Кыргызстандын прокуратура органдарында документ иштерин электрондук түрдө жүгүртүүнү жайылтуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө үчүн Түркиядан эксперттер тобу келди. Эске сала кетсек, Кыргызстандын прокуратура органдарына электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү тууралуу Түркия менен макулдашууга башкы прокурор Аида Салянованын аталган өлкөгө 2012-жылдын декабрь айында болгон сапары учурунда кол коюлган.
Прокуратурага бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык-коммуникациялык тутумдун киргизилиши маалыматтын ыкчамдыгын жогорулатып, жарандардын кайрылуусу боюнча өз убагында жана сапаттуу көзөмөл кылууну күчөтөт. Ага катар көзөмөлдөөчү органдын ишинин сапаттуулугу артат.