Жанат Муратов, спортчу, актёр:«СПОРТЧУЛАРДЫ БАНДИТ ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС»

Телеалпаруучу Назира Айтбекованы тамашага салууга байланыштуу козголгон кылмыш иши учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралууда. Спортчу-актёрдун жактоочусу соттун мурунку отурумунда Жанат Муратовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн киргизген болчу. Судья Нурбек Эсеналиев жактоочунун дагы бир ирет көтөргөн өтүнүчүн канааттандырып, 19-февралда Жанат Муратовду эч кайда кетпөө милдеттенмеси менен үй камагына чыгарды. Сот отуруму уланууда.
Абак деген абак, айтканга эки ай оңой болгону менен, оюнда телеалпаруучуга карата арамдыгы, кара санатайлыгы жок жигит оңбогондой азапты көрдү. Түрдүүчө версияда айтылып, көбүрүп-жабырып, ооздон оозго өтүп отуруп аңызга айланып, коомчулукка абдан коркунучтуу, кооптуу адамдын образы түзүлдү да калды. «Ал жигит спортчу эмес эле, бандит тура!» деген уламыштар ар кайсы жерде айтылып жатты. Бул окуяны көбүртүп-жабырткысы келген айрым ММКларга табылбай эле калды. Алар спортчу жигиттин коомчулук тарабынан коркунучтуу кылмышкер катары кабылдануусуна өтө чо-оң көмөк көрсөтүштү. Чын эле ушундай беле? Чынында, Жанат Муратов деген ким өзү, кандай адам? Эгер коркунучтуу бандит болсо, эмнеге байма-бай тасмаларга, клиптерге тартылып жатат? Режиссёрлор эмнеге бул жигитке кызыгышат? Кеп учугу ушул жаатта болмокчу.

– Жанат, биринчиден, убактылуу эркиндикке чыгышың менен! Ушундай кырдаалда маектешип калуу кимге жаксын, ээ?
– Рахмат. Эми андай жерге түшкөн бүт адам кыйналат. Давление деген болот, ден соолук начарлайт, эң оболу, психикалык жактан адам оор жабыркайт, кысталат. Абак эс ала турган жай болбогондуктан, ар кандай оорулар козголот экен. Канчалык кыйналып, азап тартсак да, адам деген адам тура, башка түшкөн бардык мүшкүлгө чыдаган.

– Сен бошонгондо «Жанаттын эркек бир туугандарынын баары көк бөрүчүлөр, азыр үйгө барганда муну тепкилешет» деп жылмайды агаң, канча бир туугансың?
– Үй-бүлөдө 4 кыз, 8 эркекпиз. Мен он биринчисимин. Эжелеримдин төртөө тең мугалим, агаларым убагында спорт менен машыгышкан, азыр ар кимиси өз жумушу, тиричилиги менен алек.
Мен болсо жаман жолго түшпөсүн, спортту сүйүп, чың ден соолукта, накта кыргыздын жигиттери болсун деген ниетте кыргыздын жаш жигиттерин машыктырып жүрөм. Илгертеден биздин ата-бабалар кайраттуу, күчтүү, билеги жоон, баатыр болушкан. Ошолордун жолун улай бүгүнкү муундан, анын ичинде мен үйрөтүп жаткан балдардан келечекте чыгаан спортчу чыгып, кыргыздын атын алыска угузуп, намысын коргоп, желегин көккө көтөрө турганын каалайм жана ошого бар күчүмдү жумшагым келет.

– Кандай үй-бүлөдө чоңойдуң, кай жердин кулунусуң?
– Мен 1987-жылы 10-февралда Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган деген айылда төрөлгөм. Атам 76 жашта, апам 70ке чыкты. Экөө тең өмүрүн мектепке, балдарды тарбиялоого арнаган мугалимдер. Ден соолугуна байланыштуу азыр алар дарыланып шаарда. Мектепте окуп жүргөн кезде эле спортко болгон кызыгуум күч болчу. Айылда спорт жаатында жакшы шарт жок да, башка бир айылдагы спортзалга бир жарым сааттык жолдо чуркап барчубуз. Кийинчерээк күрөшкө кызыгуум арта баштады. Сабактардан айрыкча математикага абдан кызыкчумун жана жакшы окучумун. Сүрөттү жакшы тарткандыктан, сүрөт сабагы да мен үчүн өзгөчө болчу. Мектептер аралык КВНдерге катышчумун.

