Былтыр өлкөбүздө 8678 ҮЙ-БҮЛӨ ажырашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Кыргызстандагы жеңил унаалардын 74 ПАЙЫЗЫ КМШ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерде чыгарылган.
Ош шаардык мэриясы март айында 2500 БАК-ДАРАК көчөтүн отургузууну пландаштырууда.
«Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарынын 90 ПАЙЫЗЫ ЭРКЕКТЕР жана алар өнөр жай ишканаларында иштешет»,- деп Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев билдирди.
Соңку 22 жылдан бери 200 МИҢГЕ ЖАКЫН мигрант Орусия жарандыгын алган, учурда аталган өлкөдө 1,5 МИЛЛИОН кыргыз мигранттары эмгектенет.
Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бөлүм жетекчиси Алымкан Сатарованын айтымында, аталган окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 ПАЙЫЗЫ иш менен камсыз болушат.
Өлкөдө алкоголь ичимдиктерин өндүргөн 42 ИШКАНА бар экендигин Мамлекеттик салык кызматы айтты.
2013-жылга карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 54 МИҢ 295ТИ түздү. Мындай маалыматты КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов билдирди.
2011-жылга салыштырмалуу былтыр кылмыштуулук аялдар арасында республика боюнча 115 окуядан 145КЕ өскөн.
Өлкөдө 61 007 ЖАРАН жумушсуз деп катталгандыгын Улуттук статистика комитети маалымдайт.
«Жер үй» алтын кенинин социалдык пакети 50 МИЛЛИОН долларды түзөт»,- деп тиешелүү агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуев кабарлады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
PROS
2013-03-04 10:29:41
Жумушсуздардын саны беш эсе коп го дейм.
+1
future_kg
2013-03-04 11:03:13
Кесиптик окуу жайларды бутургондордун 80% иштейт имиш! каяктагы калпты ышкыртат ыя! мен кесиптиу окуу жайда бир жыл мугалим болуп иштедим, сертификатын алат анан россряга кетет 99% пайызы
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.