Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү буга чейин тротуарлардын үстүнө курулган курулуштар бузулуп, жол тазаланат. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жолдорду тар кылып жаткан курулуштарды тазалоо иштери бир жумадан кийин башталат. Учурда шаардын мэри Муктар Арапбаевдин көрсөтмөсү менен алдын ала эскертүү берилип, коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Шаар башчысы борбордук базарды жана көчөлөрдү тазалоо демилгесин шаардыктардын туура түшүнүүсүн жана колдоого алуусун суранууда.