КАСИЕТТҮҮ КӨЗ-БУЛАК МАЗАРЫ

Эчкили тоосунун боорунда Нылды-Ата аттуу ыйык мазар комплекси бар. Комплекстен ыйык жайларды, булактарды кездештирүүгө болот, алардын жалпы саны 23. Мисалы, Ажыдаар-Тал, Чоң-Үңкүр, Калпа-Ата, Күзгү-Таш, Нылды-Атанын жайкы конушу жана башка. Мындай булактардын бири – Көз-Булак. Бул булактын ыйыктыгы, дарылыгы жана ким тарабынан ачылгандыгы тууралуу сөз козгойбуз.

ЖАЙГАШКАН ОРДУ
Нылды-Ата мазары Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мазарга сыйынуучулар Көз-Булак булагына кайрылбай коюшпайт. Кээ бирлер бул булакты Казан деп да аташат. Булактын тереңдиги 1 метр. Анын суусу бир топ метр агып барып, анан кийин жардан ылдый агат. Дал ушул жер Шаркыратма деп аталат. Шаркыратманын бийиктиги 5 метрдей келет. Эгер үстүртөн карасак, булак адамдын көзүн элестетет. Ошол эле убакта казандын да элесин берет. Кээ бир убактарда булактын суусу бөксөрүп, кайра толгону байкалат.

«БУЛАКТЫ 15-16 ЖАШЫМДА АЧТЫМ»
Аталган булак 1930-жылга чейин шайыктар тарабынан каралып, кийин кароосуз калган. 1988-жылдан бери Өзгөрүш айылынын молдосу ЖЕҢИШ КУДАКЕЕВ тарабынан каралып, ал булактын шайыгы (кароолчусу) аталып келет. 67 жаштагы аксакалдын айтуусуна караганда, ал Көз-Булакты кайрадан ачып жандандырган. Бул тууралуу ал мындайча баяндайт:
– Мен 15-16 жашта экенимде түшүмө ак сакалдуу карыя кирип, бир жерди көргөздү да, «ушул жерде булак бар. Анын көзүн ачкын»деди. Эртеси күнү ошол түш кайра кирди. Мен бул тууралуу апама айтсам, «кара күчтөр ушинтип азгыра берет» деп койду. Түндө ошол аксакал түшүмө кайра кирип, бир жакка мени ээрчитип жөнөдү. Эртеси жумуштан келгенимде түшүмө кирген аксакалдын элеси пайда болду. Мен аны ээрчип жөнөдүм, акыры булактын ордуна жеттим. Көзүн ачып, тазаладым. Бирок ал жерге шайык болуп 1988-жылдан баштап кириштим. Намаз окуп, Нылды-Ата мазарына зыярат кылууга өттүм.
Апам убагында балдарды эмдеп-домдоп койгон аял болгон. Чоң энем да элге дем салып, балдарды эмдеп, төрөй албай кыйналган аялдарды төрөтчү экен. Түпкү аталарыбыздын бири баатыр болуп, Нылды-Ата суусунун жээгинде жашаптыр. Сыягы, мага да касиет тукумдан өткөн окшойт.
Нылды-Ата мазарына күндө эртең менен келип, булактарды, анын ичинде Көз-Булакты тазалап, келгендерге жолугуп, алардын суроолору боюнча ата-бабалардын арбактарына атап куран окуйм. Зикир чалам. Булактардын тосулган жерлери бузулуп калса оңдойм. Үйгө ооруп же бир нерседен чочуп калып мага дем салдырганы келгендер болот. Жазында эл мазарга курмандык алып чыгып, түлөө өткөрүшөт. Кудайдан түшүмдүн мол болушун суранышат.

«МАЗАРДЫН КАСИЕТИ»
– Мазардын күчүбү, күндө тоого чыгып-түшүүдөн анча чарчабайм деле. Мен эле эмес, мазарга кыйналып баргандар да келе жатканда чарчабай, тың түшүшөт. Бир ирет бир кемпир буту ооруйт экен, мазарга араң басып жеткен эле. Келе жатканда оорусунан дайын жок, чуркап түшкөндөй эле болду.
Дагы бир жолу бир аял колун булакка салып эле чалкасынан түштү. "Не болду?" десек, "ток уруп кетти" дейт. Көрсө, ал мазардын касиетине ишенбей барган экен.
Көз-Булакка көбүнчө оорусуна эм табам дегендер барышат. Булактын суусун ичип, жуунуп, үйлөрүнө алып кетишет. "Суусун ичип анча-мынча оорулардан айыктым" дегендерди угуп жүрөм. Бул суунун өзгөчө даамынанбы же касиетиненби, айтор, кайнатканда канты жок эле 1 чайнек чай ичип койгондор кездешкен.
Мазардын касиетине ишенип баргандарга гана эм түшөт. Терс энергиялардан арылып, жеңилдеп кайтышат. Жан дүйнөлөрү тең салмакка келип, уйкусу тынчыйт.
Негизи, Көз-Булакка сыйынганы баргандар алгач Шаркыратманын суусуна жуунуп, тазаланып алышат.
Бир ирет сүкүт тартып отурсам, «Нылды-Ата биздин доорго чейин жашаган ыйык адам болгон» деген маалымат алдым. Чынында эле ыйык адам жашаганын белгилегендей Нылды-Ата – ыйык жер.

Канымжан Усупбекова
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aote
2013-03-04 15:38:54
Миф
0
amalia
2013-03-05 13:11:14
tur organizovat etkender bolso barmakmyn
0
Nur_meerim
2013-03-05 18:29:09
Мен муну эс алуу комплексин рекламалоо деп тушундум. Аллах Тааладан болокко сыйынуу ага ширк келтиргендик!
0
baksid
2013-03-05 19:33:26
Myndai ish Kudaiga sherik koshuu bolot, myndai kunoonu Kudai kechirbeit.
0
guard
2013-03-05 23:28:30
Билбей кылган ширктен Аллах Таала сактасын, эгерде мүрзөнүн жанынан өтүп бара жаткан болсоң Куран окуп өтүү сооптуу, ал эми ага сыйынуу ширкке кирет, баарыбызды АЛЛАХ Таала жараткан, ага гана кайтабыз!!!
0
Emil.
2013-03-06 09:05:53
Аллахтан башка сыйынууга ылайык зат жок.Аллах куноолорубузду кечирсин.
0
Jamaksana8988
2013-03-07 04:23:17
Ширк кечирилгис куноо болот... Алла тааладан башка сыйынуучу зат жок ...
0
altinim
2013-03-07 13:44:40
коко тенир тоо таш сууга сыйынуу канда бар экен кыргыздарым
0
Mambo87kg
2013-03-07 22:12:54
Улук зат Алла баардык кунолорду кечирет,бирок ширкти эмес.Ширк-бул Аллага шерик келтируу деген.Коз мончок,тумар жана ошол сыяктуу мурзолорго ишенуу(сыйынуу)такыр болбойт!Мисалы тумарды сууга салсан агып кетет,ал эми озун куткара албаган тумар инсанды кандай куткарсын?
Аллах баарыбызды кечирип жаман иштерди кылуудан озу асырасын.
0
koshuna
2013-03-08 12:13:34
АЛЛАга гана сыйынабыз,
АЛЛАХТАН гана жардам сурайбыз.
+1
wwwww
2013-03-11 07:06:39
Ширк
0
Maxatbek
2013-03-22 07:46:22
Baaryn katary menen moldo bolup ketkensiner go,osho ata-babadan kalgan yiyk jerlerdi azdektegenden dele birdeme taba berish tuura emes ko.
0
kurstan_810502
2013-04-20 11:59:23
Алла талама тобо кылып бир аллага сыйын ал айткан мага еч кимди шерик кылба деп бирок ошол ал жердин касиети бар бир алланын кудирети менен сыйынып арбактарга куран багышта чын ниетин менен арбактар ыразы болсун мумкун ошондо алланын ыразылыгы менен касиетиотот адамга
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан