22 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

2013-жылдын 24-февраль күнү Токтогул РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда аталган райондун Кызыл-Туу айылынын четинде ошол эле айылдын тургунунун өлүк денеси табылганы айтылган. Токтогул РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышканда ал жерде 38 жаштагы А.Ннын денеси жаткандыгы аныкталган. Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде кылмышка шектүү катарында Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыркы учурда ал  убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан