КӨКТӨМДҮ БААРЫ КҮТҮҮДӨ. МИТИНГЧИ ДА, ДЫЙКАН ДА...

«КУМТӨР» БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
«Кумтөр» боюнча көп сөз айтылып, талкуулар болуп келген. Бүтүндөй кыргыз эли алданганын, болгондо да өздөн чыккан жаттардан улам алдатканын билет. Ошентип, элдин ырыскысын өз кызыкчылыгына пайдаланган аткаминерлердин темир торго түшөр күнү да жакындоодо. 27-февралда Баш прокуратура «Кумтөр» ЖАКсынын ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчётун карап чыгып, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Алар: паракорчулук, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашырууда өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү беренелери болуп саналат. 1992-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасы менен «Камеко» корпорациясынын ортосундагы макулдашууларга тиешеси барлардын баары бир сыйра тергөө элегинен өтөт.
Азырынча мамкомиссия тарабынан Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Турсунбек Чыңгышев, Дастан Сарыгулов, Борис Силаев, Николай Танаев, Игорь Чудинов, Данияр Үсөнов, Максим Бакиев жана башкалардын ысымдары айтылууда.
Ал эми парламент өткөн аптада өкмөткө «Кумтөр» кени боюнча жаңы макулдашуу түзүүнү сунуштап, Баш прокуратура менен УКМКга 2013-жылдын 1-июнуна чейин «Кумтөр» боюнча документтерге кол койгондорго укуктук баа берген маалыматты ЖКга алып келүүсүн тапшырды.

САНЖАР КАДЫРАЛИЕВДИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ӨКҮМ ЧЫКТЫ, БИРОК ЧЕКИТ КОЮЛБАДЫ
Соңку төрт жыл­­дан бери созулуп келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин киши колдуу өлүмү боюнча сот аягына чыкты. Бирок соттук процесс жакын арада кайрадан уланышы ыктымал.
22-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратты. Аткаруучуга карата жаза белгиленгени менен, сотто иштин уюштуруучусу катары өтүп жаткан дагы бир айыпталуучу Мурасбек Маташев эркиндикке чыкты. Сот анын жасаган ишинен жетишерлик деңгээлде кылмыш курамын тапкан эмес.
Дал ушул экинчи айыпталуучуга карата чыгарылган чечимден улам жабырлануучу тарап сотко доо арыз менен кайрылууга даярданып жатышканын уктук.
Бул иштин жүрүшүндө маркумдун карындашы, ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиевага бир топ коркутуп-үркүтүүлөр болуп, атүгүл өкүм чыгарылгандан кийин эл өкүлү убактылуу чет жакка кетүүгө аргасыз болгону айтылууда. Эмки сандарыбызда Ыргал айымдын өзүнө кайрылып, маселенин чоо-жайын кенен баяндап беребиз.

АТАХАНОВДУ БАТЫРЫШПАДЫ
Шамиль Ата­ханов өткөн аптада башка кызматка которулуп жаткандыгына байланыштуу деген «кооз» түшүндүрмө менен ИИМдин башчылыгынан ыргыды. Бул кызматка келгенден бери милиция кызматкерлеринин арасында ыйкы-тыйкы бүтпөй койгон. Мейли, президенттин кадры болобу, мейли, профессионалдуубу же андай эмеспи, биротоло орноп калган системди өзгөртүп, реформаны жүзөгө ашыруу үчүн бир жетекчини алып келүү аздык кылары ушул окуядан айкын болуп калды. Эгерде Шамиль мырза ИИМге өз командасы менен келгенде, балким, Калыбек Сатыбалдиевге окшогондор оңой менен каршы чыга албайт беле?
Атахановдун ордуна буга чейин бул системде иштеп келген, курагы 60 жаштан ооп калган Абдулда Суранчиев келди. Шамиль Атаханов ушул эле чөйрөдө ишин уланта турган болуп турат. Парламенттин колдоосу менен коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьерлик кызмат жаралды. Шамиль Атаханов ошол кызматка көрсөтүлүп жатат.
Кадрдык алмашуу ушуну менен токтогон жок. Министр Ибрагим Жунусов да кызматынан кол жууду. Маданият жана туризм министри болуп турган Ибрагим мырза башкарган министрликке жаңы өкмөттүк курамдын долбоору боюнча маалыматтык саясат да кошулмак. Демек, бул жаңы киргизилген тармак боюнча Ибрагим Жунусов татыктуу болбой калган сыяктуу. Маданият башчысы бекитилгенге чейин Кожогелди Кулуев убактылуу министрликти жетектеп турмай болду.
Тагдыры «асылып» турган үчүнчү аткаминер бул – Алиясбек Алымкулов. Ал жетектеген министрликтин курамы да өзгөрүүгө дуушар болгон. Буга чейин Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу деп аталып келсе, эми ага миграция да кошулган. Азырынча Алиясбек мырза министрдин милдетин аткаруучу кызматында, өкмөттө калабы же жокпу, белгисиз.

ПРЕЗИДЕНТ ЖАЗДЫ ЯПОНДОР МЕНЕН ТОСОТ
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 26-февраль күнү Японияга сапар тартты. Күн чыгыш өлкөсүнүн императору, өкмөт башчысы, спикери жана башка аткаминерлердин жоон тобу менен жолугушуу өткөрдү. Эки ай мурун президент Европанын эң бай өлкөлөрүнүн бири Германияга барып келсе, эми минтип улуу экономикалык державага айланган мамлекетке өз сапары менен барып отурат.
Алмазбек Атамбаевдин бирден-бир максаты, албетте, Кыргызстанга инвесторлорду тартуу, эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдөөнүн алкагында ар кандай келишимдерди сунуштоо болуп саналат.
Бул аралыкта өлкөнүн туш тарабында көктөмгө карата даярдык жүрүүдө. Дыйкандар жер айдоо үчүн кардын кетишин, жайлоого чыкчу малчылар көк чөптүн чыгышын, калктын дагы бир катмары митингдер сезонун күтүп отурушат. Атүгүл «үчүнчү төңкөрүш болот экен» деген кепти активдүү жайылта башташты. Ошондуктан Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров же дагы бирөө кышкы уйкудан ойгонуп, баш көтөрүп чыкса, эч таң калбай эле койсок болчудай...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Knt
2013-03-04 14:27:17
haa,moroderlordu kuttuktaibyz jazdyn keliwi menen!
+2
ANTIKALP
2013-03-04 23:13:56
Убагында жаз келишин умутсуздук менен кимдер кутушкон?Ошолор азыр бийликте.Бекназаровдар учунда узулбогон умут да эртен ушулдар бийликти бийлеп журбосун.
+1
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан