«Кыргызстан жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңиш Молдокматов жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белгилерди жана күбөлүктөрдү тапшыруудагы мыйзам бузуу фактыларына Башкы прокуратура көңүл бурбай жатканын билдирди.
Шайлоого чейин БШКга төш белгилер жана мандат үчүн мамлекеттен 5,4 миллион сом бөлүнгөндүгүн кошумчалап өттү. Молдокматовдун айтымында, БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 7545 депутаттан 650 сомдон 4,9 миллион сом мыйзамсыз чогултуп, ага бир кичи автобус жана кызматтык унаа сатып алган.
Абдраимов мыйзамсыз сатылып алынган автоунаа тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, кызматтык кичи автобус жана Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү автоунааны БШК өзүнүн бюджетинин акчасына сатып алган. «Биз дагы автоунаа сатып алабыз. Биздин автопарк 12 жылдан бери жаңылана элек. Бардык материалдарды прокуратура кызматкерлерине бердик. Мыйзамда «төш белгилерди жана күбөлүктөрдү эл өкүлдөрү бекер алышы керек» деп жазылган эмес. Эгерде аларды бекер бергенимде, мени Эсептөө палатасы күнөөлөп чыкмак»,- деди Абдраимов.