ИНТЕРНЕТТИН ЗАМАНЫНДА КИТЕПКЕ ОРУН ЖОКПУ?

Эки кулагына наушник салып, колундагы чөнтөк телефон менен социалдык тармактарда баарлашып, өз дүйнөсү менен алек жаштарды көп эле көрүп жүрсөңүз керек. Китеп колтуктап же китепке кызыга үңүлгөндөр, чындыгында, азайгандан азаюуда. Бул жолу ушул тууралуу окурмандарга ой таштайлы дедик.

Башка нерсеге убакыт тапкан жаштар негедир китеп окуганга убактысы жок. Айрымдар ачык эле «китеп окуунун эмне пайдасы бар?» деп ийин куушурушат. Бизде эле эмес, китепти чануу тенденциясы дүйнөдө да өөрчүп бара жатат. Психологдордун айтымында, интернеттеги керек да, кереги жок да ченемсиз көп маалыматтар китеп сүйүүчүлөрдүн санын азайтууда.
«Кыргыз китеп окубай эле тоо-ташты аралап жүргөн, китеп окуунун зарылчылыгы барбы?» дегендер да бар. Көркөм сөз өнөрү кыргызда өзгөчө өнүккөнүн «Манас» эпосу далилдейт. Кийин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен дүйнө эли кыргыз деген элдин бар экенин билишкенин ким тана алат? Балким, жаштардын китеп окубай жатканына ата-эне күнөөлүү болуп жүрбөсүн деген ой туулат. Баланын китеп окууга болгон ынтызарлыгын ата-эне эрте баштатса, бала китеп деген дүйнөнүн эшигин ачып, кийин ал китептен алган ырахатын башкага алмаштырмак эмес. Учурда балдарына жомок окуп берген ата-эненин саны канчалык? Болсо да аз болушу керек.
А маселенин экинчи жагы, учурда талапты канааттандыра турган китеп барбы? КРнын Улуттук китеп палатасынын билдирүүсүнө караганда, 2012-жылы жалпысынан 2 миллион китеп басылып чыккан. Анын үчтөн бир бөлүгү балдарга арналып чыгарылган. Ал эми 1989-90-жылдары бир жылда 10 миллион китеп жарыкка чыкчу экен. Алардын 50 пайызы балдарга арналган китептер болгон. Ушул көрсөткүчтөн эле канчалык аз санда чыгып жатканын билсек болот. Союз учурунда кыргыз жазуучуларынын китептери китепканада суралган эң алдыңкы саптарды ээлеген. Азыркы учурда Кыргызстандын эл аралык китеп жарманкелерге жөнөтө турган китеби жок.
1990-жылы Бишкек шаарында 25 китеп саткан дүкөн болсо, азыр 5-6 гана дүкөн иштейт. Учурда көркөм адабий чыгармалардын көпчүлүгү «Раритет», «Нуска» дүкөндөрүндө сатылат. «Раритет» дүкөнүндө китептин орточо баасы 450-500 сомдон башталып, эң кымбаты (бир нече томдугу) 23 миңге чейин барат. Ал эми «Нуска» китептер дүкөнүндө орточо баалар 200-250 сомдон, эң кымбаты 3000 сом турат.

КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ
Таң калычтуу, бирок факт
Изилдөөлөргө таянсак, китепкөйлүк көп оорунун алдын алганга жардам берет. Эң негизгиси, мээ ооруларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат. Ошондой эле китепкөй адам башкаларга салыштырмалуу өзүнө ишенимдүү, шар болот.

Стресстен арылтат
Азыркы заманда ким гана депрессияга түшпөйт? Китеп окуу стресстен арылтарына ишенип коюңуз. 2009-жылы Лондон шаарындагы Суссекса университетинин илимпоздору кыжалат болуп жаткан 6 адамга 6 мүнөт китеп окутуп, тажрыйба жасап көрүшкөн. Китеп адамды кыжалат ойлорунан кутултуп, эс алдырат.

Дүйнө таанымды өзгөртөт
Китептеги окуялар ак-караны ажырата алууга, турмуштагы акыйкаттыкты, сүйүүнү баалоого, кыянаттыкка жана башка турмушубузда кезиге турган терс факторлордун баарына туруштук берүүгө, күчтүү болууга жардам берет. Ички дүйнөнүн, руханий байлыктын өнүгүшүнө түрткү болот.

Китеп окуу көрүүнү начарлатпайт
Китеп окуунун пайдалуу жактары көп, бирок айрымдар көздүн көрүүсүн начарлатат дешет. Офтальмологдордун айтуусунда, китепти көп окуу эмес, туура эмес жагдайда окуу көрүүнү начарлатат. Мисалы, жатып алып же күңүрт бөлмөдө шам чырак менен окуу жана башка.

Креативдүү ойлордун жаралышына түрткү берет
Идеяга бай адамдар көп ойлорду китептен алышат. Мисалы, атактуу «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс бош убактысынын көбүн көркөм чыгарма окууга арначу экен. Балким, китеп көп окусаңыз, сиз дагы дүйнөгө жаңы ийгилик жаратарсыз...

Сөз байлыгын байытат
Китепти көп окуган адам менен китеп окубаган адамдын сүйлөө речин салыштырсаңыз болот. Китеп окуу ораторлукка алып келбесе да, керек жерден оюңузду кенен, түшүнүктүү, терең чагылдырганга жардам берет.

Эс-тутумду жакшыртат
Китептеги миңдеген персонаждар жана анын кийимдери, кыймыл-аракетинин майдалап сүрөттөлүшү сиздин эс-тутумуңуздун мыкты болушуна шарт түзөт. Мындайча айтканда, эс-тутум китеп окуу менен машыгып турат да, эске тутуу жакшыра баштайт. Атактуу Шерлок Холмстун бир фанаты көп окугандыктан, баамчылдыкка үйрөнүп, көчөдөгү ар бир адам кандай өңдө кийим кийип жүргөнүнөн бери айтып берип таң калтырган.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
АЗЫРКЫ МУУН ЭМНЕГЕ КИТЕП ОКУБАЙТ?

Ырыс Окенова, режиссёр:
– Техника өнүгүп, заманга ылайык азыркы муун интернетке көп ыкташат. Башка элден айырмаланып, кыргыздардын китеп көп окубагандыгы байкалат. Ошондуктан үй-бүлөдө ата-эне балдарын кичинесинен китеп окуганга үйрөтүш керек.

Асек Казиев, акын, балдар жазуучусу:
– Салижан Жигитов айткандай, 100 кыргыз болсо, анын 5и гана китеп окуп, 95и окубайт. Ошол 5 кыргыз эмне сүйлөсө, 95и анын айтканын угуп алып сүйлөй беришет. Азыр улуттук идеологияны чагылдырган жакшы чыгармалар аз, эл ошон үчүн китеп окубайт.

Нуриза Оторбаева, шахматчы:
– Мен өзүм китепке кызыгып, ар кайсы тармактагы китептерди көп окуйм. Менин оюмча, жаштардын көпчүлүгү азыр интернеттен маалыматты тез алгандыктан, китеп окугулары келбейт.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
– Жаштардын китеп окубаганынын 2 эле себеби бар. Биринчиси, азыр интернет, телеканалдарда оюн-зоок программалар көп. Кызыгуу ошол жакка ооп кеткен. Экинчиси, СССРден калган китептердин кереги жок деп эсептешет. Бирок байлык ошол китептерде.

Нурзат Токтосунова, алпаруучу:
– Азыр жаштар чындыгында эле китепке эмес, башка – интернет, уюлдук телефон, агент сыяктуу жеңил-желпи нерселерге кызыгышат. Анын үстүнө акчаң болсо бардыгын сатып алууга болот деген ой менен жашап калышты. Руханий байлыкты арткы планга койгондуктан, китеп көп окулбай калды.

Абдышүкүр Нарматов, Кыргызстан ислам университетинин ректору:
– Алла Таала пайгамбарга эң биринчи «оку» деп буйрук берген. Китеп – эң жакшы дос. Үйдө ата-эне, мектепте мугалим үлгү болуп, балдарга насаатын айтыш керек. Китепти окуйм деген, издеген адам кайдан болсо да табат. Китеп жок деген шылтоо эмес.

Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:
– Менимче, китеп азыр деле окулуп жатат. Бирок китептин баасы кымбат болгондуктан, көпчүлүк жаштар интернеттен эле окуганга ыкташат. Экинчиден, балким, мектептерде китептин жетишсиздигинен да болсо керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Интернеттин заманында китепке орун жокпу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Juliana
2013-03-06 01:42:18
Men kichinekeyimde kop kitep okugam, birok orus tilinde. Kyrgyz kitepterdi bibliotekadan tapchy emesmin, birok satyp alchymyn. Baldarga arnalgan kitepterdin baary orus tilinde bolchu, baychechekey jurnalyn salyshtyrbaganda. Azyr elektronnaya kniga degen nersege internetten juktop alyp okuym, telefondo da bar kitepter, birok baary anglis tilinde. Internettegi kyrgyz kitepterdin baaryn okup korgom, birok maanisi ayabay jaman eken, Atadan torogon kyz degen kitepter. Oshon uchun anglis tilinde ele
0
Kg.lady
2013-03-07 11:56:34
Азыркы жазуучулардын китептерин кызуугу менен окуйм,ананеле бир айдан кийин унтуп калам эмнегедир.Тээ бала кезде окуган К.Жантошев.З.Сооронбаева.О.Болобалаев сыяктуу залкарлардын чыгармаларын дагы каармандар дале эсимде сакталуу.ошондуктан азыркы чыгып жаткан чыгармалардын эмнегедир тузу жок тамак сыяктуу сезилет.таптакыр окууганда рахат алалбайм.булда болсо коомго жарашаго...
0
altinim
2013-03-07 18:00:05
окушат эле , бирок кыргызстанда эмес азыр мектеп окуучулары же студенттерди китеп которуп жургону бул сейрек кубулуш болуп калды
0
Janyla
2013-03-08 10:52:07
Мен мектепте баштапкы классты окуп жургондо "Кыргыз эл жомогу" деген класс жетекчибиздин китебин очередке туруп,талашып окучубуз)))андан кийин китеп канадан чыкпай калгам,а азыр озумдун кесибиме байланыштууну барактап калбасам,озунчо чыгынып,чыгарма окубаганыма коп болду(((Баарынан да жаманы,китеп окуп баштаганда эле козум жабышып,уйкум келе берет,эмнеге?
0
Janyla
2013-03-08 10:58:39
Китеп окуу соз байлыкты кенейтпестен дагы,созду туура жазууда да чон роль ойнойт,азыр эмне Т9 менен жаза берет)))
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан