26-февраль күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Торомаматовго Сузак районунун Барпы айыл округунда жашап жаткан баатыр энелер келип, кайрылуу жасашты. Кайрылууда 4 өтүнүч жазылган. Анда Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана алардын жан сакчыларын үй камагына чыгарып, андан соң соттук тергөөнү улантышын камсыз кылып берүүнү суранышкан. Алардын эртерээк акталып чыгарылышын камсыз кылып беришин да өтүнүштү.
«Биз, баатыр энелер, силерди да өз балдарыбыздай көрөбүз жана өзүбүздүн уулдарыбыз деп эсептейбиз. Эгер бул өтүнүчтөрүбүздү орундатсаңар, анда биздин жана бизге окшогон миңдеген энелердин алкышына, батасын ээ болосуңар. Сиздер да бизге окшогон карапайым энелердин перзентисиңер» деп айтылат. Кайрылууга 23 баатыр эне кол койгон.