын дегенде газ жок болгон. Ошол боюнча кайра өчүрдүм кыязда эч ким өчүргөн эмес, түн бир убакта газ берилип, баары кызуу уйкуда болгондуктан, иске ууланып калышкан» дешти. Туугандарым сиңдимди айтып, «ошол кыз ойгонуп кетип эшик ачканга үлгүрбөй каза тапкан» дегенде ого бетер өксүдүм... Ошентип, чоң атамдын колунда калдым. "Баламдан калган жалгыз туяк" деп зарлап жүрүп окутту, бапестеди чоң энем экөө...
Окууну бүтөр жылы дипломдук иш жазып, китепканага байма-бай каттачумун. Бир күнү юридикалык бөлүмдө китеп издеп жүрүп, аны менен таанышып калгам. Кичи пейилдигине ичим жылыган ошондо. Дипломдук ишимди жазып бүткүчө ал да тынымсыз китепканага каттап жүрдү. Мен тууралуу баарын иликтеп-изилдеп коюптур, туулган күнүмдө күтүүсүз келген белекти көргөндө билдим. «Гүлүм, туулган күнүң менен. Күнүм, көп жаша!» деген катты көргөндө жүрөгүмдө ага болгон сезим ойгонду. Чоң атам айтчу, «түнөрбөй, дайым жаркылдап жүргүн, жарыгым» деп. Көкүрөктө канчалык муңум бар болбосун, жылмайып жүргөнгө аракет кылар элем.
Жараткандан суранганым – чоң атам менен чоң энемдин тирүүсүндө бүлө күтүп, бактылуу жар болсом экен дечүмүн. Ал тилегимди Тимур орундатты. «Сөз берем, кызыңарды кор кылбайм» деп колумду сурап, турмуш жолуна аттанганбыз. Алгач көзүмдү карап, ата-энесинин ачуу сөзүнөн коргоп, мен үчүн күйпөлөктөп күйчү. Балалуу болдук, анда сүйүнгөнүн айтпагыла. «Мен балалуу болдум» деп жер-сууга жар сала кубанган. Ушинтип турса кайсы аял бактылуу болуп, жүрөгү жылыбасын.
Убакыт учту. Тимур жумушунан көтөрүлүп отуруп акыры депутаттыкка талапкерлигин койду. Сөзүн таап сүйлөйт, сөзгө чечен. «Биздин бала, өзүбүздөн чыккан жаштарды шайлабаганда кимди шайламак элек?..» деп эли колдоп берди, эл өкүлү болду. Алгачкы эки жылды түшүнөм, түнбү-күнбү баш көтөрбөй иштеп эле отурчу. Андан кийинки жылы ал өзгөрдү. Мурдагыдай маңдайдан сылаган Тимур жок, балдарын да бакчага алып барбайт. «Бекерчиликтен бала караганды эптей албайсың» деп урушат. Удаасынан төрөгөндүктөн, университетте да иштебей үйдө отургам. Үн катпайм, урушпайм дагы...
Акыркы күндөрү ачуулуу болуп алды. Бир нерсе жакпай калса, баштайт урушту. Алгач мен жардам берип, кийинчерээк өзү иштин көзүн таап, каражат топтоп алган. Эч нерседен кем-карчыбыз жок, бизнеси деле жүрүшүп жатат, баары жайында. Бир күнү «Тимур, башкада көңүлүң барбы?» дедим. «Сен менден шекшийсиң, андай болсо сен иште, мен отурайын үйдө» деп чыкты. Ошондон кийин сурабас болгом, үйгө келет, тамак ичет, кабинетине кирет да, чыкпайт. Кээде минтип кечелерге барабыз. «Ушул кантип жашоо болсун?!» дедим бир күнү ыйлап. «Сага жыргал жашоо жакпаса, бошот үйдү» деп жумушуна кетип калды. Андан кийин өзүнө такыр байланыша албай, жардамчысына чалып «биз кеттик, үйдү бошоттук» деп айттым. Ал түшүнбөйт, «жеңе, каякка барасыздар, үй-бүлөдө мындай маселе болуп турат» деп. Анын акылына деле көнбөдүм, кетип калдым. Чоң атама "айылчылап келдик" дегем. Бала деген бала экен да, «папам мамамды урат» деп айтып салды. Колу көп жолу тийди, мен деле адаммын, алгач сөз кайтарчумун, кийинчерээк балдар көрбөсүн деп башка бөлмөгө кирип алып боздоор элем.
Бир жума өттү, келбеди, эки жума өттү, келбеди, үчүнчү аптада балдарыбыз деле күтпөй калды. Үйдөгү жеңеме деле жүк болдук окшойт деп тартынам. Атамдын иниси шаардагы батиринин ачкычын берди, «карындашым, бала багуучу таап, өзүң жумушка чык, Тимурду күтүп отура берсең болбойт. Ал эми депутат да. Чоң сүйлөп калыптыр» деди. Ошентип, агамдын батирине келип жашап калдык. Агамдын кызына балдарды каратып, өзүм жумушка чыктым. 3 ай өттү, атабыздан кабар жок. Балдар сагынганда «качан келет?» деп ыйлашат.
Сиңдим гезит окуп отурган, бир убакта балам «мына папам» деп гезитти жата калып өпкүлөп кирди. Көрсө, күйөөм гезитке интервью бериптир. Кабарчынын «ала жипти аттадыңыз беле?» деген суроосуна каткырып, «эмне десем» деп түйшөлүп, анан «жок» дептир. Андан да күлкүнү келтиргени «үй-бүлөдө кандай жолдошсуз?» деген суроого жооп бергени болду. «Биздин үй-бүлө ынтымакта. Ар айда келинчегим экөөбүз киного барабыз. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпайт, мен ага жол бербейм. Аялдын алсыздыгынан пайдаланып уруп-сабаган эркекти жинимден жек көрөм. Үй-бүлөдө гендердик укук деген болуш керек...» «Жалганчы» дедим жиним келип, телефонго кантип колум жеткенин билбейм.
– Алло, Тимур...
– Мен бош эмесмин, жыйындамын,- деп коюп салды. Кайра чалдым.
– Дем алыш күнү кайдагы жыйын сага?
– Көп жиниме тийбе, балдарды алып үйгө келип кал, болбосо кийинки интервью мындан жаман болот,- деди кыйкырып. Ошентип, арадан бир жума өткөн соң издеп таап келди. Мас экен, анчалык деле көп иччү эмес. Балдарын кучактаса алар ыйлашат.
– Силерсиз жашоо кызыксыз экен, мен жаңылдым, мен көптүм, мен сөзүмө турбадым...
Улам кечирим сурап отуруп үйгө алып кетти. Мурдагыдан бир аз өзгөргөн өңдүү. Балдарын бакчага жеткирип, «кийим сатып ал» деп акча таштап кетти мага. Көңүлүм эми жайына түшүп калганда кайрадан кагынып-силкинип баштады. Мен аны түшүнөм, жумушун да түшүнөм, бирок сүйүп алган соң кол тийгизбей, жаман сөз айтып көңүл калтырбай жашаса не?! Ар бир ийгиликке жеткен эркектин аркасында күчтүү аял турат дейт. Ошол чын, баш кошкон мезгилден баштап аны менен тең тайлаша иштеп, ач калып, ток калып, ысык-суукту бирге татып, акылдаш, санаалаш болгон аялды аяп койсо эле мен ага рахмат айтмакмын. Азыр минтип той-кечелерге барганда «баланча деген депутаттын аялы» деп тааныштырышат. Андайга көнүп бүткөм, жылмайып, колтуктап отурам. Бир күн болбосо бир күн мени түшүнөт деп ишенем...

Жаңыл Калыкова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
chicagogirl
2013-03-05 06:05:04
Кудайдын оозунан тушкон депутат болсо да кол которбош керек аял затына. Счастье не в деньгах.
+1
as22
2013-03-05 12:09:25
chicagogirl, Туура айтасын.Мындан коро карапайым уй булодо жарты нанды тен болуп жеп, ынтымакта жашаганга не жетсин.
0
bopos
2013-03-05 12:30:27
as22,чын соз кошулам.аялга да конул болуш керек,бай болбосо да ынтымакта жашап аялын сыйлап турган жакшы да.
0
elka88
2013-03-05 14:01:03
ех жашоо??? Бир нерсе деш кыйын,оз башына тушкондо анан билесин. Менин деле жолдошум интерн.н бироолорго суйуу арнап журот,аны окугандан бери ичимен орттонуп баратам,билбейм емне кылышты???суйбойбу десем ...мамилеси,создору суйг.о еле окшойт.
0
Bayas_Tural
2013-03-05 19:16:00
seni kyzgansyn dep atat
0
totu75
2013-03-05 19:28:41
депутат емес азыр жонокой еркек кообуроок акча алса тусу озгоруп калат тугу бардан тунул деп илгеркилер бекер айтпаса керек
+2
sunaika
2013-03-06 13:28:57
мен да окудум эле бир депуттаттын интервьюсун..эстей албай жатам
0
aiza11.3
2013-03-06 13:59:14
ата эне бир тууганын эрте жтготкону жаман болуптур,калганы баары жакшы коп наалыбай жашай бербейби элдин баары эле мындан да оор турмушта жашап келе жатат
+1
Venus_22_02_86
2013-03-06 14:56:06
Кем дуйно деген ушу да. Телегейи тегиз пенде жок болсо керек. Балдарыныз учун баарына чыдашыныз керек. Балдарынызга Аллах акыл берип журогуно ыйман салсын.
0
allan
2013-03-06 20:22:17
куйоонузду озгорто албайсыз.Унчукпай ушул жашоонузга шугур дениз.Азыр депутат эмес колуна кичине акча кармаган эркектер уй булосун таштап,жаш кыздарга кетип калышат.аларга караганда сизди балдарынызды багып жатпайбы?
+1
ernis_07
2013-03-07 01:08:58
куйонуздун онолушу бир АЛЛАХтын колунда намаз окуп тообо клтириниз,кечирим сураныз мамкун АЛЛАХым куйонузго хидоят береттир иншаллах
+1
secret8BMW
2013-03-09 05:45:32
duinodogu ayalzattary aman boluwsun!!!
+1
rozka
2013-03-09 15:50:03
Чыдап жашаш керекбалдарыныз учун дагы куйоонуз каттык копкон турбайбы
0
Glad_89
2013-03-16 17:30:33
Балдарыныз учун жашаганыныз онго, турмушта баары болот эмеспи.
0
Jamalym
2013-03-25 22:40:55
Богатые тоже плачут…
0
admin_superstan
2013-03-26 10:07:40
Jamalym, сайт кыргыз тилинде болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
+1
menedjer
2013-04-08 16:42:09
admin_superstan, жакшы экен))
0
belosnejka1
2013-06-10 07:00:10
Азыр социалдык тармак дегендер кобоюп, депутаттарыбыз интернеттин башынан чыгышпай калган. Бир эки кыз суротторун коюп мактап жазып койсо эле уй булосун унутуп калышат. Бийлик менен байлык убактылуу нерсе.
0
asko93
2013-10-22 17:32:31
Ушундай куйоодон кудай сактасын менин болочоктогу куйом мени эркелетип суйуп турса эле мен баарына ыраазы болмокмун
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан