«Жүрөгүм белек кылып сунсам дейм» деген ыры менен белгилүү болгон ырчы Өсөр Эшматов жүрөгүн сунуп бүткөнбү, эми «...кучактадым, мен сен жакка ыктадым» деп сыздап калыптыр. Бир бар болуп, кайра көрүнбөй кетип жаткан Өсөрдүн чыгармачылыгынан кабар алдык.
– Өсөр, кандайсың? Көптөн бери көрүнбөй кеттиң. Кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Рахмат, жакшы. 2009-жылы Москвадагы мекендештерибизге концерт коюп келебиз деп бир топ чыгармачыл адамдар менен барган элек. Ошол жакта бир кафеден сунуш түшүп, иштеп калгам. Ал жакта иштеп келгеним менин чыгармачылыгыма, жашоого болгон көз карашыма бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди.
– Сен ырдаган ырларга айтылган сындарды кандай кабыл аласың?
– «Мен сени сүйүп калдым, көргөн жерден күйүп калдым» деген жеңил ырлардан алысмын. Анчалык деле сын уга элекмин, балким, менде деле ошондой ырлар бардыр. Ыр жаратууда чоң акындар менен иштешкенге аракет кылам. «Бир сулууга» деген ырымдын сөзүн белгилүү акын Бактыгүл Чотурова жазып берген. «Кыздар, ай», «Жийде гүлү» деген ырларым жаш акын Аскат Турдашовго таандык. Буюрса, алдыда комуздун коштоосунда кыргыз жыттанган ырларды ырдап чыгам.
– Башка пландарың менен да бөлүшсөң...
– Кароо-сынактарга, фестивалдарга катышсамбы деген аруу тилектерим бар. Айтмакчы, Республикалык «Центральный Азиатский Альянс» жаштар сынагынан 1-даражадагы диплом алдым. Буюрса, эл аралык сынактарга катышам деген ниетте жүрөм. Акыркы кездерде ырчылар киного тартылып, таланттарын сынап көрүп жатышпайбы. Менде да ушундай ойлор жок эмес.
– Биз билген Өсөрдүн балалыгы кандай өттү?
– Ата-энемден эрте ажыраган үчүн бала кезимде өксүгөн күнүм көп болду. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын онунчусумун, бир тууган агаларымдын колунда чоңойдум. Эч нерседен кем кылбай багышса да, атам менен апамдын жоктугу билинчү.
Музыка сабагын жакшы көрчүмүн. Турмуш шартка байланыштуу мектепте 7-класска чейин эле окудум. Эки жыл бош жүрүп, 9-класстын базасы менен ОшМУнун искусство факультетинин музыкалык бөлүмүнө сырттан окууга тапшыргам.
– «Жылдыз оорусу» менен сен да оорудуң беле?
– Ооба, мен да ал «ооруга» чалдыккам. Жаңыдан чыгып келе жатканда эки-үч ырым абдан хит болчу. Эл оозунан «Өсөр, Өсөр» деп атым түшпөй калганда өзүмдү башкача сезип, асманда учуп калгам. Убакыт өткөндө баарын түшүнөт экенсиң. Бул «оору» мага жакпады. Сени эл сыйлап тургандан кийин угармандарың менен бирге болууга аракет кылууң керек экен. Бул «оорудан» айыгууга өзүм аракет кылдым.
– «Өсөр, Өсөр» деп сени жылдыз кылган кыздар көп эле болгондур. Кармап калганың барбы?
– Жок, негизи, бир кыздын образын түзүп аласың да, ошону издей бересиң го. Мен да мени багып чоңойткон инсандарды сыйлаган, адамгерчиликтүү, түшүнүгү кенен, ыймандуу, бою узун, көзү бакырайган кыздын образын элестетип алып, ошону издеп жүргөн убагым. Бирок таба элекмин.