МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАРДЫ ӨТКӨРҮП БАШТАДЫ

2013-жылдын 11-февралынан 11-мартына чейин атайын график түзүлдү. Жалал-Абад облусунун шаар-райондорунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү өздөрү тейлеген административдик аймактарда элдик жыйындарды өткөрүп баштады. Бүгүнкү күндө Ала-Бука районунун Балтагулов, Сары-Талаа айылдарында, Аксы районунун Кербен, Кош-Дөбө айылдарында жана Кара-Көл шаарында элдик жыйындар болуп өттү. Элдик жыйында аймактын жолдорунун иштен чыгып калганы, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы маселелер, жолдун алыстыгынан кээ бир атуулдар милиция бөлүмчөлөрүнө бара албай жаткандыктарын айтышты. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун жетишсиздиги, бир аймактык тескөөчү бир эле учурда төрт-беш айылды тейлеп жаткандары да айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан