«Кыргызстандын өзүндө ДНК-экспертизасын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, ага кетчү чыгым 3-4 миң сомдун тегерегинде болмокчу». Мындай пикирин «Биочип Технологиялары» АККсынын башкы директору Садырбек Дубанаев билдирди.
ДНК-экспертизасы 99 пайыздык шайкештикти таба алат. Дүйнөдө жасалган кылмыштын 80 пайызы ушул ыкма менен ачылат. «Орусиянын 10 ири шаарында ДНК-экспертизасын өткөрүүчү лабораториялар ачылган. Жыл сайын көп адамдар дайынсыз жоголот жана жансыз сөөктөр табылат. Экспертизаны колдонсок, булардын баары такталмак жана чоң мүмкүнчүлүктөр ачылмак»,- дейт Садырбек Дубанаев.
Анын айтымында, ДНК-экспертизасын жүргүзүүчү адистерди япониялык профессионалдар даярдап беришмек.