– Спорттун кайсы түрү менен машыгасың? Бул жаатка кантип келип калгансың?
– 8-класста окуп жүргөндө Талас шаарына ар кандай спорттук мелдештерге келчүбүз. Эркин күрөш менен машыкчумун. Ар кай жактан спортчулар келишет, күчтүү, аларды көрүп кызыгасың, мен да өссөм экен дейсиң. Айылда андай шарт жок да. 9-классты бүткөн соң борбор шаарга келип, спорт интернатына тапшырып, жогорку деңгээлде машыгып баштадым. Башында оор атлетика менен алектендим, андан кийин спорт интернатында эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп калдым. Ошол жерде окуп, эркин күрөш менен машыгып жүргөндө өлкө ичиндеги мелдештерге катышып, өзүм эңсеген ийгиликке, байгелүү орундарга жетишкен күндөр болду. Кийин досум, спортчу Эмил Надырбаев экөөбүз бодибилдингге өтүп кеттик. Бодибилдинг менен машыгып келатканыма 6-7 жыл болду.

– Сен тандаган бодибилдинг эмнени талап кылат, дененин, булчуңдун сулуулугунбу же күчтүүлүктүбү?
– Сулуулугу да, күчтүүлүгү да бар дечи. Бирок мага дененин булчуңдуулугунан да спорттун оор атлетика тармагы жагат. Спорттун бир жакшы тарбиясы бар, эр жигитте намыскөйлүктү курчутат.

– Клип, кинолордон көрүп жүрөбүз сени, тасма талаасына кандайча аралашып калдың?
– Бардык кичинекей балдардай эле балалык кезде кинодон көргөн актёрлорду кумир тутчумун. Алардай болуп кинодо роль жараткым келчү. Ал оюм эрте жашымдан спортту тандап, атайын «Манас» деген спортзал ачканымда ишке ашты окшойт. Ошол залга балдар келип машыгышат, мен машыктырган эки бала эки жолу ийгиликке жетти. Ушинтип балдарды тарбиялап жүргөндө Артур деген досум Азамат Арыковду биздин залга ээрчитип келди. «Кыргыздын киносун жараткыбыз келип жатат, кыргыз жигити катары жардам бергиле» деп айтты. Каршы болбой, «Аят-2» тасмасында машыктыруучунун ролун жараттым. Андан кийин «Кеңеш» тобунун клибине тартылып калдым. Былтыр режиссёр Мырза Айдаралиев тарткан «Карышкырдын мыйзамы» деген киного тартылдым, жакында бул кинонун бет ачары болот. «Жашоо бир келет» деген фильмде да башкы каармандардын биринин ролун ойноп жатам. Мен, негизи, жашоодогудай эле тасмада да жалаң оң каармандын ролундамын. Коңшу өлкөлөрдөн да киного тартылууга сунуш түшүп жатат.

– Досторуң сени «уялчаак, жумшак мүнөз» деп мүнөздөшөт, өзүңө кандай мүнөздөмө бересиң?
– Эч бир адамга жаман оюм жок. Жакшы сүйлөсө эле ишенип алмайым бар. Бирөө жакшы сүйлөп, жакшы мамиле жасаса, мен ага эки эсе жакшылык менен жооп кайтарам. Бирөөгө катуу сүйлөгөн кырс мүнөзүм деле жок, колумдан келишинче күлүп-жайнап эле мамиле курам.

– Адатта, спортчу дегенде эле «кримчөйрөгө аралашкан» деген түшүнүк жашайт биздин элде. Спортчуларга жабышкан бул түшүнүктү кантип жойсо болот?
– Спортчулар кимдер? Спортчулар – «мен кыргызмын» деген патриот жигиттер. Болгон жашоосун спортко арнап, күнү-түнү спортзалдан чыкпай, «элим үчүн каны-жанымды, жүрөгүмдү арнайм» деген жигиттер. Адам колумдан эч нерсе келбейт десе отура берет. «Жок, андай болбош керек, кыргыздын намысын коргоп мекенибиздин туусун желбиретем» деп максат коюп, ал максатына жетип жаткан спортчулар бар, менин досторумдун эле арасында. Мындай таза чөйрөдө жүрүп, жаштарды жаман жолго азгырылбаганга үндөгөн адамдарды бандит же башка деген туура болобу? Албетте, туура эмес. Спортчуларга бул түшүнүктү таптакыр жолотпош керек. Алар бандит эмес, анык патриоттор.

– Алдыда айымдардын майрамы келип калды, аялзатына аяр мамиледен сырткары кандай каалоолоруң бар?
– Асылзат айымдарды, апаларды, эже-карындаштарды майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап кетейин. Айымдарга Ала-Тоодой бакыт, кажыбас кайрат каалайм. Алакандай кыргыз эли аз элебиз, Ала-Тоону мекендеген адамдар бири-бирибизге кечиримдүү бололу демекчимин.

Азамат Арыков, актёр, режиссёр:«ЖАНАТ КАМАЛГАНДА АЯБАЙ ТЫНЧСЫЗДАНДЫМ»
– «Аят-2» тасмасын тартарда спортчуларды издеп, Артур деген бала аркылуу Жанат менен таанышып калгам. Биринчи эле көргөндө анын сөздөрүн угуп, чыныгы кыргыз деп күйгөн патриот мырза экенин билгем. Кинодо роль гана жаратып тим болбостон, ар тараптан жардам берип колдоп жүрдү мени. Мен Жанатты жаман жолдон көрбөгөм, жаш балдарды машыктырып, спортту сүйүүгө чакырып, спортзалдан гана көрүп жүрөм. Сот башталгандан бери келип, адилеттүүлүк күтүп жүрдүм, эч жакка кетпөө чечими менен үй камагына чыккан соң бир аз эс алгандай болдум. Жанат бирөөгө жамандык кылбаган күйүмдүү жигит, таланттуу актёр, мыкты спортчу.

Мүзүр Мамбетов, «Кеңеш» тобунун ырчысы:«СПОРТЧУНУН АДАМГЕРЧИЛИГИНЕ БАА БЕРЕМ»
– Жанат абдан жөнөкөй жигит. Баарынан да адамгерчилигине баа берем, биз клип тартып жатканда машыктыруучу залын ижарага акысыз берип турган. Биздин «Ак жамгыр» деген ырыбыздын клибинде тартылган. Анын камалганын шок абалда кабыл алдым, ошондой кылганына ишенген жокмун. Анткени Жанат андай жигит эмес болчу. Жакында бир киного чогуу тартылсакпы деген максаттарыбыз бар.

Добр, ырчы:«КУДАЙ ДЕГЕН АДАМ АНДАЙГА БАРБАЙТ»
– Жанат Муратов менен «Аят-2» тасмасында чогуу иштешип, жакындан таанышып калгам. Ошондон бери ага-ини катары жакшы катышабыз. Ал бирөөгө кордук көрсөтө турган бала эмес. Мен буга 100 пайыз кепилдик берем. Ал Кудай деп жүргөн адам.

Мырза Айдаралиев, режиссёр, клипмейкер: «ЖАНАТТЫ ИЧИНДЕ КИРИ ЖОК АДАМ КАТАРЫ БИЛЕМ»
– Жанат Муратов менен иштешип жүргөнүмө көп болду. Аны актёр, спортчу, машыктыруучу катары жакшы тааныйм. Ушул убакка чейин анын кылмыштуулукка барганын көргөн да, уккан да эмесмин. Адамдык мүнөзүн айта турган болсом, адамгерчиликти биринчи орунга койгон, абдан шайыр, ичинде кири жок, намыскөй жигит. Адамды кылмышкер кылып коюу, эки кишинин башы бириккен жерде бирөөнү заматта жаманатты кылуу оңой. Бирок буга кандайдыр бир конкреттүү фактылар, негиздер болуш керек.

Эмил Надырбаев, спортчу: «ОБРАЗГА КИРИП ОРОЙ БОЛУП КОЙСО КЕРЕК»
– Жанат менен 7-8 жылдан бери чогуу машыгып, катташып жүрөбүз. Ал патриот, ак көңүл бала. «Минтти-тигинтти» деп айтып жатышпайбы. Мен Жанаттын кандай адам экенин абдан жакшы билем. Ал жашоодо аябай уялчаак. Ушунча убакыт бирге жүрүп, жаман жактарын көрө алган жокмун. Болгону, ал уюштуруучулар чакырганда актёр катары барып, образга кирип аткарып берип койсо керек, анча-мынча орой болуп дегендей...

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Спортчуларды бандит деген туура эмес" дейт Жанат Муратов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aske
2013-03-06 20:57:27
эркек
0
aibek-89
2013-03-21 22:44:51
анык патриот. ийгилик каалайм сизге.
0
kanijanym
2014-01-16 15:15:08
uvajayu, sportsmen
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан