25-февралда «Талас» футбол клубуна КРнын футбол боюнча чемпиондугунда 3-орунду алгандыгы үчүн сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган салтанатка КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жана демөөрчүлүк көрсөткөн бир катар коноктор келишти. Салтанаттын ээлерине коло медалдар, футбол клубуна салым кошкон инсандарга Ардак грамота, сыйлыктар тапшырылды.