Бишкектин Свердлов райондук сотунда экс-муфтий Чубак ажы Жалилов боюнча сот иши башталды. Жалиловго «милдеттүү камсыздандыруу милдеттемесин аткарбаган жана салык төлөгөн эмес» деген айып тагылууда.
Эскерте кетсек, 2012-жылдын 31-октябрында УКМК «Чубак ажы Жалилов мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирген» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Сотко анын 200дөн ашуун тарапташтары келип, адилеттүү чечим чыгарылсын деген талап менен кайрылуу жасашты. Сот отурумунан чыккан экс-муфтий колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирди.
Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Анын жактоочусу Акин Токталиев төрагалык кылып жаткан сотко кылмыш курамы жетишсиз болгондуктан, ишти кыскартуу өтүнүчү менен кайрылган. «Кылмыш иши козголгон учурда Чубак ажы Жалиловдун бир катар укугу бузулган. Ишти алып барган сот талапты ишке тиркеп, аны жоопсуз калтырды. Буга байланыштуу мен Чыңгыз Адамкуловдун бул ишке жетекчилик кылышын четке каккан талап койдум»,- дейт жактоочу.